Жакында Казакстандын борбору Астана шаарында казак улутунун жана жалпы түркстандык чөлкөмдүн тарыхына арналган илимий жыйын өткөрүлдү. Анда жазылып бүтүк калган 7 томдук илимий басылма жана анын табылгалдары менен көйгөйлөрү жаатында да кеңири талкуу жүрдү. Тарыхчынын блогу.
Илимий шерине
2025-жылы 25-январда Казакстандын байтактысы Астана шаарында “Казакстан тарыхынын ургаалдуу маселелери: Жаңы көз караштар жана изилдөөлөр” шеринеси (казакча: “Қазақстан тарихының өзекті мәселелері: Жаңа көзқарастар және ізденістер” форумы) Казакстандын ар башка дубандарынан жана чет өлкөлөрдөн келген тарыхчы, археолог, этнограф, булак таануучу, архив таануучу, саясат таануучу, фолклор таануучу, тилчи жана башка адистердин, педагогдордун, коомдук ишмерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Жыйын орду катары Астанадагы Казакстан Республикасынын Президенттик борборунун тандалышы, жыйынга Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси Эрлан Кариндин, Казакстан Республикасынын Мажилисинин бир катар депутаттарынын, илим жана жогорку билим министринин орун басары Дархан Ахмед-Заки (Дархан Жұмақанұлы Ахмед-Заки) мырзанын катышкандыгы бул илимий шеринени өткөрүүгө расмий бийликтер да өзгөчө назар бургандыгын айгинеледи.
Шериненин жүрүшүндө Казакстандын эң байыркы доорлордон азыркыга чейинки тарыхына арналган жана жазылышы дээрлик аяктап калган 7 томдук илимий басылманын ар башка томдорундагы өзөктүү маселелер да талкууга алынды.
300дөй илимпоз (анын ичинде АКШ, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Польша, Түркия сыяктуу айрым өлкөлөрдүн да 7 томдукка салым кошуп жаткан тарыхчылары) катышкан бул шеринени эл аралык илимий жыйын катары кабылдоого да толук мүмкүн. Шеринеге келе албай калган, бирок 7 томдукка жигердүү салым кошуп жаткан профессор Питер Гоулден (Peter Benjamin Golden) сыяктуу башка да чет өлкөлүк тарыхчылар бар. Айрым баяндамачылар онлайн тартибинде баяндамалар окушту.
Шериненин максаты катары Казакстан Республикасында тарых илимдерин, билим берүүнү, тарыхый билимди жана тарыхый аң-сезимди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик маанидеги маселелерди жана милдеттерди системалаштыруу иш-аракети көрсөтүлгөн. Уюштуруучулар баса белгилегендей, бул системага салуу иши дүйнөлүк илимий жүрүмдөрдү жана ар кыл тышкы жана ички чакырыктарды эске алуу менен жүргүзүлүшү зарыл.
Демек, жөнөкөй сөз менен туюнтканда, Казакстандын тарыхына арналган бул жети томдук жана жалпы эле соңку жылдары сунушталып жаткан тарых эмгектери казакастандык ички гана окурмандарга эсеп кылынбастан, тышкаркы илимий чөйрөдө дагы калыс жазылгандыгы боюнча оң пикир жаратууга тийиш.
Эрлан Кариндин сөзү
Жыйынга толук катышкан Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси Эрлан Тынымбай уулу Карин (Ерлан Тынымбайұлы Қарин) мырза баштапкы куттук сөзүндө да, жыйынтыктоочу сөзүндө да бул өлкөдө тарых илимдеринин ар кыл тармактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын баса белгиледи. (“Толук катышкан” деп мында баса айтканым – айрым аткаминерлер отурумдун баш жагында куттук сөз айткан соң, жыйындан акырын чыгып кетип калышат эмеспи).
Мамлекет башчынын кеңешчиси, саясат таануу илимдеринин кандидаты Эрлан Карин белгилегендей, акыркы жылдары илимий чөйрөгө киргизилген археологиялык табылгалар жана архивдик документтер Казакстандын тарыхын жаңыча жана кеңири мааниде таразалоо зарылдыгын көрсөтүп турат.
Ал Казакстандын тарыхын байыркы көчмөндөрдүн цивилизациясынын жана мамлекеттүүлүгүнүн бешиктеринин бири катары кароо керек деп баса айтып, “улуттук тарых илиминин милдети – элибиздин тарыхына цивилизация парадигмасы өңүтүнөн баамдап, мурдагыдан алда канча кеңири жана ар тараптуу кароо, аны ушул өңүттөн даңазалоо зарыл”, – деп белгиледи.
Ал ошондой эле Саясий репрессиялардын курмандыктарын толук актоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы жана Казакстандын тарыхынын жети томдук басылышын даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Казакстан Президентинин кеңешчиси Эрлан Тынымбай уулу Карин мырзанын тарыхый даректерди бурмалоочу (фолк-хисторичи) далаалаттарга каршы турууга чакырыгы бизге өзгөчө жакты.
(Баса, Эрлан Тынымбай уулу Төлепбай небереси Кариндин тегаты каткалаң Қ тамгасы менен башталат. Демек, анын чоң чоң атасы (бабасы) Қара же Қары болсо керек. Айтмакчы, Астанадагы илимий жыйында казак аалымдары бири-бирине орусча “-ович”, “-овна” деп кайрылбастан, “Баланча уулу” же “Төлөнчө кызы” деп кайрылып жатышкандыгы да ичибизди жылытты).
Жети томдуктун көйгөйлөрү таразаланды
Илимий шериненин ачылыш (пленардык) отурумунда А.Х.Маргулан атындагы Археология институтунун Башкы директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Акан Оңгаруулу (Ақан Оңғарұлы), Чокон Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун (ТЭИ) Башкы директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Зиябек Эрмухануулу Кабылдинов (Зиябек Ермұханұлы Қабылдинов), Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун Башкы директору, филология илимдеринин доктору, профессор Дүкен Масимхануулу (Дүкен Мәсімханұлы), Жочу Улусун изилдөө институтунун директору, доктор (PhD) Жаксылык Муратуулу Сабитов (Жақсылық Мұратұлы Сәбитов) жана Мамлекеттик тарых институтунун директору, доктор (PhD) Нурбек Серикулы Пусырманов (Нұрбек Серікұлы Пұсырманов) мырзалар өздөрү жетектеген ар кыл илимий тармактардагы саамалыктар жана күтүлүп жаткан милдеттер жаатында кеңири баяндашты.
Илимий шериненин 7 бөлүмүнүн ар бири “Казакстандын тарыхы: эзелки доорлордон бүгүнкү күнгө чейин” (“Қазақстан тарихы: ежелгі дәуірден бүгінге дейін”) деген жети томдуктун ар бир томуна арналды.
Ал томдуктар жөнүндө баяндагандардын арасында Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин (ЕУУ) профессору, тарых илимдеринин доктору, академик, кыпчак таануучу Болат Эшмухамбетуулу Көмеков (Болат Ешмұхамбетұлы Көмеков), ЕУУнун профессору, тарых илимдеринин доктору Айболат Кайырслямулы Көшкимбаев (Айболат Қайырслямұлы Көшкімбаев), Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтуна караштуу Тарыхый материалдарды изилдөө боюнча жумурияттык маалымат борборунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Меруерт Куаткызы Абусейитова (Меруерт Қуатқызы Әбусейітова), Ч.Валиханов атындагы ТЭИнин Башкы директорунун орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Шамек Баянуулу Тилеубаев (Шәмек Баянұлы Тілеубаев), Мамлекеттик тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин доктору, профессор Бүркитбай Гелмануулу Аяган (Бүркітбай Ғелманұлы Аяған) жана башкалар болду.
Шеринеде мазмундуу сүйлөгөн окумуштуулардын бири – Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин изилдөөчү профессору, тарых илимдеринин доктору, Казакстан Республикасынын УИАсынын академиги Мамбет Кулжабай уулу Койгелдиев (Мәмбет Құлжабайұлы Қойгелдиев) агайыбыз болду.
Ал эгеменчи алашчылардын көз караштарынын прогрессчилдигин алардын болшевиктер сыяктуу таптык тар түшүнүккө чидерленишпегендиги менен байланыштыруу керектигин баса айтты.
