Ал арада жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон үч адам Султанбековго каршы арыз жазганы да айтыла баштады. Султанбеков бул ишти саясий куугунтук катары баалап, 75 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.
75 күн ачкачылык кармоо абдан оор"
Эки жарым айдан бери ачкачылык кармап жаткан Темирлан Султанбеков шаардык сотко балдак менен келди. Анын салмак жоготуп, сол бутунан аксап калганы байкалат. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдирген.
Адвокаттар Султанбековдун абалы күндөн-күнгө начарлап жатканын айтып, аны 13-февралга чейин камакка алган райондук соттун чечимин жокко чыгарууну соттук коллегиядан өтүнүштү.
"Темирлан Султанбеков 75 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Кыргызстанда ушунча убакыт тамактануудан баш тарткан окуя болгон эмес. Силер эки эле күн ачкачылык кармап көргүлөчү. 75 күн деген абдан оор. Мен азыркыга чейин Султанбеков кантип чыгып жатканын түшүнө албай турам. Анын үстүнө ал айыпталган берене менен баш коргоо чаранын камакка алуу түрүн тандаганга болбойт. Бул мыйзамга каршы келет".
Ал эми прокурор Темирлан Султанбеков тергөөдө тоскоолдук кылышы мүмкүн экенин айтып, аны камакта калтырууну өтүндү. Тараптардын жүйөсүн уккан соттук коллегия Темирлан Султанбековду 13-февралга чейин камакка алган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Чечимдин алдында Султанбеков мындай деди:
"Чындыкты ушинтип жапкысы келишет. Эгерде мыйзамсыз бир нерсе кылган болсок, анда ачык өткөрүшмөк. Шайтандар жарыктан корккондой эле булар чындыктан коркуп жатышат. Бийлик өзү ойлонушу керек. Тергөө, соттор туура кылып атса, анда ачык өткөрүү өзүлөрүнө пайдалуу болмок. Тергөөдө акылсыздар отурушат. Бир сөзүндө беш ката. Ушундай адамдар мени соттоп жатышат. Кудай канча күч берсе, ошончо ачкачылык кармайм".
Бул күнү Темирлан Султанбековдун партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин да баш коргоо чарасы каралып, алар дагы 13-февралга чейин камакта калды.
Социал-демократтардын баш коргоо чарасы каралган 29-январда Жогорку Кеңеште Темирлан Султанбековго байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Камила Талиева Султанбековдун саламаттыгына тынчызданып жатканын айтты.
“Султанбеков деген 26 жаштагы кыргыз жараны шектүү катары 70 күндөн бери ачкачылык жарыялап, анын ден соолугу коркунуч абалда. Ал бала эси ооп жыгылыптыр. Ал кылмышкер эмес, шектүү. Азыр жаш болуп чыдайт дегени менен, кудай сактасын, бир нерсе болсо ким жооп берет?", - деди Талиева.
Жыйынга катышып жаткан Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков Султанбековдун саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, ага ачкачылыкты токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
“Анын эле эмес, жалпы соттолгондордун саламаттыгы биздин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Андан сырткары ден соолугуна залака тийиши мүмкүн деп дарыгер, тарбиячылар ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат”, - деп жооп берди.
Темирлан Султанбеков өзүнүн айланасындагы ишти толугу менен саясий куугунтук катары баалап, каршылык иретинде ачкачылыгын токтотпой келет. Ал 24-январда шаардык милициянын имаратынан эс учун жоготуп, дарыгерлер тамчылатма дары куюшкан.
Султанбековго каршы кимдер арыз жазды?
Роза Түрксевер, Ирина Карамушкина жана Темирлан Султанбеков “добуш сатып алуу” беренеси менен айыпталууда. Алар башынан эле мындай айыптоо менен макул болбой келишет.
Эми Султанбековго дагы бир кылмыш иши ачылышы мүмкүн экени айтылып жатат. Анткени Социал-демократтар партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон үч адам Султанбековго каршы арыз жазды деген маалымат бар экенин адвокат Улан Сейитбеков билдирди.
"Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Андыктан эч кандай маалымат бере албайм. Дагы башка арыздар түшүшү мүмкүн деген маалымат бар. Аны биз көргөн жокпуз. Бирок тергөөчүлөр "арыз түштү" деп айтышкан", - деди Сейитбеков.
Султанбековго каршы арыз шайлоо учурундагы акчага байланыштуу экени болжолдонууда. Анткени буга чейин интернетке Темирлан Султанбеков менен дагы бир жарандын сүйлөшүүсү делген аудио, видео тараган. Анда эки адам шайлоо, каражат жөнүндө сүйлөшүп жатканын угууга болот.
Бирок азырынча Султанбековго каршы арыз жазды делген үч адамдын аты-жөнү расмий жарыялана элек. Социал-демократтар партиясынын айрым мүчөлөрү алардын бири Анарбек Катаганов экенин айтышууда. Калган экөө да Султанбеков жетектеген партиядан талапкер болгону айтылып жатат.
Катаганов Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 13-январда Султанбековдор камалган иш боюнча күбө катары сурак да берген.
Аны менен байланышканыбызда милицияга арыз жазганын тактаган да, төгүндөгөн да жок.
"Мен азыр бул маалыматка комментарий бере албайм. Чындык жакында чыгат. Темирландын айтканы, кылып жатканы туура эмес болуп калды да. Бир аздан кийин толук маалымат берем. Убакыт өтсүн. Азыр эрте да".
Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жана Европа парламенти жаш саясатчынын иши боюнча резолюция кабыл алып, кабатырлыгын билдиришкен.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин бул кадамын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" катары баалап, Султанбеков мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 21-декабрда өткөн Элдик курултайда Европарламенттин резолюциясы тууралуу комментарий берип, муну “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.
"Бул жакта эмне болуп жатканын миңдеген чакырым алыстыкта жатып алып же колуңарда бир далил кагаз жок туруп кантип чечим кабыл алып жатасыздар, билбейм. Өзүңөрдүн кесиптешиңер да ушуну айтты. Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары боюнча эле 1,5 млн сомду добуш сатып алуу үчүн элге таратып жатып кармалды. Мунун баары далилденип турат. Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, 44ү каттоодон өткөрбөй, жашыруун түздөн-түз акча төлөп жатышат. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатса, башынан сылайлыбы?".
Өткөн жылдын соңунда, 30-декабрда “Социнтерн” эл аралык бирикмеси Султанбековду саясий туткун деп жарыялаган.
Темирлан Султанбеков баштаган Социал-демократтар партиясы 2024-жылы 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого катышып, үгүт кампаниясынын алкагында бийликчил делген партияларды, анын мүчөлөрүн сынга алышкан.
Добуш берүүгө төрт күн калганда, 13-ноябрда милиция Социал-демократтардын кеңсесин тинтип, Султанбеков баштаган үч адамды кармап кеткен. Тергөө аларды добуш сатып алууга айыптап жатат. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев, жубайы Раиса Атамбаева да милицияга сурак берип чыкты.
Бул окуядан кийин партия Бишкек шаардык кеңешине болгон жарыштан четтетилген. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, "саясий куугунтук" деп баалап келет.
Шерине