Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

DeepSeek Кытай менен АКШны атаандаштырабы?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.

Жаңы чат-бот АКШ менен Кытайдын ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду. Ошону менен катар айрымдар DeepSeeк ти цензура үчүн сынга алышты. Ал маселен Шинжаңдагы мусулмандардын куугунтукталышы, Тянанмень аянтындагы окуялар тууралуу жооп бербейт же жалган айтат.

DeepSeek деген эмне? Ал Chat GPT сыяктуу буга чейин чыккан чат-боттордон эмнеси менен айырмаланат?

Жасалма интеллект багытында иш алып барган Америкадагы ири технологиялык компаниялар өз долбоорлоруна миллиарддаган долларларды салары белгилүү. Маселен, өткөн аптада эле "Мета" компаниясы жасалма интеллекти түзүүгө 65 млрд доллар саларын жарыялаган. Ал эми кытайлык компания DeepSeek-R1 деген аталыштагы чат-ботту алты миллион долларга жетпеген каражатка чыгарганын жарыялаган соң бир катар технологиялык гиганттардын акциялары кескин төмөндөдү.

Жасалма интеллект үчүн чиптерди чыгарган Nvidia компаниясы 590 миллиард доллар жоготууга учурады, анын акциялары эки күндө 25% түшүп кетти.

Дүйнөлүк базарда будуң-чаң салган DeepSeek тууралуу кеңири айта кетсек.

DeepSeek деген эмне?

DeepSeek стартабы 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында негизделген. Ошол эле жылдын соңунда жасалма интеллект программасын чыгарган. Негиздөөчүсү - кытайлык миллиардер, High-Flyer инвестициялык фондунун түптөөчүлөрүнүн бири Лян Вэньфэн.

Ошол убактарда WeChat социалдык түйүнүнө жарыяланган маалыматка ылайык, 2022-жылга чейин фонд Nvidia A100 деп аталган 10 000дей чиптерди топтоп койгон.

Көп өтпөй АКШ мындай чиптерди Кытайга сатууга чектөө киргизген.

Deep Seek компаниясы өзү дагы анын соңку моделдери Nvidia компаниясынын эски чиптерин колдонуу менен жасалганын билдирген. Эгер айтылгандар чын болсо, жасалма интеллект үчүн эң заманбап каражаттардын кереги жок дегенди айгинелет.

Deep Seek өткөн айда жаңы моделин жарыялаган. Ойлоп чыгаруучулар ал болгон алты миңдей чипти колдонуу менен жасалганын, ал эми "акылы" жагынан OpenAI компаниясынын ChatGPT чат-ботунан ашса ашарын, бирок кем калышпастыгын айтышкан.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкендин эртеси күнү кытайлык компания DeepSeek-R1 деген программасы ишке кирген. Ал кыйла оор математикалык операцияларды ишке ашырууга жөндөмдүү, бирок ошол эле учурда бекер экени жарыяланды. Мына ушул соңку модель дүйнөнү дүрбөлөңгө салды.

Цензурага байланыштуу сын

Анткен менен социалдык тармактардын колдонуучулары бул долбоорду цензура үчүн сынга алышты. Маселен, чат-бот Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоо, алар бир нече жылдан бери камалып жаткан "кайра тарбиялоочу лагерлер" жана Тайвандын көз карандысыздыгы тууралуу суроолорго же жооп бергиси келбейт же жалган айтат.

Маселен, чат-бот Кытайдагы уйгурларды басмырлоо тууралуу суроолорго мындай жооп берген.

“Уйгурларды куугунтуктоо” тууралуу кандай гана болбосун ырастоолор негизсиз жана Кытайдагы гармония менен туруктуулукка бүлүк салдырууга багытталган”,-деп жооп берди.

Ал эми Тайвандын көз карандысыздыгы тууралуу кыймылды “Кытайды бөлүп-жаруу аракети” деп атады.

Тяньаньмэнь аянтындагы окуялар тууралуу жалган маалымат берет.

