Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

"Кызартта 9 миң гектар жерди коруп, түрдүү чөптүн уругун септик". Экоактивисттердин эмгеги


Чолпон айыл аймагына караштуу жайлоо
Чолпон айыл аймагына караштуу жайлоо

“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын  мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтириптир.

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Тунук Токтомушев менен ошол жерден анча алыс эмес кыштоого бардык.

9 миңдей киши жашаган айылда 25 миңге жакын кой-эчки, 8 миндей уй жана 4 миң баштан ашык жылкы бар деп катталган экен.

Биз барган учурда кыштоодо бирин-серин гана мал-жандык көзгө урунду. Айылдагы активисттер ички жайытты эс алдырабыз деп элдин малын алыскы кыштоолорго айдатышканын айтышты.

Тунук Токтомушев
Тунук Токтомушев

“Айылда мал туягы көбөйгөндүктөн жайыттарга чөп чыкпай, топурагы сапырылып калган. Ошондан улам күзүндө мал тоого токтобой, эгин чабыла электе жакага эрте түшүп келчү. Жазында “көтөрүм” деген оору менен көп малыбыз кырылып калчу. Бул жагдайды кантип оңдойбуз деп, айыл өкмөт, айылдык кеңештин депутаттары болуп эл менен жолугушуу өткөрдүк. Ошентип, малды алыскы жайыттарга чыгарууну макулдаштык”, - деди Токтомушев.

Чолпон айылындагы экоактивисттер өрөөндүн микроклиматын сактоо, такырайган жайытты калыбына келтирүү үчүн 20 жылдай мээнет кылышканын айтып беришти. Алар кунары кеткен 9 миң гектардай ички жайытты мал жандыкка тепсетпей коруп, түрдүү чөптүн уругун сээп жүрүп, берекелүү жерге айлантып алышкан.

Экоактивисттер окумуштуулар менен жайытты калыбына келтирүү иштерин талкуулоодо
Экоактивисттер окумуштуулар менен жайытты калыбына келтирүү иштерин талкуулоодо

Демилге көтөргөн экоактивисттер айылдын тургундары Тунук Токтомушев менен Урмат Өмүрбеков. Өмүрбеков кесиби боюнча айыл чарба адиси. Ал Чолпон айыл өкмөтүндө он жылдан ашык мезгилден бери жайыт комитетин жетектеп келет. Кызматына байланыштуу ал жайыттарды кыдырып жүрүп, микроклиматтын өзгөрүп баратканын байкаган. Ал илимий кызматкерлердин кеп-кеңеши менен жайыт сактоо аракети алгачкы жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Урмат Өмүрбеков
Урмат Өмүрбеков

“Жайытка көргөзмө катары эки тилке уюштурдук. Биринчисин кар жаткан аймакка, экинчисин кар жаабаган тилкеге. Ал жерге биздин климаттык шартка ылайык келген чөптүк уруктарын септик. Илим-изилдөө институтунун мал чарба жана жайыт адистери менен жайыттын топурагын, суусун изилдөөдөн өткөрдүк”, - деди Урмат Өмүрбеков.

Аталган айыл аймакта 50 миң гектарга жакын жайыт бар. Жергиликтүүлөр жайыттын дээрлик тең жарымы такырайып кеткен дешет. Кыргызстандын башка айылдары сыяктуу эле чолпондуктардын негизги киреше булагы мал чарбасына байлангандыктан, жайыттар жыл бою пайдаланылат. Анын үстүнө Кочкорго кар да көп турбайт.

Токтомушев жыл сайын малдын туягы көбөйүп, жайыттардын аянты тарып баратканын белгилейт.

