Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин украин лидери Владимир Зеленскийди “легитимсиз” деп атап, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. Зеленский өз кезегинде Путинди “күчтүү жетекчилерден, сүйлөшүүлөрдөн коркуп жатат” деп айыптады.
Дрондор Орусиядагы энергетикалык жайларды бутага алды
Украин дрондору Орусиянын Нижегород облусундагы мунай иштетүүчү заводуна сокку урушту. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги билдирип, завод "Орусиянын оккупациялык армиясына колдоо көрсөтүп келгенин" кошумчалады.
Жапырт чабуулдун алкагында энергетикалык инфратүзүмдөр, анын ичинде атомдук электрстанция дагы бутага алынган.
Министрлик 29-январда тараткан билдирүүсүндө "Орусиянын Украинага каршы куралдуу агрессиясына аралашкан стратегиялык жайларга сокку уруу улантылары" белгиленген.
Телеграм-каналдар жергиликтүү тургундарга таянып, Нижегород облусундагы мунай иштетүүчү заводдо өрт тутанганын жазышкан. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Нижний Новгород шаарынан анча алыс эмес жайгашкан "Сибур-Кстово" мунай иштетүүчү заводун өрт чалганын ырастады.
Облус губернатору Глеб Никитиндин маалыматына караганда, өрт атып түшүрүлгөн дрон сыныктарынан улам тутанган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жалпысынан 104 дрондун мизи кайтарылганын маалымдады. Смоленск, Тверь, Курск, Ленинград жана Брянск облустары шаршембиге караган түнү учкучсуз аппараттардын чабуулуна дуушар болгон.
Соңку айларда эки тарап тең дрондорду колдонуу менен бири-биринин энергетикалык жайларын бутага алууну күчөттү.
Орусиянын армиясы андан тышкары ракета, артиллерия жана бомбанын ар кандай түрү менен карапайым тургундар жашаган аймактарга да чабуул коюп жатат. Бир катар далилдерге карабастан, Кремль ушул күнгө чейин жөнөкөй тургундар жашаган жайларга сокку урганын четке кагып келет.
29-январга караган түнү ракеталык чабуулдардын биринде Украинанын Николаев облусунда эки аялдын өмүрү кыйылганын аймактын губернатору Виталий Ким билдирди.
Владимир Путин Зеленскийден коркобу?
Орусиянын президенти Владимир Путин үч жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча украин лидери Владимир Зеленский менен түз сүйлөшүүлөргө барбастыгын билдирди. 28-сентябрда Самарага баратып "Россия-1" телеканалынын журналистине курган маегинде Путин Зеленскийди "легитимсиз" деп атады.
"Сүйлөшүүлөрдү ким менен болбосун жүргүзсө болот. Бирок ал легитимсиз болгону үчүн эч нерсеге кол кое албайт. Эгер ал сүйлөшүүгө катышкысы келсе, мен бул үчүн атайын адамдарды жиберем", - деди Орусиянын президенти.
Украин президенти ага Твиттер аркылуу дароо жооп кайтарып, Путин сүйлөшүүлөргө баруудан коркуп жатканын жазды.
“Бүгүн Путин кезектеги жолу сүйлөшүүлөрдөн коркорун, күчтүү лидерлерден коркорун дагы бир жолу ырастап, бул согушту создуктуруу үчүн колунан келгенинин баарын жасап жатат”, - деди ал.
Путин буга чейин бир нече жолу Владимир Зеленскийдин бийликте турганы "мыйзамсыз" деп атап келген. Анткени Зеленскийдин бийликтеги беш жылдык мөөнөтү былтыр 20-майда аяктамак.
Шайлоо 2024-жылдын мартында өтмөк. Бирок Орусия Украинага кол салганына байланыштуу өлкөдө аскердик абал күчүндө болгондуктан жылган.
Буга чейин курган маектеринин биринде Зеленский согуштун айынан жылган шайлоо тууралуу суроого жооп берип жатып, азырынча экинчи мөөнөткө барар-барбасын билбей турганын, бирок президенттик жана парламенттик шайлоо аскердик абал алынгандан кийин гана өтөрүн айткан.
Эгер согуш аяктаса, 2025-жылы да шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.
Зеленский согушту токтотуу үчүн Кошмо Штаттар Москвага басым жасайт деп үмүттөнүп турат. Ар кандай кабарларга караганда, АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришери менен куралдуу жаңжалды жайгаруу боюнча көшөгө артында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Трамп инаугурациядан кийин Москва сүйлөшүүлөргө барбаса, Орусиядан чыгарылган бардык товарларга салык салып, санкция киргизерин эскерткен.
Зеленский FoxNews телеканалына курган маегинде Путин Орусияга карата Американын катаал саясатынан коркорун айтты.
"Президент Трамптын риторикасы жөн эле катаал эмес, адилеттүү жана так болду. Бул Путин корко турган нерсе. Ага Украинаны колдогон күчтүү Трамптын кереги жок", - деди украин президенти.
Шерине