Ал укук коргоо органдарына жазган арызына көңүл бурулбаганы үчүн ушундай кадамга барганын жакындары айтууда. Милиция анын айткандары боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип жатканын билдирди.
20-январда социалдык тармакта тараган видеодо белгисиз жаран Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында өзүнө өрт койгон.
Видеодо көрүнүп тургандай, анын колу жана желкеси күйүп калганы көрүнүп турат.
Видеого тартып жаткан жарандык активист Ыргалай Бекмуратова андан сураганда, эч ким карабай жатканына даттанганын угууга болот.
"Акыйкаттык таппаган үчүн ушул кадамга барыптыр"
Окуяга күбө болуп, түз эфирге чыгарган Ыргалай Бекмуратова өзүнө өрт койгон Эламан Мазырбаев деген жаран экенин жана анын мындай кадамга барышына акыйкатсыздык себеп болгонун айтууда:
"Беш баласы менен көчөдө, батирде калыптыр. Эч жерден акыйкаттык таппаган үчүн ушул кадамга барыптыр. Мен күбө болдум, чыркырап видеого тартканым үчүн чыгып кетти".
Өзүнө өрт койгон Эламан Мазырбаевдин прокуратуранын алдынан сүйлөгөн видеосун анын Актан аттуу иниси "Азаттыкка" жөнөттү.
Ал өзүнө өрт коёрдун алдында Бишкектеги TS group курулуш компаниясына алданганын айткан.
"Менде бүт далилдер бар"
Анда 2023-жылы сентябрда өзүнө тиешелүү унааларды TS group компаниясынын жетекчисинин уулуна өткөрүп берип, анын ордуна ала турган үйгө жете албай калганын билдирген. Мындан улам ал укук коргоо органдарына кайрылганы менен, ушул күнгө чейин жыйынтык чыкпай жатканына даттанган.
"Алмаз Тиленов "күтсөң күт, күтпөсөң каалаган жериңе бар" деди. "Президент менин таанышым, аны менен чай ичем. Менин каяктык экенимди билбейсиңби, мен дагы көлдүк болом" деген. Макул деп эки ай күткөндөн кийин барсам, Алмаз качып, үйдү өткөрүп берген жок. Урматтуу Садыр Нургожоевич, УКМК жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевич, чындыкка чыккым келет. Аферисттер мени алдап кетти. Менде бүт далилдер бар, банкка кредит төлөгөн, машиналарымды берген далилдерим бар".
Мазырбаев мындан сырткары Ак-Ордо конушунан үй алып алданып калганын, аны териштирип жүрүп күнөөлүүнү каматканы менен, Октябрь райондук соту аны бошотуп жибергенине арызданган.
Ошондой эле өзүнө тиешелүү мүлктөрдүн баарын сатып, үй-бүлөсү менен батирде жашап, аны төлөй албай калганын билдирген.
"Бети жана эки колу күйгөн"
Эламан Мазырбаевдин Актан аттуу иниси агасынын абалы тууралуу буларды айтты:
"Абалы бир аз оор. Азыр ооруканада. Денеси, колдору, башы, желке жагы күйүп калган. Буга үй себеп болгон. Сатылган үйдүн документи өтпөй калган".
Эламан Мазырбаев учурда төртүнчү шаардык ооруканада дарыланып жатат. Аталган ооруканынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов Мазырбаевдин абаалы тууралуу буларды айтты:
"Бизге "Тез жардам" менен келген. 30 жаштардагы жаран экен. Бети, анан эки колу күйгөн. Абалы туруктуу. Үйгө качан чыгары белгисиз. Бир-эки күн көрөбүз, баары туруктуу болсо, үйүнө чыгарабыз".
Башкы прокуратура Эламан Мазырбаевдин окуясы боюнча маалымат бере элек.
Кылмыш иши козголгон"
Ал эми Бишкектин октябрь райондук милициясы Мазырбаевдин айткандары боюнча мындай маалымат берди:
"2024-жылы 17-июлда алдоо жолу менен анын 63 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн ээлеп алган М.дан А.га карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
17-ноябрда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, №1 Тергөө абагына киргизилген. Кылмыш иши тергелип бүтүп, Октябрь райондук сотуна жиберилген.
Ал эми жарандын экинчи арызы боюнча, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгондугун эске алып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын Эламан Мазырбаевдин арызы боюнча сотко өткөрүп берүү маселеси көтөрүлгөн. Тергөөнүн алкагында тараптардын бардык жүйөлөрү иликтенип, учурдагы мыйзамдардын негизинде чечим чыгарылат", - деп айтылат милиция жиберген маалыматта.
Мазырбаев айтып жаткан TS group компаниясына кайрылганыбызда, алар компаниянын бул адамга жана анын аракеттерине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
"Азаттык" окуяга байланыштуу бардык тараптардын пикирин берүүгө даяр.
Кыргызстанда курулуш тармагындагы алдамчылыкка байланыштуу нааразы болгон фактылар соңку жылдары көп катталып келет.
"Карапайым элдин укугу көз жаздымда калууда"
Жарандык активист Адил Турдукулов мындай окуяларды адилеттик таппаган учурда аргасыз жасалган кадам деп баалады:
"Аргасыздыктан барып жатат окшойт. Негизи укук коргоо органдарына адилеттик издеп барат да, реакция болбогондон кийин ошондой радикалдуу кадамдарга барып жатат окшойт. Баарына ушундай мамиле болуп жатат дегенден алысмын, анткени бул иштин үтүр-чекитин билбейбиз. Системалык түрдө айтканда, тең салмактуулук жоголгон, көп учурда укук коргоо органдары саясий куугунтукка көңүл буруп, жөнөкөй жарандардын укугун көз жаздымда калтырып жаткан жокпу деген ой келет. Кыргызстанда коомдун үнү катуу чыкса, укук коргоо органдары, бийлик дагы көңүл бурат, көз жаздымда калбайт деген ой калыптанып калган. Ошондуктан жарандар ушундай кадамга барып жатат деген ойдомун".
Буга чейин баткендик блогер Батмакан Жолболдуева 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыккан. Ал Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, анын арыз муңун укук коргоо органдары четке кагып жатканын айткан. Милиция анын сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттаган.
Батмакан Жолболдуева ушу тапта да өзүнө кол саларын айтып келет.
Шерине