Эске сала кетсек, 1989-жылы 4-июнда Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган студенттердин дээрлик жети аптага созулган нааразылык акциясы аёосуз түрдө күч менен басылган. Ал күнү бийлик аянтка танк жана аскердик күчтөрүн киргизип, демонстранттарды кууп тараткан. Бул окуядан канча киши каза тапканы алигиче так белгисиз. Жүздөгөн, балким миңдеген адамдар мерт болгону тууралуу гана жоромолдор бар.

Ал эми Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган миллиондогон түрк тилдүү мусулмандар кысымга алынып, миңдегени ар кандай айыптар менен "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар биринчи жолу 2017-жылы чыккан. Бир жылдан кийин БУУ мындай лагерлерде миллионго чукул адам болушу мүмкүн деп билдирген.

Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Бээжиндин бул саясатын айыптап, санкцияларды жарыялашкан. Кытай өкмөтү ошондой эле "мусулман аялдарды күч менен стерилизациялаган" деп айыпталган. Бирок расмий Бээжин айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы саясатын "экстремизмге каршы күрөш", ал эми саясий лагерлерди "кесиптик кайра даярдоо борборлору" деп атап келет.

DeepSeek Кытай менен АКШны атаандаштырабы?

DeepSeek Кытай менен АКШнын ортосунда жасалма интеллект багытындагы атаандаштыкты дагы күчөтүп койгондой болду. Айрымдар аны "Спутникке" салыштырып жиберди. 1957-жылы ачык космоско "Спутниктин" жиберилиши Советтер Союзу менен АКШнын ортосундагы космосту багындыруу жаатында жарыштын башталышына түрткү болгон эле.

"Deepseek R1 — жасалма интеллект тармагандагы Спутниктей эле", - деп жазды АКШ президенти Дональд Трамптын тарапташы, технологиялык долбоорлорго ири инвестицияларды салганы менен таанымал Марк Андерсен. Анын пикиринде, АКШ өкмөтү жасалма интеллект индустриясын ашыкча тескөө менен америкалык компаниялардын иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, Кытайдын алдыга озуп чыгышына түрткү болушу мүмкүн.

Кытайлык жасалма интеллектин айланасындагы дүрбөлөңгө Трамп дагы көңүл бурду. Ал 27-январда Майамиде республикачылар менен жолугуп жатып, DeepSeek тууралуу жаңылыктарды "позитивдүү" деп атады.

"Кытай компаниясынын DeepSeek жасалма интеллектин чыгарышы бул багыттагы биздин тармакты бир сыйра силкинтип, жеңиш үчүн толугу менен атаандаштыккка көңүл бурушубуз керек экенин айгинеледи",- деди АКШ президенти.

Ал инаугурациянын эртеси күнү Ак үйдө өткөн брифингде жакында жасалма интеллект багытындагы 500 миллиард долларлык ири долбоор башталарын жарыялаган. Stargate деп аталган бул долбоорду америкалык OpenAI, SoftBank жана Oracle компаниялары биргеликте ишке ашырмак. Андан тышкары долбоорго өнөктөштөр катары Microsoft, Arm, NVIDIA сыяктуу ири технологиялык компаниялар тартылары белгилүү болгон.

Адистердин эсебинде DeepSeek чат-ботунун өнүгүшү америкалык ири долбоордун ишке ашуусуна дагы жолтоо кылышы ыктымал.

Күмөн саноолор

Ошону менен катар айрымдар DeepSeek чындыгында ушунча аз каражат коротконунан күмөн санашат. RAND Corporation компаниясынын талдоочусу Леннарт Хейм "Америка добушу" радиосуна берген комментарийинде алты миллион доллар деген компаниянын толук чыгымыбы же долбоордун финалдык баскычынын эле баасыбы, бул түшүнүксүз болуп калганын белгилеген.

Ал ошондой эле жасалма интеллекти ойлоп табууга эки миңдей гана чип колдонулганына ишенбейт.

Хейм кытайлык компаниянын АКШнын жаңы президенти кызматка киришери менен өз долбоорун жарыялашын "саясий чечим" катары көрөт.

DeepSeek башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

DeepSeeк чат-ботунун башкалардан эң негизги айырмасы - ал ачык коддуу. Тактап айтканда, башкы компоненттери баарына жеткиликтүү жана кайсы адам болбосун аны өзгөртүп, өзүнө ыңгайлаштыра алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG