Кыргызстанда жеке менчик объектилерди мамлекетке өткөрүү массалык жараянга айланды. Акыркы төрт жылда 1174 ар кандай мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү расмий кабарланды.
Биз тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Дүйнө жүзүндө 280 миллиондон ашуун киши же Жер бетиндеги калктын 3,65% мигрант болуп бөтөн элде жүрөт. Жакшы жашоо издеп, сыртка кеткендер аларды кабыл алган өлкөлөрдүн жана өз мекенинин экономикасына эбегейсиз салым кошот.
"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун, "өз укугун мыйзам жана эл аралык укук негизинде коргой турганын билдирүүдө. Мекеме бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маарифке” өткөрүп бергени 2-январда жарыялады.
Коргол акын устаты Токтогулдун көркөм мурасын жыйноого убакты-саатын аяган эмес. А бирок анын өзүнүн чыгармалары толук жазылбай калган. Артында калган урпактары акындын "эки чемодан" кол жазмасы өрттөлүп кеткенин айтып жүрүшөт.
2025-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Буга чейин Мамлекеттик Дума өлкөдөгү миграциялык саясатты тескөө үчүн 12 мыйзам кабыл алган. Миграциялык саясаттын катаал мыйзамдары кандай иштейт? Мигранттар эмнени эске алышы керек?
Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.
Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиянын геосаясий мааниси артып, Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу күчөгөнү байкалууда. Бирок 2023-жылга салыштырмалуу С5+1 форматындагы жолугушуулар азайып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган сапарлар көбүрөөк болду.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү.
Дагы жүктөңүз