Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Орусияда кыргызстандыктар азайды, мекенине которгон акчасы көбөйдү


Орусияда курулушта иштеген мигранттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусияда курулушта иштеген мигранттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандыктардын саны бир жылдын ичинде эле 650 миңден 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйдү. Себеби эмнеде? Мигранттардын кирешеси көбөйдүбү?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияда 650 миң кыргыз жараны жашап, иштеп жаткан. Ал жылы Кыргызстанга 2 млрд 531 млн доллар которулган.

2024-жылы Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дээрлик эки эсе кыскарып, 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок январь-ноябрь айларында 2 млрд 565 млн доллар келип түшкөн. Буга декабрдын статистикасы менен дагы 200 млн доллардай кошулушу керек.

Бул Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы. Ал физикалык жактардын, башкача айтканда, жарандардын гана которууларын камтыйт. Ишкерлик жүргүзгөн компаниялардын транзакциялары бул статистикага кирбейт.

Орусиядан Кыргызстанга акча которуу үчүн колдонулган эң популярдуу системалар – “Золотая Корона” жана “Юнистрим”.

Акыркы жылдары банктардын тиркемелери жана мобилдик капчыктар да барган сайын көбүрөөк колдонулуп жатат.

“Мигранттар орусиялыктардан да көбүрөөк таба баштады”

Орусиядан которулган сумманын өсүшүнө бир нече себеп бар. Бирок негизги фактор катары кыргызстандыктардын кирешеси көбөйгөнүн белгилесе болорун миграцияга сереп салган адистер белгилешет.

Акыркы жылдары Орусиянын эмгек рыногунда оор абал жаралды. Москва Украинага кол салгандан кийин мобилизациядан жана репрессиядан качып, өлкөдөн жүз миңдеген жаран чыгып кеткен. Алардын көпчүлүгү эмгекке жарамдуу курактагылар.

The Bell басылмасы изилдөө жүргүзүп, 2024-жылдын июль айына карата 650 миңден ашуун орус жараны мекенине кайтып бара электигин жазган.

Буга кошумча орус бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдатып, бул эмгек мигранттарынын кескин азайышына алып келди. Росстаттын маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияга 560 миң гана адам иштегени кирип, бир жылда 23% азайган. Бул акыркы он жылдагы эң төмөн көрсөткүч.

Муну менен катар 2023-жылы Орусиядан 44 миң, 2024-жылы 80 миң мигрант депортацияланган.

2024-жылы Орусиядан "миграциялык эреже бузду" деп 80 миңден ашуун келгин, анын 23 миңи Москва аймагынан депортацияланган. Сүрөттө мигранттарды текшерүү рейди. Новосибирск. 2024-жылдын 15-октябры.
2024-жылы Орусиядан "миграциялык эреже бузду" деп 80 миңден ашуун келгин, анын 23 миңи Москва аймагынан депортацияланган. Сүрөттө мигранттарды текшерүү рейди. Новосибирск. 2024-жылдын 15-октябры.

Эл аралык миграция уюму акыркы үч жылда мекенине кайтып жаткан кыргызстандыктар көбөйгөнүн тастыктайт.

“Биздин изилдөөбүзгө ылайык, 2022-жылдан тарта Кыргызстанга кайтып жаткан мигранттардын саны туруктуу өсүп жатат. 2022-жылы 29 миң, 2023-жылы 33 миң, ал эми 2024-жылдын октябрына карата 48 миң кыргызстандык мекенине кайтып келген”, - деди “Азаттыка” курган маегинде Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева.

Жумушчу күчтүн азайышы менен бирге Орусияда инфляция күч алды. Бул эки фактор айлык маяна өлчөмүнүн кескин өсүшүнө алып келди. Мигранттардын маянасы бир жылда эле эке эсе көбөйгөн.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, чет элдик мигранттар орус жарандарынан да көбүрөөк айлык ала башташты. “Мигрант Сервис” платформасынын эсебинде, 2024-жылы мигранттардын орточо кирешеси 150 миң рублга жетти.

“Орусиядагы кыргызстандыктар азайганына карабастан, алардын акча которуулары ошол бойдон калып жаткандыгынын себеби - айлык маянасы көбөйдү. Орусияда жумушчу күч жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан алар кааласа-каалабаса дагы мигранттардын айлыгын көтөрүүгө мажбур болуп жатышат. Мындан улам кыргызстандыктар көбүрөөк акча салып, которуу көлөмү сакталып жатат”, - деди “Азаттыкка” Орусиядагы мигранттардын укугун коргогон юрист Мирлан Токтобеков.

Соодага тиешеси барбы?

Улуттук банктын маалыматы акча которуулардын суммасын гана көрсөтөт. Кайсы өлкөнүн жараны жиберип жатканы ачык жарыяланбайт. Мындан улам орусиялыктар акча которуп, санкцияга туш болгон товарларды Кыргызстан аркылуу алып жатабы деген суроого так жооп табуу кыйын.

