Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Кыргызстан евробонд чыгарып, 1,7 млрд доллар алууну көздөйт


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Жакынкы арада Кыргызстандын каржы рыногунда чоң окуя күтүлүүдө. Өкмөт алгачкы евробонддорду чыгарып, 1,7 млрд доллар тартууну көздөп жатат.

Кыргыз бийлиги буга чейин эл аралык облигациялардын тобокелдиктери көп экенин айтып, аны чыгаруудан баш тартып келген. Бирок акыркы бир жылда өкмөт көз карашын өзгөртүп, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга даяр экенин билдирди.

Евробонддор деген эмне? Ал насыядан кымбат түшпөйбү?

Облигация жана еврооблигация

Мамлекет карыз алуу үчүн облигация деген баалуу кагаз чыгарат. Бул кадимки тил кат деп түшүнсө болот. Мисалы, өкмөт 10 млн сомго облигация сатса, ал 10 млн сом карыз алганын тастыктаган тил кат жазып берет.

Кыргызстан облигацияларды эгемендик алгандан бери эле чыгара баштаган. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин улуттук валютада гана өлкө ичинде сатылат. Мындан улам ал ички карыз болуп эсептелет.

Ал эми евробонд – сырткы рынокто сатылчу облигациялар. Ал сөзсүз эле Европага же еврого байланыштуу эмес. 1960-жылдарды алгачкы эл аралык облигациялар Европада чыгарылгандыктан, ал евробонд деп аталып калган.

2023-жылы президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барганда ага евробонддорду чыгарууну сунушташкан. Жапаров бул демилгени “канааттануу менен кабыл алган”. Көп өтпөй өкмөт облигацияларды чыгарууга даярданып баштаган.
2023-жылы президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барганда ага евробонддорду чыгарууну сунушташкан. Жапаров бул демилгени “канааттануу менен кабыл алган”. Көп өтпөй өкмөт облигацияларды чыгарууга даярданып баштаган.

Бүгүнкү күндө чет элдик валютада чыгарылган облигациялардын баары евробонд деп аталат. Мисалы, Кыргызстан Кытайда долларлык облигацияларды чыгарганы турат, бирок бул да евробонд деп атала берет. Евробонддор чет элдик рыноктордо сатылып, сырттан карыз алынгандыктан, бул тышкы карызга кирет.

Облигацияларды чыгарып, сырттан карыз алуу – дүйнөлүк тажрыйба. Мисалы, АКШнын тышкы карызы 36 триллион доллардан ашты деген сөз АКШ ушул суммага облигация сатканын билдирет. Кошмо Штаттардын өкмөтү салттуу түрдөгү насыяларды албайт.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан евробонддорду 1996-жылы, Тажикстан 2017-жылы, Өзбекстан 2019-жылы чыгарып баштаган. Ал эми Кыргызстан сырттан карыз алуу үчүн чет мамлекеттер менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кыргыз бийлиги евробонддордун тобокелчиликтери көп деген негизде аны чыгаруудан баш тартып келген.

Өкмөт 2025-2027-жылдары калкка 100 млрд сомдон ашуун облигация сатууну көздөп жатат. Учурда мамлекеттик ички карыз 170 млрд сомдон ашык.
Өкмөт 2025-2027-жылдары калкка 100 млрд сомдон ашуун облигация сатууну көздөп жатат. Учурда мамлекеттик ички карыз 170 млрд сомдон ашык.

Евробондго кызыгуу

2023-жылы президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барганда ага еврооблигацияларды чыгарууну сунушташкан. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы жазгандай, Жапаров бул демилгени “канааттануу менен кабыл алып”, маселени тереңирээк изилдөө зарылдыгын айткан эле. Көп өтпөй өкмөт евробонддорду чыгарууга даярданып баштаган.

Алгач Кыргызстан насыялык рейтинг алышы керек болду. Мамлекеттердин карызды кайтаруу жөндөмүн баалаган кредиттик рейтингдер бар. Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.

Moody’s агенттиги 2024-жылдын май айында Кыргызстанды "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге келди деп баалаган. Өлкө мындай тепкичке биринчи жолу чыгып отурат. Бирок Кыргызстан дагы деле "B3" деңгээлинде, тобокелчиликтер көп делген өлкөлөрдүн катарында турат.

Ал эми Fitch жана Standard & Poor's агенттиктери Кыргызстанды өз рейтингдерине кошо элек. Өкмөт былтыр бул компаниялар менен келишим түзүп, эми Кыргызстан алардын баяндамаларына кошулуп башташы керек. Каржылык кеңеш алып туруу үчүн Oppenheimer Europe компаниясы менен өзүнчө келишим түзүлгөн. Бул компаниялардын баарына Кыргызстан 45 миң евродон 178 миң еврого чейин төлөп берет.

Moody's рейтингинде Кыргызстан “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн эми “туруктуу” деген деңгээлге өттү.
Moody's рейтингинде Кыргызстан “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн эми “туруктуу” деген деңгээлге өттү.

2024-жылдын 1-ноябрында Bloomberg агенттиги Кыргызстан алгачкы эл аралык облигацияларын сатууга даяр экенин жазып чыккан. Бир нече айдан кийин, быйыл январда өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Кытайга барып, евробонддор Гонконгдо жайгаштырыла турганын маалымдады.

Кыргызстандын алгачкы евробонддорун дүйнөдөгү эң ири банктардын бири Citibank даярдап, фондулук биржага жайгаштырып берет.

Кыргызстан үчүн эл аралык облигация рыногуна чыгуу чоң окуя, дейт “Азаттыкка” берген маегинде Кыргыз фондулук биржасынын мурунку жетекчиси Медетбек Назаралиев:

“Эл аралык капитал рыногуна евробонд чыгарып, инвестиция тартып келүү – бул мамлекеттин кийинки деңгээлге чыккандыгы. Буга чейин баалуу кагаздар ички рынокто гана чыгарылып келген. Сырткы инвесторлор биздин евробонддорду сатып алса, биз алган каражатты убагында төлөп бере алсак, инвесторлордун көзүндө биз эл аралык капитал рыногунун эрежелери менен иштей ала турган мамлекет болобуз. Кыргызстанга ишенич пайда болуп, башка да инвесторлорду тартууга жол ачат”.

Учурда Кыргызстан буга чейин алган карыздарын төлөөнүн туу чокусуна келди. Быйыл карыздарды төлөөгө 79 млрд сом жумшалат. Бул бюджеттин чыгымдарынын бештен бир бөлүгү.

2026-жылы карыздарды жабууга 92 млрд сом, 2027-жылы 111 млрд сом сарпталат. Доллардын курсу өскөн учурда мындан да көп болушу мүмкүн. Бирок мындай жүккө карабастан, өкмөт еврооблигациялар рыногуна чыгып, дагы 1,7 млрд доллар тартууга аракет кылмакчы.

“Кыргызстан акчаны өнүгүүгө жумшагандын ордуна өз милдеттенмелерин аткарууга мажбур. Бирок өлкөнүн экономикасын көтөрүш керек. Облигацияларды чыгаруу өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого каражат тартуу үчүн пландалып жатканы айтылган”, - дейт мамлекеттик бюджетке сереп салган "Биздин Кылым" коомдук фондунун директору Чынара Айтбаева.

Облигация кредиттерден кымбат түшпөйбү?

Кыргызстан евробонддорду кандай шарт менен сатууну көздөп жатканы белгисиз. Каржы министрлиги “Азаттыкка” жооп берүүдөн баш тартып, расмий маалымат кийинчерээк берилээрин айтты.

Өкмөт азырынча 10 жылдык облигацияларды чыгарууну пландап жатканын гана кабарлады. Облигациянын пайызы канча аз болсо, карыз ошончо арзан түшөт дегенди билдирет.

Учурда дүйнөдөгү эң популярдуу болгон АКШнын 10 жылдык облигациялары 4,5% сатылууда. Белгилүү болгондой, Американын евробонддору жалпы дүйнөлүк рынокко багыт болуп берет.

2024-жылдын октябрында коңшу Казакстан 10 жылдык облигацияларды чыгарып, 1,5 млрд доллар тарткан. Суроо-талап көп болуп, анын пайыздык чени 4,7% болгон.

“Бул өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн рекорддордун бири”, - деп казак өкмөтү сыймыктануу менен билдирген эле.

Евробонд чыгарууда дээрлик 30 жылдык тажрыйбасы бар Казакстан Moody’s рейтингинде Baa1 деңгээлинде жайгашып, Кыргызстандан жети тепкич жогору турат. Бул деген сөз, коңшу өлкө облигацияларды бир топ арзаныраак сата алат. Мындан улам Кыргызстанга облигация чыгаруу өтө кымбатка түшүп калбайбы деген кооптонуу бар.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин тышкы карыздарды кредит түрүндө алып келет. Алар көбүнчө 30-40 жылга, эң көп дегенде 2% менен алынат. Көп учурда бир бөлүгү грант катары берилип, жеңилдетилген мөөнөт да каралган.

  • Ал эми евробонддор 10 жылга чыгарылат, анын пайыздарын жыл сайын төлөп туруу керек болот. Анын пайыздык чени канча болору азырынча белгисиз. Бирок АКШныкы учурда 4,5%, коңшу Казакстандыкы 4,7% болуп жатканын эске алганда, Кыргызстанга облигациялар кыйла кымбат түшөт көрүнөт.

2023-жылдын декабрында өкмөт Кыргызстандын кредиттик рейтинги төмөн болгондуктан, евробонд кымбатка түшөрүн билдирген эле. Ал эми Эсеп палатасы долларлык облигацияларды чыгарбай турууну сунуштаган. Бирок көп өтпөй евробонддорду чыгарууга даярдык башталган.

“Евробонддорду сатууда кредиттик рейтинг башкы ролду ойнойт. Казакстан аябай арзан сатты деп эсептейм. Анын суверендик рейтинги биздикинен жогору. Дүйнөлүк рынокто АКШнын облигациялары башка өлкөлөргө индикатор болуп эсептелет. Албетте, Биз Американын чени менен каражат тарта албайбыз. Менин жеке оюм боюнча, биздин облигациялар 6-7% тегерегинде болушу мүмкүн. Бирок ал инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде билинет”, - дейт Кыргыз фондулук биржасынын мурунку жетекчиси Медетбек Назаралиев.

Адистин айтымында, экономиканын өсүшү менен Кыргызстан мурункудай арзан кредиттерди ала албай калат. Эл аралык валюта фонду же Дүйнөлүк банк өңдүү институттар эң кедей өлкөлөргө колдоо көрсөтүү максатында жеңилдетилген насыяларды берет. Ал эми Кыргызстан өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кирди дейт Назаралиев:

“Кыргызстан эң жакыр өлкөлөрдүн катарында болгону үчүн эл аралык банктардан жеңил насыяларды алып жүргөн. Бирок ИДП, бюджеттин кирешеси өсүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирдик. Эмнеге жакынкы эле Казакстан, Өзбекстан көп жылдан бери евробонд чыгарып, инвестиция тартып келет? Алар деле 0,25% кредиттерди алып жүрө берсе болмок да. Алардын экономикасы чоң болгону үчүн аларга андай насыяларды бербейт”.

Кыргызстан 1,7 млрд долларды төлөй алабы?

1,7 млрд доллар – Кыргызстандын масштабында болуп көрбөгөндөй чоң каражат. Бул учурдагы тышкы карыздын үчтөн бир бөлүгү. Өкмөт евробонд аркылуу көздөгөн суммасын тарта алса, бул өлкө тарыхындагы эң ири карыз болмокчу. Ал эми жалпы мамлекеттик карыз 8,3 млрд долларга чейин чыгып кетет.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев евробонддордон түшкөн каражат инфраструктуралык долбоорлорго жумшаларын кабарлады. Кыргызстан учурда Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, “Кыргыз Куршевель” лыжа базасын жана башка ири долбоорлорду ишке ашырууга инвесторлорду издеп жатат.

Мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгым өсүп жатканы менен анын жүгү азайды. Коомчулукта адатта карыздын суммасы гана айтылат. Ооба, ал 2020-жылдан тарта дээрлик 2 млрд долларга көбөйүп, 6,6 млрд долларга жетти.

Бирок карыздын номиналдык суммасын гана карабастан, экономиканын көлөмүнө да салыштыруу кажет. 2020-жылдан бери ал 63 пайыздан 44 пайызга чейин азайды. Башкача айтканда, карыз өстү, бирок экономика андан да көп өстү.

Экономиканын өсүшү менен өлкөнүн кирешеси көбөйөт, каржылык абалы бекемделет, карызды кайтаруу жеңилирээк болот. Насыя берерде мамлекеттин карызы гана эмес, карызды кайтаруу жөндөмү да бааланат.

Деген менен, евробонддорду чыгаруунун өзүнүн коркунучтары бар дейт, "Биздин Кылым" коомдук фондунун директору Чынара Айтбаева. Мисалы, валюталык тобокелдик сакталат. Облигациялар доллар менен сатылса, доллар менен төлөөгө туура келет.

"Эгерде өлкө еврооблигациялар боюнча карыздарын төлөй албай калса, бул анын рейтингинин төмөндөшүнө жана инвесторлор менен мамиленин начарлашына алып келиши мүмкүн. Еврооблигациялар каржылык муктаждыктарды жабуу үчүн пайдалуу. Кыргызстанда учурда мындай муктаждык бар. Бирок бул өлкөнүн экономикасы үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн тең салмактуу мамилени талап кылат", - деген пикирде Айтбаева.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы "тышкы карызыбыз 10-15 млрд долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот" деп билдирген. Анын айтымында, "2035-жылга чейин өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп турса, Кыргызстан тышкы карызды кыйналбай төлөйт".

Мамлекет башчысы "түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз тышкы карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деген пикирин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG