"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун, "өз укугун мыйзам жана эл аралык укук негизинде коргой турганын билдирүүдө. Мекеме бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маарифке” өткөрүп бергени 2-январда жарыялады.
Коргол акын устаты Токтогулдун көркөм мурасын жыйноого убакты-саатын аяган эмес. А бирок анын өзүнүн чыгармалары толук жазылбай калган. Артында калган урпактары акындын "эки чемодан" кол жазмасы өрттөлүп кеткенин айтып жүрүшөт.
2025-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Буга чейин Мамлекеттик Дума өлкөдөгү миграциялык саясатты тескөө үчүн 12 мыйзам кабыл алган. Миграциялык саясаттын катаал мыйзамдары кандай иштейт? Мигранттар эмнени эске алышы керек?
Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.
Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиянын геосаясий мааниси артып, Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу күчөгөнү байкалууда. Бирок 2023-жылга салыштырмалуу С5+1 форматындагы жолугушуулар азайып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган сапарлар көбүрөөк болду.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү.
Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жашында акка моюн сунду. Ал мамлекетти башкарып турган маалда Израил менен Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынчтык макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил ошондо Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
Казакстандын Актау шаарындагы учак кыйроосунан аман калган Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Көгүлтүр отунга бай коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам жергиликтүү калк үйүн көмүр же отун менен жылытуу амалын издеп жатат. Адистер аба булганып, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. Бирок өзбек өкмөтү мындан да көбүрөөк көмүр өндүрүүнү пландоодо.
Дагы жүктөңүз