Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон мүчөлөрү суракка чакырылып жатканы маалым болду. Бул партиянын лидери жана эки мүчөсү ноябрь айынан бери тергөө абагында отурат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Молдовада кармалып, экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.
Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 74 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканы кабарланды. Ал узак убакыт бою жаман илдет менен алышканы, анын абактан чыгышына саламаттыгынын начарлашы себеп болгону айтылды.
Улуттук банк насыялардын пайызын чектөөнү сунуштады. Мекеме билдиргендей, коммерциялык банктар кредиттердин үстөгүн каалашынча койгондуктан, ал 30%дан ашып кетти. Былтыр депутаттар да насыяларды мамлекет бекитиши керектигин айтышып, ал сунуш Жогорку Кеңеште каралып жатат.
Эл аралык басма сөзгө сереп.
12-январда Түштүк Корея украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга бара жатканын" айтканын билдирди. Булар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экенин белгиленди.
Ак Саткын менен Кулмырзанын армандуу сүйүүсү аңыз кепке айланып, элдик поэма катары таралган, аны айтылуу апыз Барпы, совет заманында Алыкул акын дастан кылып ырга кошкон. Абдыкерим Муратовдун «Ак Саткын» аңгемесинде ошол от-жалынга ширелген кайгылуу махабат баяндалган.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Казакстанда наристеден "жин чыгарганын" айткан "экзорцисттин" видеосу кызуу талкуу жаратты.
Ак таңдай акын Жеңижок (Өтө Көкө уулу) тууралуу алгач ирет тарыхый тасма жакын арада элге тартууланганы турат. Фильм өкмөттүн каржылоосу менен тартылган. Залкар төкмө тууралуу бул эмгекте анын чыгармачыл чыйыры, бала чагынан баштап өмүрүнүн соңуна чейинки тагдыры чагылдырылган.
Эки түрк жараны президент Сердар Бердымухамедов жана Режеп Тайып Эрдоганга кайрылып, аялдарын Түркмөнстандан чыгарууну өтүнүштү. Түркмөнстандык эки аял Түркиядан мекенине паспортун алмаштырууга барып, кайра чыга албай калган.
Укук коргоочулар жана жарандык активисттер 2024-жылы Өзбекстанда каракалпакстандыктардын укугу тебеленип, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук күчөгөнүн айтышты. Ташкент өлкө ичинде интернетти чектеп, ал эми чет өлкөлөрдөн каракалпак улутундагы активдүү жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө.
Дагы жүктөңүз