Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ: "Текшерүүдөн коркуп үйдө отурган кыргызстандыктар бар"


Гватемалалык жарандар АКШдан депортацияланган учур.
Гватемалалык жарандар АКШдан депортацияланган учур.

АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.

Анткен менен АКШ бийлиги белгилеген "мыйзамсыз мигранттар" критерийине кыргызстандыктар туш келбей турганын, буга көбүнчө латынамерикалыктар илинерин айткандар бар. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги мекендештерди керектүү документтерин жанына ала жүрүүгө чакырууда.

АКШда мыйзамсыз жүргөн иммигранттарды текшерүү башталып, мамлекеттин Ички коопсуздук департаменти күнүнө миңге чукул киши кармалып жатканын улам жарыялоодо. Алсак, 28-январда 969 адам кармалганы расмий кабарланды.

"Жумушка чыкпай койгондор да болуптур"

Полиция кызматкерлери мыйзамсыз жүргөн мигранттарды текшерип, кармап кетип жатканы тууралуу маалымат ал жакта жашаган кыргызстандыктарды да кабатырлантууда. Анткени АКШга Мексика аркылуу кирип, учурда миграциялык процесстен өтүп жаткан мекендештер көп.

АКШда жашаган кыргызстандык Медербек Эсеналиев буларга токтолду:

"Текшерүүдөн коркуп үйдө отуруп алган кыргызстандыктар бар. Бир гана Чикагодо эмес, башка штаттардагы шаарларда да айрым мекендештер жумушка чыкпай, үйдө отургандар болуп жатыптыр. Трамптын буйругу чыккан алгачкы күнү көптөгөн кыргыздар жумушка чыккан эмес. Бул жарлык көбүнчө Латын Америкадан келген жарандарга көп таасир берди. Миңдеген мигранттар кармалып, андан ары депортация болуп жатат".

Мындай чараларга тынчсызданып, жумушка чыкпай жатканын "Азаттыкка" Кошмо Штаттарга жаңы барган, аты-жөнүн атагысы келбеген айрым кыргызстандык мигранттар да айтып беришти.

Иммиграциялык полиция кызматкерлери кармап кетип жаткандар арасында кыргызстандыктар бар экени тууралуу азырынча эч кандай маалымат чыга элек.

Мигранттар көп кездешкен штаттарда жүрүп жаткан рейддерден жана депортациядан улам тынчсызданып, социалдык тармактарга пикир жазгандар да болууда. Айрымдары полиция кызматкерлери кокус үйүнө келсе, эмне кылуу керектиги тууралуу маалыматтарды таратып жатышат.

"Кыргызстандыктардын дээрлик баары мыйзамдуу жүрөт"

Анткен менен АКШдагы кыргызстандыктарды мыйзамсыз мигранттар деп айтууга болбой турганын, катуу чаралар көбүнчө өз өлкөсүндө жана Кошмо Штаттарда кылмыштуу иштерге аралашкан, эч кандай уруксаты жок жүргөн адамдарга тиешелүү экенин айткандар бар.

Чикагодогу "Кыргыздар биримдиги" уюмунун координатору Умар Жусупбеков буларды айтты:

"Бул жердеги мекендештердин көбү Мексика аркылуу келсе дагы "мыйзамдуу көчмөн" деген статуска ээ. Себеби баары чек арадан өткөндөн кийин АКШда эмне үчүн жашагысы келип жатканы, эмне себептен келгени боюнча керектүү документтерин тапшырып коюшкан. Мыйзамсыз мигранттар көбүнчө Латын Америкадан келип, эч кандай макамга ээ болбой, документ тапшырбай жашап жүргөндөр. Трамптын максаты - ошол мыйзамсыз көчмөндөргө каршы күрөшүү. Азыр миграциялык жана чек ара мекемесинин кызматкерлери биринчи кезекте өз өлкөсүндө жана бул жакта кылмыш дүйнөсүнө аралашып кеткен, мыйзам бузуп жүргөн жарандарды жумушунан, үйүнөн кармап кетип жатышат. Мунун биздин мекендештерге таасири болбойт. Анткени алардын 99% мыйзамдуу макамга ээ. Жаңы келгендер такси, курьер кызматында иштеп жүрүшөт".

Президенттик кызматка өткөн аптада киришкен Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.

