Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

"Аялдар бөлмөсүндө терезе болбосун". Талибдер гендердик кылмыштарга айыпталууда


"Талибандын" тушундагы Ооганстан. Кабул, 23-май 2023-жыл
"Талибандын" тушундагы Ооганстан. Кабул, 23-май 2023-жыл

2025-жылдын 20-26-январында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.

"Борбор Азия Батыштын көңүл чордонуна чыгат"

Борбор Азия буга чейин дүйнөлүк дипломатиялык мамилелердин көз жаздымында калып келсе, Украинадагы согуш ал өлкөлөрдү Батыштын көңүл чордонуна чыгарды. Австралияда жайгашкан The Lowy Institute деген көз карандысыз аналитикалык институт 22-январда чыгарган макалада аймакка болгон кызыгуу эмки жылы өсөрү боолголонот.

Казакстандагы мунай кени. Мангыстау. Архив
Казакстандагы мунай кени. Мангыстау. Архив

Автор Майкл Росси региондогу өлкөлөр, өзгөчө Казакстан энергетикалык ресурстарга жана маанилүү минералдарга бай экенин эске салып, алар жашыл экономика үчүн аккумулятор өңдүү технологияларды чыгарууда колдонуларын жазат.

“Ал эми АКШда бийликке Дональд Трамптын кайтып келиши менен Европа башка эл аралык өнөктөштөр менен алака-катышын күчөтөт деп күтүлүүдө”, - деп болжолдойт Росси жана ал оюн мындайча чечмелейт.

“Трамп биринчи президентик мөөнөтү учурунда Европадан алынган болотко жана алюминийге тарифтерди киргизгени, климат боюнча Париж келишиминен, Иран менен өзөктүк макулдашуудан чыкканы европалык өнөктөштөр өздөрүн арткы планга жылдырылгандай сезип калган”.

Кошмо Штаттар Европанын негизги өнөктөшү бойдон кала бергени менен Еврошаркет башка аймактар менен мамилелерди тереңдетүүнү караштырып, Борбор Азияга кызыгуусу артчудай.

Андан ары автор: “Украинадагы согушту токтотууну көздөгөн ыктымал сүйлөшүүлөр талкууланып жаткандыктан, жолугушууну эмне үчүн казак башкалаасы Астанада өткөрсө болбосун? Жок дегенде Трамп менен Путиндин алгачкы кездешүүсүн ал жакта уюштурса болот. Казакстан эки өлкө менен, Украина менен жакшы мамиледе. Буга чейин Армения-Азербайжан сүйлөшүүлөрүн кабыл алган Астана бейтарап аянтча болуп эсептелет”, - деген ою менен бөлүшөт.

Ошол эле маалда макалада айтылгандай, Брюссель Москвага салган санкцияларды алып-албасы белгисиз. Орусия менен чектешкен Борбор Азия ошол жазалоочу чараларды кыйгап өтүүдө маанилүү ролду ойной бермекчи.

Макалада Европа менен Борбор Азиянын экономикалык жана соода алакалары акыркы жылдарда өнүккөнү да айтылат. Алсак, Евробиримдик Казакстандын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Брюсселге өлкөнүн тышкы соодасынын 30% туура келет. Былтыркы жылдын он айында соодасы 23% көбөйүп, 41,2 млрд долларга жеткен.

Росси Батыш салттуу түрдө Орусия жана Кытай үстөмдүк кылган аймактагы таасирин кеңейте алат деп эсептейт.

Мисал катары кайра эле Казакстанды келтирип, өлкө Европанын энергетикалык коопсуздук жана сейрек минералдар тармагында негизги өнөктөшүнө айланганын, вольфрам, литий өңдүү элементтер жашыл экономикага өтүүдө маанилүү экенин белгилейт.

Өткөн жылы июнда Казакстан сейрек минералдар менен металлдардын кендери тууралуу маалыматты ачык жарыялоо планы менен бөлүшкөн. Андан тышкары өлкөнүн ири мунай запастарын унутпоо зарыл. Өткөн жылы Казакстан сыртка 88 миллион тонна кара май сатса, анын 70% Еврошаркетке экспорттолгон.

Макалада ошондой эле Борбор Азия аркылуу өткөн кошумча соода маршруттары тууралуу сөз болгон.

"Аялдардын укуктарын одоно бузгандар жазасыз калбашы керек"

Гаагадагы Эл аралык соттун баш прокурору аялдарды куугунтуктаганы, басмырлаганы үчүн "Талибан" кыймылынын лидерлерин камоо ордерин чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылды.

Карим Хандын билдирүүсүндө талибдердин жетекчилери адамдын жынысына карап куугунтуктоо менен адамзатка каршы кылмышка барган деп айтууга жүйөлүү негиз бар экени белгиленет.

Талибдер оогандык кыздарды Кабулдагы университетке киргизбей жатат. Ооганстан, 13-октябрь, 2022-жыл
Талибдер оогандык кыздарды Кабулдагы университетке киргизбей жатат. Ооганстан, 13-октябрь, 2022-жыл

Бир катар эл аралык медиа бул темага кайрылды. Алсак, Guardian 23-январда укуктук маселелер боюнча эксперттердин пикирлерине таянып, алгачкы жолу иш кыз-келиндерге каршы жасалып жаткан ырааттуу кылмыштарга негизделгенин белгилейт.

Ошондой эле үч жылдан бери өз алдынча күрөшүп келаткан оогандык активисттердин үнү эл аралык коомчулукка жеткендей.

Ооганстан парламентинин мурдагы мүчөсү, активист Шукриа Баракзай бул кадамды тарыхый деп баалады: “Ооганстан же башка өлкөлөрдө болобу, аялдардын укуктарын одоно бузгандар жазасыз калбашы керек деген күчтүү ишарат болуп калды. Биз ушул учур үчүн талыкпай аракеттенген оогандык эже-сиңдилерибизге абдан ыраазыбыз”.

Гезит жазгандай, Карим Хан кыздарды, аялдарды, ЛГБТ жамаатын куугунтуктоо үчүн жоопкерчилик "Талибан" кыймылынын жогорку жетекчиси Хайбатулла Ахунзада жана башкы судья Абдул Хаким Хакканиге жүктөлөрүн билдирди.

Баш прокурор жакында талибдердин башка жогорку өкүлдөрүн камоого да ордердин берилишине аракет көрүлөрүн кошумчалады.

2021-жылы Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден кийин “Талибан” аялдардын негизги укуктарын бузган 80ден ашуун жарлык чыгарды. Кыз-келиндерге көпчүлүк тармактарда иштөөгө, орто билим алууга, коомдук жайларга барууга тыюу салынган, күнүмдүк турмушунда алар көптөгөн чектөөлөргө туш болот.

Жакында чочун эркектердин көзүнөнө оолак болушу керек деп, аялдар колдонгон бөлмөлөрдө терезелерге тыюу салынды. Жаңы турак жайлардагы кыз-келиндердин бөлмөлөрүндө терезе болбошу керек, ал эми азыркы үйлөрдүн терезелери бүтөлүп, жабылышы керек.

Активисттер гендердик апартеиддин эл аралык укукта таанылышы үчүн күрөшүп келатышат.

Guardian “Атлантика кеңешинин” гендердик адилеттүүлүк боюнча юридикалык кеңешчиси Акила Радхакришнанды сөзгө тарткан. Анын айтымында, Эл аралык кылмыш сотунун ордер берүү өтүнүчү маанилүү окуя, себеби “адатта гендердик кылмыштар башка иштерге кошумча катары каралчу. Азыр иштин өзү андай кылмыштарга негизделген".

Басылма андан ары жакын арада соттун кадамынан кандайдыр бир жыйынтык чыкпасын белгилейт. Эмне дегенде, талибдердин эки өкүлү тең камалышы мүмкүн болгон өлкөлөргө барбайт, Ахунзада Кандагардагы базадан чанда эле чыгат.

Ошентсе да, Радхакришнан ордердин өзү абдан маанилүү ишарат болуп калганына токтолду.

“Бул – Ооганстандагы чыныгы окуяларга көңүл бурдурат. Эми “Талибан” менен кызматташып жаткан кишилерге алардын жетекчилеринин иш-аракеттери кылмыш болуп эсептелерин айта алабыз”.

Өз укуктарын коргоп, зомбулуктан жапа чеккен оогандык аялдар да Эл аралык кылмыш сотунун чечими талибдер бийликке келгенден бери эң жагымдуу кабар болгонун айтышат. Алар эл аралык коомчулук “Талибанга” туруштук берүү үчүн жетиштүү аракет көрбөгөнүн айтышат.

Оогандык активисттер 40 жылга созулган согуш маалында кылмыш жасаган башка адамдарды да сот жообуна тартуу зарылдыгын белгилешет.

Казак бийлиги Аралга чоң үмүт артат

Арал деңизи киргени казак бийлиги балык улоо, экотурзимди өнүктүрүүнү көздөп жатат. Eurasianet 22-январда жарыялаган макалада жердин глобалдык ысышына байланышкан терс жаңылыктардын фонунда Казакстандын Суу ресурстары министрлиги ушундай жагымдуу маалыматты таратканын жазат. Атап айтканда Түндүк Арал кайра толуп жатат.

Аралдын түндүк тарабы. Кызылордо, 3-июль 2024-жыл
Аралдын түндүк тарабы. Кызылордо, 3-июль 2024-жыл

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү айда сууну сактоо планынын аркасы менен деңиздин түндүк тарабында, Казакстандын жээгиндеги суунун көлөмү 42% көбөйдү. Жалпы көлөм 24 млрд метр куб болуп, деңиздин шордуулугу төмөндөдү. Түндүк Аралдан эми жылына 8 миң тонна балык улап алынат. Бирок советтик мезгилдеги көрсөткүчкө дагы көп бар.

Бир кездери дүйнөдөгү төртүнчү ири деңиз болгон Арал 1960-жылдары кургап баштаган. Анын жок болуп кетиши адам баласынын ишмердиги алып келген экологиялык эң ири апаат болуп эсептелет.

Азыркы учурда деңиз экиге бөлүнгөн, аянты 60 жыл мурункунун 5% гана түзүп калды.

Өзбекстан тараптагы же Түштүк Арал бууланып, кургап жатат. Муну менен калктын саламаттыгына чоң залакасын тийгизүүдө.

Макалада айтылгандай, Казакстандын өкмөтү сууну башкаруу жана запастарын толтурууга, балык улоо өнөр жайын өнүктүрүүгө, экотуризмди кеңейтүүгө аракеттенип, Аралга үмүт артып жатат. Себеби өлкөдөгү дарыялар тартылып, Балхаш көлүндө да суу азайууда. Буга кайсы бир деңгээлде Кытайдын дарыяларды сугат үчүн пайдаланганы себеп болууда. Андан тышкары Каспий деңизи да тайыздап баратат.

Шерине

XS
SM
MD
LG