Бирок Кыргызстандын Орусияга экспорту өсүп жатканы анык. 2021-жылы ал 393 млн долларды түзсө, 2022-жылы 1 млрд долларга чыгып кеткен. Согуш башталгандан бери орусиялыктар Кыргызстан аркылуу косметикадан тартып техникага чейин түрдүү товарларды ала башташты.

Мисалы, 2022-жылы Кыргызстан 41 миң жеңил унаа импорттогон болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 185 миңге чейин өсүп кеткен.

Ошол эле мезгилде, расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон унаалардын саны 800дөн 6300гө чейин көбөйгөн.

Европадагы эң ири телеканалдардын бири болгон “Евроньюс” Кыргызстан Орусияга санкциялык товарларды реэкспорт кылган негизги хабга айланып калганын жазды.

2022-жылдан бери АКШ менен Евробиримдик Кыргызстандагы реэкспорт менен алектенген он чакты компанияга санкция салган.

Кыргызстан менен Орусиянын соода алакасы эселеп өскөнү менен бул максатта канча каражат которулуп жатканы белгисиз. Жогоруда айтылгандай, Улуттук банктын маалыматы физикалык жактардын гана которууларын камтыйт. Ал эми экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн тараптардын транзакциялары бул статистикага кирбейт.

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышы боюнча өз позициясын тынбай билдирип, бул жаатта Кыргызстанга сырттан басым болуп жатканын белгилеп келет. Былтыр октябрдын башында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан эл аралык санкциядагы товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Министрдин ырасташынча, Бишкек айрым товарларды чектөө боюнча милдеттенме алып, аларды өлкө аймагына өткөрбөй келет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусиядан азык-түлүк, мунай импорттогондуктан, ал жакта мигранттары иштеп жүргөндүктөн кызматташпай коё албай турганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусиядан азык-түлүк, мунай импорттогондуктан, ал жакта мигранттары иштеп жүргөндүктөн кызматташпай коё албай турганын билдирген.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Мигранттар которгон акча – өлкөдөгү негизги каражат булактарынын бири. Анын масштабын түшүнүү үчүн салыштырсак, 2024-жылдын 11 айында Кыргызстандын экспорту 3,4 млрд долларды түздү. Ал эми мигранттар 2,5 млрд доллар жиберди. Бул каражат кыргыз экономикасында айланат.

Улуттук статистика комитети эсептегендей, мигранттар акча которбосо Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандардын саны 29% эмес, 41% болуп өсүп кетмек. Баткен облусунда калктын 65%, Жалал-Абад облусунда 50%, Ош облусунда 44% кедейчиликте жашамак.

Мигранттардын көмөгү эң жакыр жашагандарга өзгөчө маанилүү. Сырттан которулган каражат болбосо калктын 5% эмес, 19% эң жакырлардын катарына кирмек.

Кыргыз бийлиги жумуш орундары түзүлүп, мигранттардын кайтып келишине шарт пайда болгонун айтууда. Бирок ага карабастан, чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева маалымдады.

Уюмдун маалыматында, 2022-жылы 43 миң, 2023-жылы 61 миң, ал эми 2024-жылдын октябрына карата 89 миң кыргызстандык эмгек миграциясына чыгып кеткен.

“Кыргызстандыктардын кетип жатканына, негизинен, эмгек акысынын аздыгы себеп болууда. Жарандар көбүрөөк киреше алып келген жумуш издеп кетип жатышат. Биздин эмигранттардын көбү эмгекке жарамдуу курактагы, орто же жогорку билими бар жарандар”, - дейт Молдобаева.

2024-жылдын ноябрында "Коммерсантъ" басылмасы Орусияда 5 миллиондой мигрант жетишсиз болуп жатканын жазган. Иллюстрациялык сүрөт.
2024-жылдын ноябрында "Коммерсантъ" басылмасы Орусияда 5 миллиондой мигрант жетишсиз болуп жатканын жазган. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы күзүндө президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырган. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акы Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы президенттик шайлоого катышып жаткан маалда өлкөдө жумуш орундарын түзүп, чет жактагы мигранттарды кайтарууга убада берген. Кызматка киришүү аземинде анын “миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин” деп айтканы бар.

Бул жөнүндө мамлекет башчы кийин курултайда жана башка платформаларда да кеп кылды. Былтыр май айында Бишкекте чет элдиктер аралашкан мушташ катталганда калкка жолдогон кайрылуусунда президент өлкөдө жумушчулар жетишпей, ошол себептүү башка мамлекеттин жарандары тартылып жатканын белгилеген.

Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын ошол эле май айында кайталап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын жазган. Мамлекет башчы Эмгек министрлиги сунуштаган жумуштарда айлык 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG