Укук коргоочулар жана жарандык активисттер 2024-жылы Өзбекстанда каракалпакстандыктардын укугу тебеленип, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук күчөгөнүн айтышты. Ташкент өлкө ичинде интернетти чектеп, ал эми чет өлкөлөрдөн каракалпак улутундагы активдүү жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө.
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди” делген транспортту мыйзамдаштыруу боюнча жарлык чыгарды. Анын алкагында Орусиянын, Армениянын, Грузиянын жана Кыргызстан көз карандысыздыгын тааныбаган Абхазиянын номери менен жүргөн автоунааларга документ берилмекчи.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу билдирүү таратып, лицей-мектептерде окутуу мурдагыдай эле улантыларын жана мугалимдер кадимкидей иштей берерин маалымдады. “Сапат” “Маарифке” өткөрүлөрү 31-декабрда маалым болгон.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары үч өлкөнүн чеги кесилишкен жерде жолугушуп, чек аралардын такталышын символикалуу түрдө белгилешти.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова эски жыл соңунда Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду.
Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 120дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 150дөн көбү жараат алганын Кытайдын маалымат каражаттары кабарлады. Күчү 6,9 баллга жеткен зилзалада көп имарат урап калган.
Кытайда айрыкча балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп, бул вирус дүйнөгө тарап жатканына байланыштуу дүрбөлөң күч алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун белгилери байкалган учурда тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды.
35 жаштагы Ауэз Капсаланов мындан үч жыл мурда Казакстандагы Январь окуялары маалында Алматы шаарынын борбордук аянтында атып өлтүрүлгөн. Ал 2022-жылдын башындагы кандуу окуяларда набыт болгон 238 кишинин бири. Үч жыл мурун жайкын тургундарга ок аткандар канчалык жазасын алды?
Тажикстандык Сайфиддин Тажибаев Сириянын жаңы армиясында жогорку кызматка ээ болгону кабарланды. Ал өз өлкөсүндө "чет элде согушка жана террордук актыларга аралашкан" деген шек менен издөөдө жүрөт.
Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт.
Дагы жүктөңүз