Киевдин тургуну Анастасия Гулей 99 жашта. 80 жыл мурун Освенцимде өткөргөн азаптуу күндөрү азыр дагы анын эсинде.
"Биздин терибиз менен эле сөөгүбүз калган. Тиги дүйнөдөн эле кайра келгендей болдук", - деди ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын журналистине.
Экинчи дүйнөлүк согушта ал Германияда кара жумушка айдалган жеринен качканда Освенцимга келип түшкөн.
Беш жыл мурун дагы шаарды советтик жоокерлер бошотконуна арналган эскерүү иш-чарасына катышкан. Быйыл ал эскерүүгө барчулардын кыскартылган тизмесине түшпөй калган.
Согуш күч алып турганда туткундарды балдары менен мал ташыган вагондорго жүктөп, Освенцимге алып келишкен.
Эми сексен-токсонго чыккан карыялар ошол каардуу жайдын бошотулганын 80 жылдыгын белгилөө үчүн чогулушту.
Нацисттик Германия 1940-1945-жылдары Освенцимде 1,1 миллиондой эркек-аялды, балдарды өлтүргөн. Алардын 1 миллионго чукулу жөөттөр болгон. Ошондой эле сыгандар, саясий иштер менен жазага тартылгандар жана советтик аскерлер ажал тапкан.
Быйыл ошол "ажал ордосунан" аман калган 50дөй киши Освенцимге эскерүүгө барышты. Аларга диниятчылар, саясатчылар жана дипломаттар кошулду.
Алар маркумдардын элесин эскерип, курмандыктарга сый-урмат көрсөтүп, ошол каардуу заман "кайра кайталанбасын" дешет.
Албетте, мындай мааракелер учурдагы окуялардын призмасында каралат.
Освенцимди советтик аскерлер бошоткону менен 2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери эскерүү иш-чарасына орус президенти Владмир Путинди чакырылбайт.
"Курман болгондорду унутпайбыз, биз ошондой эле эркиндикти даңазалайбыз", - деди Освенцим музейинин директору Петр Цивинский.
"Ал эми эркиндиктин баасын түшүнбөгөн Орусиянын [президентинин] бул жерде турганын элестетүү мүмкүн эмес".
Израилдин чоң делегациясын билим берүү министри Йоав Киш баштап келет. Буга чейин эскерүү иш-чарасына премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышуусу ыктымал дегенде бир топ талкуу жаралган.
Освенцим жайгашкан Польша Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына кошулган. Жакында эле Гаага соту Газа тилкеисинде Нетаньяху согуш жана адамзатка каршы кылмыштарга барган болушу ыктымал деген негизде аны кармоого ордер чыгарган.
Польшанын бийлиги Нетаньяху эскерүү иш-чарасына келген күндө дагы ага каршы эч кандай аракеттер болбой турганын билдирген. Бирок Израилдин өкмөт башчысы иш-чарага катышуудан баш тарткан.
80 жылдык эскерүү - антисемитизм тууралуу кайрадан ой калчай турган маал. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Волькер Түрк 24-январдагы билдирүүсүндө "жөөттөр ар кандай коркутууга, жок кылууга чейинки кооптуу нерселер күчөп баратканына дуушар болууда" деп айтты.
Евробиримдик былтыр июлда шаркетке мүчө 13 өлкөдө жашаган жөөттөр катышкан сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялаган. Анын корутундусунда белгиленгендей, катышкандардын 80% антисемитизм жайылганын, 2023-жылы Израил менен ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террористтик деп таанылган) согушу башталган соң антисемиттик чабуулдар көбөйгөнүн айтышкан.
Освенцимдеги буга чейинки эскерүүдө лидерлер чыгып сүйлөшкөн. Бул жолу андай болгон жок. Бул ошол каардуу күндөрдү башынан өткөрүп, арабызда аман жүргөндөрдүн акыркы мааракелик иш-чарасы болуп калышы мүмкүн. Андыктан бардык көңүл аларга бурулган.
99 жаштагы Гулей азаптуу күндөрдүн элеси аны өмүр бою коштоп жүргөнүн, бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө кимдир бирөөнү жек көрүү жоктугун айтат.
"Менин жан дүйнөмө көз салсаңар кимдир бирөөдөн өч алайын дегенди, немистерди жек көрүүнү таппайсыңар", - дейт чачын тегиз бубак баскан байбиче.
Шерине