Мисалы, Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында өлкөнүн "суверендүүлүгү коркунучта" экенин белгиленген. Кошмо Штаттардын түштүктөгү чек арасын картелдерге, кылмыштуу, жада калса террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганын, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзат кирип жатканын билдирген.

АКШ: Кыргыз мигранттарын тынчсызданткан чаралар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Чек аранын коопсуздугун жакшыртат деген дагы бир жарлыкта "АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар" экени жазылган.

Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.

"Документиңерди жаныңарга ала жүргүлө"

Эки жылдан бери АКШда мигранттарга юридикалык колдоо көрсөтүп келген кыргызстандык Актилек Түнгатаров Кошмо Штаттарда мыйзамдуу жүргөнүн далилдеген документтерди жанына ала жүрүү керектигин айтууда.

"Эң көп тобокелдик АКШга виза менен же визасыз Мексика аркылуу келеби, же уруксаты жок эле киргендер болобу, айтор, өлкөгө киргенден кийин берилген белгилүү мөөнөткө байланыштуу. Башпаанек өтүнүчү менен бир жылдын ичинде, "пароль" менен кирген болсо, ага да белгилүү убакыт берилет. Туристтик виза менен келгендер үчүн алты айлык мөөнөт бар, ошонун ичинде кайра чыгып кетиши керек. "Пароль”"менен келгендер болсо бир же эки жыл ичинде миграциялык макамын тууралап алуу үчүн өздөрү каалаган макам боюнча арыз бериши керек. Жумушка уруксат берген "work" боюнча документин алып, иштеп жаткандарга коркунуч жок".

Түнгатаров жумуш үчүн берилген уруксат кагазы дайым жанында жүрүшү керектигин, анткени ал федералдык деңгээлде АКШнын бардык жеринде иштөө мыйзамдуу экенин тастыктаган документ болуп эсептелерин кошумчалады:

"Аны бийлик бул жерде мыйзамсыз жүргөн кишилерге бербейт. Ошондуктан маанилүү документ. Ал жок болсо же мөөнөтү өткөн болсо, эскисин же өтүнмө бергениңизди далилдеген аныктаманы ала жүрүңүз. Эгер Мексикадан келип, ишиңиз иммиграциялык сотто болсо, сизди сотко чакырган I862 формасын ала жүрүңүз. I94 формасы болсо, аны да ала жүрүңүз. Эгерде ишиңиз АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматында болсо, мекеме арызыңызды кабыл алганы тууралуу берген кагазды ала жүрүңүз”.

Түнгатаров айрыкча Иллинойс штатында мыйзамсыз иш кылган кыргызстандыктар бар экенин, бул көрүнүштүн кесепети жалпы Кыргызстандан келген мигранттарга тийип калышы мүмкүн экенин эскертти. Мисалы, анын айтымында, таанышынын документин алып өзгөртүү, жасалма документ алып жүрүү сыяктуу мыйзамсыз аракеттер грин карта алууга же жарандык берүүгө кедергисин тийгизет.

АКШдагы мыйзамсыз миграцияга каршы жараян тууралуу Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги да билдирүү таратты.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган Кыргыз Республикасынын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Министрлик Америка Кошмо Штаттарында жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууну өтүнөт”, - жеп жазылган мекеменин маалыматында.

Америка Кошмо Штаттарынын Бажы жана Чек ара кызматынын кызматкерлери. Мексиканын АКШ менен чек арадагы Сьюдад-Хуарес шаарында тартылган. 23-январь, 2025-жыл.
Америка Кошмо Штаттарынын Бажы жана Чек ара кызматынын кызматкерлери. Мексиканын АКШ менен чек арадагы Сьюдад-Хуарес шаарында тартылган. 23-январь, 2025-жыл.
  • Дональд Трамп кызматка киришери менен АКШнын түштүк чек арасына өзгөчө кырдаал киргизилип, Мексиканын чек ара пункту аркылуу өтүүдө колдонулган CBP One тиркемеси жабылган.
  • АКШ Мексика менен чек арасына коопсуздукту камсыз кылуу максатында 1500дөй аскерин жайгаштырмай болгон.
  • Бул тиркеме аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган.
  • Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдей киши мыйзамсыз киргени айтылган.
  • Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жараны.

Шерине

XS
SM
MD
LG