Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпасын билдирди. Муну менен бирге ал согуштун активдүү баскычын токтотууну колдой турганын кошумчалады.
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскартылды. "Азаттык" мекеменин жаңы жетекчиси менен Кыргызстандагы салык саясаты тууралуу маектешти.
Февраль айында Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген лыжа базаны куруучу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин базаны курууга франциялык компания кызыгып жатканы айтылган. Жапаров соңку билдирүүсүндө ал компания тууралуу үн каткан жок.
Түркиянын Болу провинциясындагы "Grand Kartal" мейманканасында чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76 адамга жетти. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды. Түрк өкмөтү окуяга шектүү төрт киши кармалганын кабарлады. Түркияда 22-январда аза күтүү күнү жарыяланды.
20 жаштагы Ринат Асанов - Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу Embraer 190 учагынан аман калган үч кыргызстандыктын бири.
Кыргызстанда соңку жылдары жүрөк-кан тамыр оорулары жашарганы айтылып келет. Эмнеге бул дарт эмгекке жарамдуу эркектерди тооруйт? Жасалма интеллект, заманбап технологиялар жүрөк илдетин эрте аныктоого кантип жардам берүүдө?
Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында Эламан Мазырбаев деген жаран өзүнө өрт коюп, ооруканага жаткырылды.
20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришти. 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коюп, Байдендин администрациясынын 78 чечимин жокко чыгарды. Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялады.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. “Чемпион” деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган.
Бишкек тургундары жылуулукка келген эсепке ишене албай турат. Кээ бирөөлөргө 15-20 миң сомго чейин дүмүрчөктөр келе баштады. 2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады.
Дагы жүктөңүз