Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтириптир.
Орусиядагы кыргызстандыктардын саны бир жылдын ичинде эле 650 миңден 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйдү. Себеби эмнеде? Мигранттардын кирешеси көбөйдүбү?
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.
Польшада 27-январда миллиондон ашуун киши жок кылынган Освенцимдин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү. Расмий өкүлдөрдөн тышкары ага концлагерде аман калгандар дагы катышты.
Жакынкы арада Кыргызстандын каржы рыногунда чоң окуя күтүлүүдө. Өкмөт алгачкы евробонддорду чыгарып, 1,7 млрд доллар тартууну көздөп жатат.
Эл аралык Кызыл чырым комитети ишембиде Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу менен туткундарды айырбаштоонун экинчи баскычы аяктаганын билдирди. Анын алкагында израилдик төрт аскер аял жана 200 палестин бошотулду.
Беларуста президенттик шайлоо өттү. Экзитполдордун алдын ала жыйынтыгына караганда, Александр Лукашенко добуштардын 87,6% алганы кабарланды. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышты.
2025-жылдын 20-26-январында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.
Түркмөнстандын Балкан облусунун коопсуздук органдары мамлекеттик кызматкерлерден президент Сердар Бердымухамедов менен анын атасынын сүрөттөрү бар гезит-журналдарды "тиричиликке колдонбойбуз" деген тилкатка кол коюуну талап кылууда.
Дагы жүктөңүз