Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

"Эки айдан бери тергөө жүргөн жок". Матцаковдун иши, адвокаттардын талабы


Самат Матцаков жана анын жактоочулары. "Азаттыктын" коллажы
Самат Матцаков жана анын жактоочулары. "Азаттыктын" коллажы

Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Адвокаттардын талабы, соттун чечими

Эки айдан бери атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча анын адвокаттарынын арызы Бишкек шаардык сотунда каралды.

Оболу жактоочулар ишти карап жаткан судьялар коллегиясынын мүчөсү Жамиля Сабитовага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, анын мурда Матцаковдун катышуусуз чечим чыгарганын жүйө келтиришти. Судьялар бул өтүнүчтү четке какты.

Айыпталуучу Самат Матцаков отурумдагы прокурорду бул иште күбө катары чакырууну өтүндү.

Самат Матцаков
Самат Матцаков

“Мен адвокаттык ишмердүүлүгүмдө Атаханова аттуу прокурор менен бир топ жолу соттук отурумдарда кездешип калчубуз. Ал мамлекеттик айыптоочу болчу. Мындан улам мен бул адамды ишиме күбө катары чакырууну көздөп жатам. Ал менин жеке сапатымды, мүнөзүмдү, кесиптик тажрыйбам тууралуу айтып берет деп жатам”.

Судьянын чечими мыйзамсыз болгонбу?

Буга чейин Самат Матцаковду коргоп жаткан адвокаттар маалымат жыйын уюштуруп, анда 5 жылга дайындалган Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары 29-декабрда аяктарын билдирген. Мындан улам анын 30-декабрдагы Матцаковду камакта калтыруу чечими мыйзамсыз болгонун белгилешкен.

Бүгүнкү отурумда адвокаттар Президенттик администрациядан судьяга байланышкан жарлык боюнча расмий түшүндүрмө алып берүүнү суранышты. Адвокат Нурсултан Жаныбеков бул өтүнүчтү мындайча түшүндүрдү.

Нурсултан Жаныбеков
Нурсултан Жаныбеков

“Биринчи кезекте 2024-жылдын 30-декабрында сот актыны кабыл алганга укугу бар беле, сот отурумдарын өткөргөнгө ыйгарым укугу бар беле, 2019-жылы 30-декабрда кабыл алынган жарлык 2024-жылдын 30-декабрында күчүнө ээ болобу же болбойбу деген маселени тактоо үчүн Президенттин администрациясына суроо-талап жөнөтүүнү сурандык”

Ошондой эле жактоочулар отурумда төрагалык кылып жаткан судья Адис Момуналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ал президенттин жарлыгын өз алдынча чечмелеп жатат деген негиз келтиришти. Бирок судьялар коллегиясы ал өтүнүчтү да канаттандарган жок.

Ал эми Самат Матцаковду сотто котормочу менен камсыз кылуу тууралуу суранычты канаттандырып, кийинки отурум 30-январда уланмай болду.

Матцаков тергөө жүрбөй жатканын билдирди, УКМК жооп бере элек

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган Матцаков сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, эки айдан бери тергөө жүрбөй жатканын айтты.

“Эки айдан бери тергөө жүргөн жок. Тергөөчүнүн 30-ноябрдан 20-декабрга чейинки аракетсиздиги мыйзамсыз деп табылган. Анткени 23-январда Турдукулов деген тергөө судьясы тергөөчүнүн аракетсиздигин мыйзамсыз деп чечим чыгарган. Бул бөгөт чараны өзгөртүүгө негиз болуп берет”.

УКМК мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Былтыр 29-ноябрда атайын кызмат Самат Матцаковду кармап кеткен, ага козголгон кылмыш иши тууралуу алты күндөн кийин гана маалымат берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган.

Адвокаттын ишине бир топ эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар тынчсыздануусун билдирип, бийликтен аны камактан бошотууну суранышкан.

Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун адвокаттын камалышы мыйзамсыз деп эсептейт:

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

"Адвокатты камаш үчүн биринчи кол тийбестигинен ажыратыш керек да. Андан кийин камаса болот. Бул одоно мыйзам бузуу да. Адам укуктарынын декларациясында, Конституцияда турат: адам оюн айтканга укуктуу деп. Матцаков - Ташов жана башка кишилердин укугун коргоочу. Ал өзүнүн ишин, мыйзам чегинде милдетин аткарып жатат, ал үчүн акча алып жатат. Алардын артынан түшө берсе, куугунтуктай берсе, анда адвокат калбай калбайбы".

38 жаштагы Самат Матцаков камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты, алардын таламын сотто талашып келген.

Өзү кармалышынын себебин абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирип келет.

Адвокаттын камалышынын артында эмне жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:47 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG