Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

"Кызым 14кө чыкканча жанында болсом". Сот Аранованын арызын четке какты


Соцтармакка пикир жазганы үчүн былтыр үч жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты. Арызда кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну соттон суранган. Бир айдан бери катаал шартта кармалып турган Аранова чечимди адилетсиз деп баалады.

Абактагы Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу боюнча арызды 29-январда Биринчи май райондук соту карады. Анда №2 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан үч аялдын иши чогуу каралып, отурумга алар онлайн форматта катышты.

Каныкей Аранова сотко онлайн катышты. 29-январь, 2025-жыл.
Каныкей Аранова сотко онлайн катышты. 29-январь, 2025-жыл.

Аранова камакта мыйзамсыз отурганын айтып, иши жакшы иликтенбегенин айтты:

"Менин ишим иликтенген эмес. Үч инстанция тең бутүп калган үчүн айласыздан жаза мөөнөтүн жылдырып берүүнү суранып жатам. Кызым 14 жашка чыкканга чейин менден алыс болбосун, кичинекейинен бери өзүм жалгыз чоңойтком".

Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу боюнча арызды сотко Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемеси берген. Сотто абак жайдын өкүлү арызды окуп берип, судьядан Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн анын кызы 14 жашка чыкканга чейин жылдырып берүүнү өтүндү.

Адвокат Замир Жоошев кызына кабатырланган жалгыз бой эне эмоционалдык жактан оор абалда болуп жатканын айтты.

Мамлекеттик айыптоочу Аранованын абактагы тартипти бузганын эске салып, анын эмоционалдык абалын чагылдырган дарыгердин бүтүмү жоктугун билдирди.

Судья Чынгызбек Бердимуратов Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчүн канаттандырган жок.

“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №2 мекемесинде соттолгон Аранова Каныкей Бурханбекованын баласы 14 жашка чыкканга чейин жаза мөөнөтүн кийинкиге калтыруу сунушу канааттандыруусуз калтырылсын. Токтомго нааразы тарап 10 сутканын ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте сунуштама же даттануу келтирүүгө укуктуу”, - деп токтом чыгарды судья Чынгызбек Бердимуратов.

Абактагы Аранованын арызын сот четке какты
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:11 0:00

Кызы абактан чыгат деген үмүт менен Оштон бери келген 70 жаштагы Бурханбек Аранов сот келтирилген бардык далилдерди эске албай койгонун, кызы темир тор артында негизсиз отурганын айтты:

“Кызым күнөөсүн эч качан моюнуна алган жок. Бекерден эле камады деп ойлойм. Телефонун өзүнүн колуна бергизбептир. Сүйлөгөн сөзү мунуку эмес экенин далилдеген документ Америкадан келди. Болот Темиров деген журналист дагы далилдеп чыкты. Жумадина деген кыз экен, аны кармабай, муну камашты. Неге мындай кылды, билбейм. Жашы жете элек кызы дагы бар, менин кемпирим жок, тарбиялап, эне катары мээрим бере албайт экем. Ушуларды эске алса болот эле”.

Учурда Аранованын 11 жаштагы кызы таятасынын колунда.

Ал эми Каныкей Аранова өзү өткөн жылдын 13-декабрынан бери катаал шартта жазасын өтөп жатат. Жаза аткаруу кызматы мындай чараны анын абактагы ички тартипти бузганы менен түшүндүрүп, алты айдан кийин жалпы режимге которуларын билдирген.

Адвокат Замир Жоошев Аранованын жаза мөөнөтүн жылдырууга далилдүү негиздер болгонун белгилейт:

Замир Жоошев
Замир Жоошев

"Чыгарганга толук шарт бар эле, себеби буга чейин мындай тажрыйба көп эле жолу колдонулуп келген. Эми бул жерде судьянын эрки".

Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде 14 жашка чейинки балдары бар соттолгон жарандардын жаза өтөөсүн кийинкиге калтырууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу норма жазылган.

2017-жылы мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага ушул берене колдонулган. Аны сот беш жылга кесип, бирок 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин ал чечимди Жогорку сот жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган 37 жаштагы Каныкей Аранованы Биринчи май райондук соту өткөн жылы апрелде 120 миң сом айыпка жыгып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Прокурор чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, 28-июнда шаардык сот аны 3 жыл 6 айга кескен. Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Аранова Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылган.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова былтыр 1-февралда Москвадан кармалып, алып келинген.

Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктаган. Алардын арасында 70теги байбичеден тарта 23төгү студентке чейин бар.

"Ачык сөздүн акысы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG