Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотушу керектигин талап кылды.
Акын жана публицист Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” аталышындагы жаңы эмгеги жарыкка чыкты. Бул жыйнакта анын кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгеги тууралуу адабий талдоосу, ой толгоолору камтылган.
Швецияда мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөгөн чуулгандуу акцияларды уюштуруп жүргөн ирактык качкын Салван Момика 29-январда киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал ТикТок социалдык тармагы аркылуу түз обого чыгып жаткан маалда атып кетишкенин жазышты. Салван Момика деген ким?
Борбор Азия өлкөлөрүндө түпкүлүктүү элдин -ов, -ова деген мүчөлөр жалганган фамилияларындагы орус тилине мүнөздүү мындай суффикстерден арылуу жараяны бир нече жылдан бери уланып келет. Бирок тескери көрүнүш да байкалууда. "Азаттык Азия" редакциясы чөлкөмдөгү жагдайдын чоо-жайын изилдеди.
Туура бир жыл мурун белгилүү жазуучу Мирзохалим Каримов менен коштоштук эле. Өмүрүнүн соӊку мезгилинде оор кеселге чалдыкканын укканда, “Азаттыктын” балдары жашаган жерине барып, темир кепедеги турмушун чагылдырган эле, жазуучунун акыркы сөздөрүн элге жеткирген болчу.
Бишкектеги реабилитациялык зоопаркта өрт чыгып, жети жаныбар (алты маймыл, бир кенгуру) өлдү. Шаардагы камкордукка муктаж жаныбарлар кармалган жападан жалгыз борбордогу бул окуя аларга жасалган мамилеге байланыштуу маселе бышып жетилгенин айгинелеп койгонсуду.
Украин армиясы Орусиядагы мунай заводго сокку урганын билдирди. 29-январга караган түнү Орусиянын кеминде жети облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылганы кабарланды.
Соцтармакка пикир жазганы үчүн былтыр үч жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты. Арызда кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну соттон суранган. Бир айдан бери катаал шартта кармалып турган Аранова чечимди адилетсиз деп баалады.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.
Дагы жүктөңүз