Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:08

Төрт киши барымтадан бошотулду. Газалыктар түндүккө өткөрүлбөй жатат


Газанын түндүгүнө өтүү уруксатын күткөндөр. 26-январь, 2025-жыл
Газанын түндүгүнө өтүү уруксатын күткөндөр. 26-январь, 2025-жыл

Эл аралык Кызыл чырым комитети ишембиде Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу менен туткундарды айырбаштоонун экинчи баскычы аяктаганын билдирди. Анын алкагында израилдик төрт аскер аял жана 200 палестин бошотулду.

Бирок мурда айтылгандай карапайым бир аял барымтадан кое берилген жок деген жүйө менен, Израил жергиликтүү тургундардын Газа шаарына кайтуусуна уруксат бербей жатканы кабарланды.

Туткундарды алмашуу жараянын бейтарап ортомчу болгон Эл аралык Кызыл чырым комитети координациялап, бардык жол-жоболордун сакталышына, коопсуздуктун камсыздалышына көз салып турду.

Экинчи баскычта жоочулар Израил армиясынын (ЦАХАЛ) төрт аскерин бошотту. 20 жаштагы Наами Леви, Карина Ариев, Даниэла Гильбоа жана 19 жаштагы Лири Альбагды 2023-жылдын 7-октябрында Нахаль-Оз аскердик базасынан кызмат өтөп жаткан жеринен уурдап кетишкен.

Наами Леви, Карина Ариев, Даниэла Гильбоа жана Лири Альбаг. Газа, 25-январь 2025-жыл
Наами Леви, Карина Ариев, Даниэла Гильбоа жана Лири Альбаг. Газа, 25-январь 2025-жыл

477 күн барымтада отуруп чыккан израилдиктерди Газа шаарынын борборунда Эл аралык Кызыл чырым комитетине өткөрүп беришти. Жараянга жергиликтүү тургундар күбө болушту.

Айырбашталган 200 палестиндин арасында Израил өмүрүнүн аягына чейин кескен 121 киши бар.

Израилдин жабык жайлар кызматы бийликтин чечими менен Офер жана Кциот абактарынан 200 палестин бошотулганын бышыктады.

Палестин булактары жана Египеттин медиасы жазгандай, алардын айрымдары Газа тилкесине, Иордан дарыясынын батыш жээгине, башкалары Рафах өткөөлү аркылуу Египетке барышты.

"Би-Би-Си" жазганына караганда, Израилдин түрмөлөрүнөн чыккандардын эң кенжеси 16да, эң улуусу Мохаммед ал-Тус 69 жашта. Ал 1985-жылы Израилдин аскерлери менен кагылышуу учурунда камалып, 39 жыл абак өткөрдү.

Эл аралык Кызыл чырым комитети тараптарды гуманитардык милдеттенмелерди аткарууга, туткундарды алмашууда коопсуздукту сактоого чакырды.

ХАМАС менен Израил арачылардын аракети менен 15-январда ок атууну токтотуу келишимине көнгөн. Анын алкагында 19-январда тараптар туткундардын биринчи тобун айырбаштаган. Израилдик үч кыз-келин азат кылынган жана 90 палестин абактардан чыгарылган.

Макулдашуунун биринчи этабында, 42 күндүн ичинде ХАМАС барымтадагы 33 кишини, биринчи кезекте аялдар менен балдарды, кары-картаңдарды, жараат алгандарды бошотууга, Израил болсо Газадан аскерлерин чыгара баштоого тийиш. Бардыгы болуп Израилдин түрмөлөрүнөн эки миңдей палестин кое берилмекчи.

Негизинен адегенде барымтадан катардагы кишилер, андан кийин аскерлер бошотулары макулдашылган.

Газада кармалып жаткан израилдиктерди кое берүүнү талап кылган демонстранттар. Тел-Авив, 25-январь 2025-жыл
Газада кармалып жаткан израилдиктерди кое берүүнү талап кылган демонстранттар. Тел-Авив, 25-январь 2025-жыл

25-январда жакындары Газада кармалып жаткан израилдиктер премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну барымтадагылардын бардыгын кайтаруу үчүн келишимдин шарттарын аткарууга чакырышты. Тел-Авивдеги акцияга чыккан Эфрат Мачикаванын тууганы Гади Мозес 7-октябрдан бери согушкерлердин колунда:

“Биз эркиндикке чыккан төрт кишинин үйлөрүнө кайтып барганына абдан кубанып турабыз. Бирок биздин жакындарыбыздын террорчулардын туткунунда кала бергени аябай тынчсыздандырат. Бийликтегилердин келишимдин калган бөлүгүн аткарылышына бут тоскону камтама кылат. Адам өмүрүн сактап калууну көздөгөн макулдашууну толук ишке ашыруу зарыл, убакытты коротпош керек. Барымтадагылардын бардыгын үйлөрүнө кайтаруу зарыл”.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, барымтадан бошотулат дегендердин тизмесинде Арбел Йехуд аттуу карапайым аял бар болчу, бирок ал эркиндикке чыгарылган жок.

ЦАХАЛдын өкүлү муну жарашуу келишимин бузуу деп атаса, ХАМАС техникалык маселе чыкканын билдирди.

Мындан улам Израил газалыктардын анклавдын түндүк тарабына кайтуусун токтотуп жатканын маалымдады.

Рейтер жекшембиде Вади-Газа деген жерде оокаттарын, түйүнчөктөрүн көтөрүп алган жүздөгөн киши, арасында аялдар менен балдар топтолуп калганын жазды.

“Мындай абал бүгүн эле түзүлүп калган жок. Мурдагы күнү да ушундай болгон. Туткундарды айырбаштоо келишимине ылайык, Газа шаарына өтүүгө качан уруксат берилет деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биз куралсыз, жайкын адамдарбыз. Ишемби-жекшемби күндөрү Ал-Рашид жолу менен Газа шаарына кайтып бара аласыңар деп айтылбады беле”, - деп айтты Мохаммед ал-Газали.

ХАМАС Газанын тургундарынын үйлөрүнө кайтуусуна шарт түзүүнү макулдашуунун маанилүү бөлүгү деп эсептейт. Топ Арбел Йехуд эмки ишембиде кое берилерин арачылар аркылуу айттырып, Израилди келишимди бузууда деп айыптады.

Нетаньяху маселе чечилмейинче, палестиндерге Газанын түндүгүнө өтүүгө уруксат берилбесин эскертти.

ХАМАС жакын арада алдыдагы беш жумада кое бериле турган 26 израилдик тууралуу маалымат берет деп күтүлүүдө.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Израил радикал топко согуш жарыялап, Газадагы чабуулдарын баштаган.

Андан бери Газада 47 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын, көбү аялдар менен балдар экенин ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG