Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.
Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиянын геосаясий мааниси артып, Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу күчөгөнү байкалууда. Бирок 2023-жылга салыштырмалуу С5+1 форматындагы жолугушуулар азайып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган сапарлар көбүрөөк болду.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү.
Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жашында акка моюн сунду. Ал мамлекетти башкарып турган маалда Израил менен Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынчтык макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил ошондо Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
Казакстандын Актау шаарындагы учак кыйроосунан аман калган Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Көгүлтүр отунга бай коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам жергиликтүү калк үйүн көмүр же отун менен жылытуу амалын издеп жатат. Адистер аба булганып, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. Бирок өзбек өкмөтү мындан да көбүрөөк көмүр өндүрүүнү пландоодо.
Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал курчушу мүмкүнбү? Борбордогу уюлгуган ыш шаар тургундарынын саламаттыгына кандай таасир этүүдө? Өкмөттүк кызматкерлерге дене көнүгүүлөрү керекпи?
Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана куткарылды.
Дагы жүктөңүз