Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Беларустагы президенттик шайлоо: Чектөө жана Батыштын сыны


Александр Лукашенко добуш берүү учурунда. 26-январь, 2025-жыл
Александр Лукашенко добуш берүү учурунда. 26-январь, 2025-жыл

Беларуста президенттик шайлоо өттү. Экзитполдордун алдын ала жыйынтыгына караганда Александр Лукашенко 87,6% добуш алганы кабарланды. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышты.

Жергиликтүү саат 15те эле Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендер 75% ашканын айтып, шайлоо өттү деп билдирген. Комиссия шайлоочулардын 40% ага чейинки 5 күндүн ичинде эрте добуш бергенин маалымдаган.

“Азаттыктын” беларус кызматы экзитполдордун алдын ала жыйынтыгына таянып, жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышкан Александр Лукашенко 87,6% добуш алганын кабарлады.

Лукашенкодон тышкары бюллетенге дагы 4 талапкердин ысымы киргизилген. Алардын үчөө Лукашенкого лоялдуу саясатчылар.

Добуш берүүгө КМШнын байкоочулары гана көз салды.

"Майрамдык маанай" түзүү тапшырмасы

Шайлоочуларга “майрамдык маанай” түзүү тапшырмасы берилип, аларга дасторкон жайылып, белек берилип жатканын “Азаттыктын” беларус кызматы жазды.

Коопсуздук күчтөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун коргоо максатында бардык тилкелерди күнү-түнү нөөмөт менен кайтарууда. Комиссия мүчөлөрүнүн аттары жашыруун сакталып, аны ачык жарыялаган БелПол (күч түзүмдөрүндө мурда иштегендердин уюму) уюмуна кылмыш иши козголгон.

Бюллетенди сүрөткө тартууга тыюу салынып, талапты аткарбагандар административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилген. (2020-жылы бийликтин оппоненттери добуш берүүдөгү мыйзам бузуу, добуштарды жасалмалоону сүрөткө тартылып алынган бюллетендер аркылуу далилдеген).

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу мөөнөтүнөн мурда добуш бергендер рекорддук санга жеткенин билдирди.

Минск. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү
Минск. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү

"Жасалма" шайлоо

Шайлоону утурлай Европарламент саясий жараян тууралуу билдирүү таратып, аны “жасалма” деп сындады. Мыйзам чыгаруучулар 22-январда Беларус боюнча резолюцияга добуш беришти. 568 депутат колдогон документте Александр Лукашенко 1994-жылдан бери башкарып келаткан өлкөдөгү саясий кырдаал сүрөттөлгөн.

“2020-жылы Александр Лукашенконун Беларустун президенттигине шайланышы таанылбайт; Беларустагы азыркы режим мыйзамсыз жана кылмыштуу деп саналат; беларус элинин демократияга, эркиндикке жана адам укуктарына умтулуусу колдоого татыктуу”, - деп жазылган резолюцияда.

Ошондой эле Беларуста ушул тапта камакта отурган 1250 саясий туткун бардыгы, алардын көбү кыйноого кабылганы, өмүргө кооптуу шарттарда отурганы жана медициналык жардам албаганы белгиленет.

Мыйзам чыгаруучулар Евробиримдикти, ага мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту Беларуста өтө турган президенттик шайлоону жана ага чейинки өнөктүктү тааныбоого чакырды.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар Беларустагы добуш берүү “репрессивдик кырдаалдан” улам "эркин жана адилеттүү өтүшү мүмкүн эмес" деп билдирген.

Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган. Укук коргоочулардын пикиринде Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".

2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени белгилүү болгон соң түмөндөгөн беларус добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан.

Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адам камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди.

Лукашенко менен бирге ат салышкан Светлана Тихановская басым-кысымдан улам Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2023-жылдын март айында беларус соту Тихановскаяны сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми анын күйөөсү Сергей Тихановский 18 жылга кесилип, беларус түрмөсүнө камалган.

Президенттикке ат салышкан дагы бир талапкер Виктор Бабарико 14 жылга эркинен ажыратылган

Шерине

XS
SM
MD
LG