Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында Эламан Мазырбаев деген жаран өзүнө өрт коюп, ооруканага жаткырылды.
20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришти. 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коюп, Байдендин администрациясынын 78 чечимин жокко чыгарды. Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялады.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. “Чемпион” деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган.
Бишкек тургундары жылуулукка келген эсепке ишене албай турат. Кээ бирөөлөргө 15-20 миң сомго чейин дүмүрчөктөр келе баштады. 2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады.
Газадагы ок атышууну токтотууну жана туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу 19-январда үч сааттык кечигүүдөн кийин күчүнө кирди. Анын шарттарына ылайык, АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу үч израилдик туткунду барымтадан бошотту.
Жекшемби, 19-январда Ошто “Сапат” билим берүү мекемесинин алдына онго чукул ата-эне чогулду.
Стамбулда соңку беш күндөн бери жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 38ге жетти. Алардын көбү өзбекстандык жана түркмөнстандык мигранттар. 30 киши оор абалда ооруканада жатат. Түрк бийлиги колдо арак жасап саткандарга тыкыр текшерүү жүрүп жатканын жарыялады.
Абхаз жазуучусу Фазил Искандердин чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган, анда тоолуктардын кооздолбогон, жасалмасы жок нукура турмушу сүрөттөлөт.
Өкмөт 2022-жылга чейин төлөнбөй калган салыктык карыздарды кечмей болду. Ага кошумча унаа салыгын төлөй электер да бул төлөмдөн бошотулат. Жалпысынан мамлекет 11 млрд сом карызды кечүүгө даяр экенин билдирди.
Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук соту 2022-жылдын январь окуялары маалында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарына "кыйноо көрсөткөн" деп айыпталган алты полиция кызматкерин күнөлүү деп таап, үч жылдан эркинен ажыратты.
Дагы жүктөңүз