Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Aramco компаниясынын кеңсесине сокку урулуп, өрт бат эле өчүрүлгөнү кабарланды. Бирок Сауд Арабия менен йемендик хусилер кыймылынын ортосундагы чыңалуунун күчөшү, чабуулдардын көбөйгөнү жаңжалдын кеңейип кетүү коркунучуна жем таштады.
Президент Садыр Жапаров эки аял алгандарды жазага тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Баткенде эл менен жолуккан учурда айтты. Кыргызстанда кош никеге турууга мыйзамдар жол бербейт.
Азербайжанда 12-октябрдан бери бир катар кардарлар Instagram жана TikTok социалдык тармактарын колдонуу кыйындаганын айтып жатышат. Айрымдары видео жүктөй албаса, башкалары баракча жаңыланбай жатканына даттанууда. Meta жана ByteDance маселе эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат бере элек.
Президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда 15ке жакын бажы жана чек ара кызматкери кармалганын билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кызматкерлерге 15 күндөй жашыруун камера аркылуу байкоо жүргүзгөндөн кийин кармаган.
Абакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул жолу анын апасы Саипжамал Абдукаимова президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Чет өлкөдө бийликти социалдык тармактар аркылуу сындап келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алып келинди. ИИМ аны жапырт башаламандыкка айыптап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кенжебаев кайсы өлкөдөн кармалганы жөнүндө маалымат берилген жок.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бейтааныш кишилер үйүнүн босогосуна келип, эшигин жашыруун сүрөткө тартып кеткенине байланыштуу милицияга арыз жазды. Ал адамдар атайын кызматтан экенин өз алдынча тактаган. Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды.
Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддын аэропортуна сокку урулган учурда Кыргызстандын айрым жарандары да ал шаарда болгон. Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү эки жолу сокку урулуп, жалпы 10дон ашуун киши каза тапты, 320дан ашууну жараат алды.
Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү эки жолу сокку урулуп, жалпы 10дон ашуун киши каза тапты, 320дан ашууну жараат алды.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып, эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. 10-октябрда Тогуз-Булак айылында жер көчкү жылган. Көчкү саатына болжол менен 1,1 метрге жылганын расмий органдар билдирди.
УКМКны Камчыбек Ташиев жетектеп турган кезде жооптуу кызматтарды аркалап, кийин аны менен катар иштен алынган Каныбек Досмамбетов жана Курванбек Авазов кармалды. Ташиевден кийинки кадрдык алмашууда жүздөй кызматкер жумуштан алынган, алардын айрымдары камалган.
Дагы жүктөңүз