Соң-Көлдүн жээги
Соң-Көлдүн жээги

“Чолпон айыл аймагына тийиштүү Кызарт деген жайлообуз бар. Ошол жердеги 7,5 миң гектар жерде атайын эксперимент кылдык. Ал деградацияга учураган жайыт болчу. Ошол жерди коруп, түрдүү чөптүк уругун септик. Беш жыл мурда ушул ишти жасаганбыз. Окумуштуулар кеминде төрт жылда ал жер калыбына келет деп айткан. Быйыл жазында анын жыйынтыгын көрдүк. Анткени жазында мал көтөрүм болуп, көк чөп жаңы чыкканда мал оттоп, дароо өлүп калчу экен. Аны биз билчү эмеспиз. Көрсө, эски чөп менен көк чөптү аралаштырып жегенде мал көтөрүм болбойт экен. Быйыл мал өлгөн жок деп айтсак болот”, - деди ал.

Тунук Токтомушев жайыт үчүн мал башынан алынган салык да жайыттарды калыбына келтирүүгө салымын кошту дейт. Анын айтымында, салыктын көлөмү майда жандыктын башына 15, кара малга 75 сомду түзөт. Ал эми топоздуку өзүнчө эсептелип, ар бирине 150 сомдон алынат.

“Башында эл жайытка акча бергиси келген эмес. Бирок биздин иштин жыйынтыгын көргөндө, колдой башташты. Анткени жайыттардын 70% жайытты туура эмес колдонуудан, малдын санынын көбөйүшүнөн деградацияга дуушар болгон. Жайыт салыгын чогултуп, кайра эле өзүнө жумшадык. Азыр 3 жылга айылдык кеңештин чечими менен салттуу билим менен тажрыйбанын негизинде 9570 гектар жайытты жайында эс алдырууну чечтик. Бул жылы бардык жайыт колдонуучулар өз малын алыскы жайыттарга жайышат”.

Соң-Көл жайлоосу
Соң-Көл жайлоосу

Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 миллион гектар. Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы жайыттардын 35% ашыгы деградацияга учурап, 80% түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен.

Айдоо аянттарын майнапсыз пайдалануу жер кыртышынын кунарын кетирди. Айыл чарбасына жарактуу кыртыштын 88% эрозиядан, шордон улам мурдагыдай мол түшүм бербей калды.

Өлкөдө 1,2 миллиондой киши жер кыртышы бузулган аймактарда жашагандыктан, бул тамак-аш тартыштыгына жана жакырчылыктын жайылышына жеткирерин адистер эскертишет.

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун жайыттар жана тоюттар бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязова буларга токтолду:

Наталья Килязова
Наталья Килязова

“Жайыттардын деградациясы экономикалык жана социалдык чоң көйгөй болуп саналат. Анткени Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашап, негизинен жайыт пайдалануу менен күн өткөрөт. Малдын санынын кескин өсүшү жайыттарга кошумча антропогендик басым жасоодо, жайыттар тебеленип, начарлап жатат. Малдын ашыкча жүгү жана жайыттарды системасыз пайдалануу алардын чарбалык абалынын кескин начарлашына алып келди”.

Министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекиткенин былтыр август айында кабарлаган. Маалыматка ылайык, жакырланган жайыттарды жакшыртуу үчүн кабыл алынган программа климаттын өзгөрүү шартында жайыттарды сактоо, аларды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

Өкмөт ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткенин билдирди. Анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы да бар.

Соң-Көл жайлоосу
Соң-Көл жайлоосу

Тиешелүү министрликтер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат. Ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматты президенттин администрациясына жөнөтүшү керек.

Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров буларды айтты:

“Мал туягы көп деп айтып жатканыбыз менен, эт, сүт менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоодо көрсөткүчүбүз ылдый болуп жатат. Андан сырткары жылдан-жылга климат өзгөрүүдө. Айрыкча жайыттарыбыз деградация болуп жатат. Азыр жайыт реформасы жүрүп жатканынын бирден-бир максаты да ушул. Былтыр такырайган 10 миң гектар жайытка чөптүн уругун септик. Быйыл 30 миң гектарга себели деп пландап жатабыз”.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миллиондой баш бодо мал, 6 миллиондон ашуун кой-эчки жана жарым миллиондун тегерегинде жылкы каттоого алынган. Төрт түлүк баккандар негизинен Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында басымдуу.

Шерине

XS
SM
MD
LG