Мамбет агайыбыздын Алаш Ордо тарыхын казакстандык мамлекеттүүлүктүн тарыхынын бир бөлүгү катары кароо жөнүндөгү мурда айтып жүргөн пикири бул жети томдукта толук колдоого алынгандыгын белгилей кетелик. Айтмакчы, Мамбет агабыз 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин – КУУнун) тарых факултетин аяктаган.
Кыргызстандыктар да шеринеге катышты
Астанадагы шеринеге катышкан кыргызстандык тарыхчылардын арасында Бишкектеги Дипломатиялык академиянын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Карпек уулу Курманов болду. Анын 1916–1928-жылдары эгемендик үчүн күрөшкөн бабалар жөнүндө мазмундуу сүйлөгөнүн казак окумуштуулары бизге ыраазы боло айтышты. (Закебиз сүйлөп жаткан учурда биз орто кылымдар тарыхына арналган бөлүмдүн отурумунда элек).
Алматыдагы Казак улуттук агрардык изилдөө университетинин Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, доктор (PhD) Рафис Фанис уулу Абазов заманбап Казакстан тарыхынын көйгөйлөрү жаатында чыгып сүйлөдү.
Караколдук Рафис инибиз 1989-жылы КУУнун тарых факултетин ийгиликтүү аяктаган. Анын дипломдук ишинин жетекчиси профессор Чынара Шарше кызы Жакыпова болчу. Кийинчерээк Р.Абазов Австралия менен АКШда байырлап жүрдү жана азыркы тапта Казакстанда иштеп келет.
Астанадагы Эл аралык Түрк академиясынын кызматкери, битик жазма эстеликтерин ырааттуу изилдеп келе жаткан адис, доктор (PhD) Нурдин Усеев инибиз илимий жыйынга угарман катары катышты.
Ушул саптардын ээси Астанадагы илимий шеринеде кеңирсиген Түркстандагы бардык түрк элдери үчүн жалпы тарыхый баскыч болгон маанилүү мусулман түрк мамлекети – Караханийлер каганатынын этностук жана саясий тарыхынын айрым маселелери боюнча баяндама жасады.
Айтмакчы, тыныгуу маалында биз менен баарлашкан казак тарыхчылары жакында жарыяланган жана казакстандык фолк-хистори өкүлүн сындаган блогубузду окушкандыгын жана биздин илимий турумубузду колдошоорун айтышты.
Турсынхан Закен Кайыркендин сунуштары
Казакстандык окумуштуулар Астанадагы илимий шерине жана жети томдук жөнүндө ар кыл пикирлерди интернеттеги коомдук тармактарда байма-бай жарыялашты.
Алардын бири – Л.Н.Гумилёв атындағы ЕУУнун Чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор Турсынхан Закен Кайыркен (Тұрсынхан Зәкенұлы Қайыркен) мырза “Фейсбукта” (25.1.2025) маалым кат жарыялады жана анын сунуштары “абай.кз” маалымат порталы тарабынан андан ары шардана кылынды.
Турсынхан мырза 1962-жылы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Алтай ооданындагы Шемиршек (Чемирчек) айылынын Сарытерек айылында туулган. Ал Үрүмчүдө жана Бээжинде жогорку таалим алган. 1990-жылдары Казакстанга көчүп келген.
Т.Кайыркен 1994–1997-жылдары Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде аспирантурада окуп, ошол эле жылдары Казакстан Жазуучулар биримдигинин органы болгон “Жулдыз” журналынын “Чет өлкөлөрдөгү казак адабияты” бөлүмүн жетектеген.
1998-жылы ал диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты болуп калды. Ал эми 2009-жылы ал тарых илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болду.
Турсынхан Закен Кайыркен мырза “Фейсбукта” бир катар олуттуу сунуштарды ортого салган.
Маселен, ал Чыңгыз ханга чейинки доордогу Түрк каганаттарынын доорун казак тарыхы менен байланыштыруу тууралуу жүйөөлүү ойду билдирет.
Албетте, тарыхчы, жазуучу жана котормочу катары жакшы таанылган Турсынхан Закен Кайыркен инибиз буга чейин деле далай ирет ар кыл фолк-хисторичилерге каршы ачык сүйлөп жүргөн.
Тасма. Профессор Турсынхан Закен Кайыркен: “Монголдорго текеберленебиз, Чыңгыз ханды казак дейбиз”. 12.9.2023. (Qasqa Jol / Қасқа жол).
Профессор Турсынхан Закен Кайыркендин 2023-жылы 12-сентябрда “Кашка жол” (Qasqa Jol / Қасқа жол) аттуу ЮТюб каналы аркылуу обого чыгарылган маегинде “Монгол деген эл жок; “Купуя тарых” – “Монгол-ын нийуча тобчийан” эмгеги – казак тилинде жазылган; ал эми Чыңгыз хан – монгол эмес, казак болчу” деген фолк-хисторичилердин чүргөмөлөрү “уят нерсе” деп айтып, жалган тарыхчыларды катаал сынга алынган.
Турсынхан Закен Кайыркен “Фейсбуктагы” (25.1.2025) жарыясында:
“Казак тарыхын жазууда башка түрк элдери менен болгон бир туугандык байланыштарыбызга көңүл буруу зарыл, мисалы, Казак хандыгынын калыптаныш тарыхы жөнүндө сөз кылганда, тектеш өзбектер, ногойлор, башкырлар, каракалпактар, кыргыздар жана башка элдер менен тарыхый байланышыбызга орун берүү керек”, – деген абдан туура пикирди ортого салган.
Менимче, жети томдуктун авторлору дал ушул сунушту эмитеден эле жүзөгө ашырышууда.
Профессор Турсынхан Закен Кайыркендин оюнча, казак улуту көптөгөн доорлордо ар кыл этностук компоненттерди жуурулуштуруп калыптанган, ошондуктан казак уруу-уруктары “кээде шарттуу түшүнүк катары каралышы мүмкүн” (“ру-тайпаны кейде шартты ұғым ретінде қарауға болады”).
Ал элдин жана өлкөнүн тарыхындагы уламыштык доорго да астейдил көңүл буруу абзел; кытай, индия, иран, грек, рим ж.б. тарыхтарында деле уламыштык кезеңдер бар, деп санайт.
Т.Кайыркендин сунушташынча, 1939–1945-жылдардагы уруштун доорун “Экинчи дүйнөлүк согуш” деп гана атоо керек; анын бир бөлүгүн “Улуу Ата Мекендик согуш” деп атоо зарыл эмес.
Т.Кайыркендин төмөнкү пикири биз үчүн өтө талаш-тартыштуу сезилди: “Моголстан мамлекетинин тарыхын, аймагын казак тарыхынын алкагына киргизүү, анын бөлөк бир хандык катары көрсөтүлүшүнө жол бербөө”.
Биз бул ойго каршыбыз, анткени Моголстан мамлекети бир эле учурда кыргыз, казак, уйгур жана өзбектер үчүн орток тарыхый барактар болуп саналат.
Кыргыз элинин этнонимиясында да моголстандык урууларга аталышы окшогон моңолдор, дуулат, меңдуулат сыяктуу тектеш этнонимдер бар эмеспи.
Демек, Теңир-Тоодогу Моголстан мамлекетинен чыккан залкар тарыхчы, колбашчы Мырза Мухаммед Хайдарды кыргыздар да коңшу тектеш элдердей эле өз бабасы катары карай алышат. Ал “Тарих-и Рашиди” (“Абду р-Рашид ханга арналган тарых”; 1541––47-жж.) деп аталган парсы тилиндеги көөнөргүс эмгектин автору эмеспи.
Археологдордун көргөзмөсү
Постсоветтик казак өкмөтү жергиликтүү археологдорго илимий экспедициялар жана ырааттуу казуу иштери үчүн акча каражатын берешендик менен тартуулап келет. Албетте, археологдордун түшүмдөрү да бараандуу болууда.
Илимий шеринеде А.Х.Маргулан атындагы археология институтунун Башкы директору Акан Оңгаруулу баяндама жасап, эгерде 2023-жылы 3130 археологиялык эстелипк табылса, ал эми 2024-жылы 16347 эстелик табылды, деп жар салды. Бул эстеликтердин далайы радиокөмүртек, изотоп, металлография сыяктуу анализдерден өткөрүлгөн. 152 эстелик үч өлчөмдүү (3D) сканерден өткөрүлгөн.
Астана шеринесинде Казакстандын археологдорунун жаңы ачылыштарына арналган көргөзмө да уюштурулду.
Археологдордун соңку ачылыштары тууралуу бул көргөзмө жөнүндө Өскемен шаарындагы Чыгыш Казакстан облустук чөлкөм таануу музейинин “Фейсбуктагы” барагы (28.1.2025) башкалар менен катар шардана кылды.
Буга чейин казак археологу, академик Жакен Кожахметович Таймагамбетов өз өлкөсүндө археологиялык иликтөөлөргө астейдил көңүл бөлүнүп жаткандыгын бизге бир нече жолу айткан.
Шеринедеги илимий баяндамалардын маалыматтары да ушул жагымдуу кырдаалды тастыктады.
Айрым сабактар
Астана шеринесинен улам өзүм алган сабактардын айрымдарын ачыктай кетким келет.
Заманбап казакстандык тарыхчылар жана долбоор жетекчилери илимий жогорку серени камсыздоо үчүн чет өлкөлүк археолог, булак таануучу, архив таануучу жана башка адис тарыхчыларды өз илимий долбоорлоруна (маселен, 7 томдукту жазууга) кеңири тартышууда.
Ошого карабастан, алар дүйнө тарыхын, чөлкөм тарыхын жана Ажурт тарыхын чагылдырууда мурдагыдай Маскөө сыяктуу борборлорго идеологиялык жана башка өңүттөрдөн эч кандай кылчактабастан, өз алдынча идеологиялык-саясий турумун, методологиялык, усулдук мамилелерин иштеп чыга алышты.
Чет өлкөлөрдө туулуп-өскөн казак тектүү окумуштууларга толук ишеним жана мүмкүнчүлүк берилген. Маселен, Ч.Валиханов атындагы ТЭИнин Башкы директору, академик Зиябек Кабылдинов Орусиянын Омбу аймагында, ал эми Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун Башкы директору, профессор Дүкен Масимхануулу мырза (текестик кыргыздардын жээни) – КЭРдин ШУАРында жарык дүйнөгө келишкен.
Чет өлкөлөрдөн көчүп келип, Казакстандагы илимий мекемелерде (анын ичинде Эл аралык Түрк академиясында жана университеттерде) иштеп жаткан чет элдик чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчылар жана башка адистер арбын. (Астанадагы жыйында АКШдан келип иштеп жаткан теги татар профессор Юлай Шамилоглу агай менен да кезиктим).
Казак тарыхчылары жалаң гана өз улутунун тарыхын изилдөө менен чектелбестен, Евразиянын кеңири мейкиндигинин тарыхын да изилдешүүдө.
Албетте, казак тарыхчылары чечиле элек көйгөйлөрдү да ачык айтып жатышты.
Олуттуу бир көйгөй – Орусиядагы айрым архивдик корлордун путиндик доордо казакстандык изилдөөчүлөр үчүн жарым-жартылай чектелип калгандыгы. 1990-жылдары колго эркин тийчү бир катар орусиялык архивдик даректүү маалыматтар эми иргелип гана бериле баштады, деп бир казак тарыхчысы бизге айтты. Бул көйгөй кыргызстандыктар үчүн дагы чоочун эмес.
Ал эми эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жаткан Украинаны ачык колдоп сүйлөп койгон айрым таанымал казак тарыхчылары Орусияда “кара тизмеге” алынган.
Көйгөйлөрдүн бири – казакча тексттерди, орус, англис, түрк, кытай жана башка тилдерге жогорку деңгээлде которо алчу жана чет тилдерден казакчага которууга жарамдуу кесипкөй котормочу адистердин таңкыстыгы. Кантсе да, илимий терминдердин өзгөчөлүктөрү бар эмеспи.
Азырынча ушул саптар менен сөзүмдү аяктай турайын.
Эң башкысы – казак жана кыргыз тарыхчылары өз ара илимий кызматташтыгын ырааттуу улантышууда
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине