"Сергек жашоо" подкастында бүгүн ушул жана бир катар орчундуу суроолорго жооп издейбиз. Биздин коногубуз - Европа жана Америкадагы кардиологдор ассоциацияларынын мүчөсү, белгилүү кардиолог-аритмолог Дамир Осмонов.
Эркектин жүрөгү назикпи?
- Дамир мырза, биздин студияга кош келипсиз. Мындан төрт-беш жыл мурдагы статистиканы карап көрсөк, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып, каза тапкандардын көбү эмгекке жарамдуу курактагы адамдар болгон экен. Азыр абал кандай?
- Тилекке каршы, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорусунан каза тапкандар саны жагынан азыр да биринчи орунда. Сиз айткандай, эмгекке жарамдуу курактагылар жабыркап жатат. Алар инфаркт же инсультка чалдыккандан кийин майыптыгы барлардын катарына кошулуп, өзүнүн ишин аткара албай калууда.
- Сизге келген бейтаптардын көбү кайсы куракта, эркектерби же аялдарбы?
- Жүрөк-кан тамыр оорулары негизинен 50 жаштан кийин байкала баштайт. Эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына аялдарга караганда он жыл эрте чалдыгат. Аялдагы эстроген гормону жүрөк-кан тамыр оорусунан сактап турат. Бирок менопауза курагына келген аялдарда жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелдиги жогору.
- Эркектерде андай гормон жокпу?
- Бизде тестостерон басымдуу. Ал эстрогендей жүрөктү коргобойт. Эстроген кан тамырларды жеңилдетип, холестериндин деңгээлин жөнгө сала турган касиетке ээ.
- Көп эркектер жүрөк оорусунан бир эле күндө, күтүүсүз кайтыш болушат экен. Мунун себеби эмнеде? Кандайдыр бир илимий изилдөөлөр болсо керек?
- Илимий изилдөөлөр жетиштүү. Жаш адамдын кан тамырлары ишемияга даяр эмес болгондуктан, инфаркт учурунда жүрөгү токтоп калышы мүмкүн. Бирок адамдын жашы өйдөлөгөндө, бул коркунуч азаят. Анткени убакыт өткөн сайын жүрөк ишемияга даярданып, жардамчы тамырлар пайда болот. Сиз айткандай, “соо эле жүрүп, күтүүсүз кайтыш болду” дегендерди угуп калабыз. Анын себеби, компенсация кылчу тамырлар жок болгондуктан, жүрөк канды айланта албай калат да, аритмияга кирип кетет. Эгер ошол учурда “Тез жардам” эрте келсе, жүрөктүн кайра согуп кетүү ыктымалдыгы жогорулайт.
- Аритмия демекчи, жакында сиздер ошол дартты жасалма интеллекттин жардамы менен аныктаган бир ыкманы ишке киргизген турбайсыздарбы?
- Жасалма интеллектин жардамы менен дартты башталгыч этабында байкоо ыкмасын ойлоп таптык. Кыргызстанда ага патент да алынды. Эгер адамда жүрөк-кан тамыр оорусунун белгилери байкалса, ага эхокардиография, электр кардиограммасы же коронография керек экени кошо аныкталат. Биз тапкан ыкманын өзгөчөлүгү - адис талап кылбайт. Уюлдук телефон тарткан бийик тоолуу аймакта деле иштеп, дарт бар же жогун бир мүнөттүн ичинде билсек болот.
- Жыйынтык сиздерге келип түшөт да?
- Ооба. Атайын программа да жасалып, биздин телефонубузга жүктөлгөн. Түшкөн маалымат биринчи бизге келет, биз аны почта менен АКШдагы чат-ботко жиберебиз. Ал электрокардиограммадагы толкундарды текшерет да, 30 секунд же бир мүнөт ичинде жооп берет.
- Сиздер тапкан ушул ыкма аритмияны же жүрөктүн согуу ыргагын аныктай турганы жазылып жүрөт. Жүрөктүн согуу ыргагы эмнеден бузулат?
- Ооба, биз тапкан ыкма жүрөктүн туура согуп же сокпогонун аныктайт. Ыргак бузулушунун көп фактору бар. Көбүнчө стресс, туура эмес тамактануу, уйкунун аздыгы, кыймылсыз жашоо же денеге ашыкча күч келтирүү себеп болот. Алкоголдун, тамекинин уусу да жүрөктүн ишин бузат. Мына азыр кыш, тумоо жүрүп жатат. Сыркоолоп калганда дарыгерге барбай, антибиотикти же вируска каршы дарыларды өз алдынча ичүү да жүрөк үчүн кооптуу.
Сасык тумоо жүрөктү кантип оорутат?
- Сасык тумоо деп калдыңыз, ошол инфекция, вирустар киргенде жүрөк сезгениши мүмкүнбү?
- Вирус организмге киргенде, иммундук система өзгөрүп, ага каршы күрөшүү үчүн иммундук клеткалар чыгат. Ошол учурда адамдын дене табы көтөрүлөт, жүрөгү бат-бат сого баштайт. Тердеген учурда организмде суу азаят. Эгер адам тердеп, бирок суу ичпей жата берсе, кан коюлуп, инсульт, инфарктка чалдыгуу тобокелдиги жогорулайт. Бул биздин организмдин вируска жообу десек болот.
Ал эми вирус өзү жүрөккө барганда, анын булчуңуна зыян келтириши мүмкүн. Муну биз миокардит деп айтабыз. Вирус көбөйгөндө жүрөктүн булчуң клеткалары өлүп, жүрөк кемтиги пайда болот. Жүрөк кемтиги өтө курч кармашы же өнөкөткө айланып кетиши мүмкүн. Андай болгон учурда адам демигет, басканда чарчап, муздак тер чыгат. Колу-буту муздап, шишип, энергиясы азайып, жүрөктүн согуу ыргагы бузулат.
Вирус жүрөктүн перикард торчосуна да зыян келтирип, перикардит кылышы мүмкүн. Анда жүрөктүн тегерегине суу биригип калат. Суу көбөйгөндө, тампанада болуп, жүрөк өзүнүн суусуна өзү буула баштайт. Кан басым түшүп, пульсу көтөрүлүп, кээде өлүм менен аякташы мүмкүн. Суу көп эмес, бирок сезгенүү күч болсо, ал жердин клеткалары бузулат, торчо калыңдап, жүрөккө кан жетишерлик толбой констриктивдик перикардитке айланып кетиши ыктымал. Мында дем кысылат, жатканда көкүрөк ачышат. Негизи грипптен кийин бир-эки жума ичинде ушундай симптомдор болушу мүмкүн. Дарыгерге эрте барып дарыланса, ооруну алдын алуу мүмкүн. Эгер сасык тумоодон кийин бронхитке окшош белгилер байкалып, бирок айыкпай жатса, анда жүрөктү эске алыш керек.
- Кусуп алы кеткен бир жакыныбыз "ашказаным ооруп жатат" деп догдурга барса, жүрөгү ооруга чалдыккан экен. Жүрөк ооруганда ашказан аркылуу белги береби?
- Жүрөктүн ылдый жагы ашказанга чектеш. Кээде жүрөктүн ылдый жагын кан менен камсыз кылган тамыр кысылат. Ошол учурда ашказанга жакын аймакка кан жетпей калат. Аны жүрөктүн ашказанга жакын участогу ооруп жатат десек туура болот. Төмөнкү инфаркт деп коёбуз, кан басым түшүп, адам кусат. Бизде аны көбүнчө ууланып калды же гастрит деп ойлошот. Өзү басылып калат деп жата берип, оорусу өтүшүп кеткенде келгендер да жок эмес.
- Туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо жүрөк-кан тамыр ооруларын көбөйтүп жатканы айтылууда. Мисалы, энергетикалык суусундук ичип, жүрөгү токтоп калгандар тууралуу угуп калабыз.
- Энергетикалык суусундукту түнкүсүн уйкуну келтирбей, сергек болуш үчүн ичкендер бар. Негизи организм чарчаганда эс алыш керек. Бирок аны эс алдыруу ордуна, кошумча иштетип жатышат. Эгер энергетик ичүү өнөкөткө айланып кетсе, жүрөктүн иштөө ыргагы бузулат. Кээде ар түрдүү аритмияга чалдыгып, өлүмгө чейин жетиши мүмкүн. Энергетиктер ошондой эле кан басымды көтөрөт, инсульт, инфаркт тобокелдиги жогорулайт. Жалган энергия бергени үчүн организмде өнөкөт чарчоо, уйкусуздук пайда болот.
Тез татымдардын, суусундуктардагы жеңил углевод же кант кыска убакытка гана энергия берет, ошол эле маалда анын калориясы көп. Калория көп болгондо, май клеткалары пайда болуп, ашыкча салмакка алып келет. Ашыкча салмак кант диабетине себеп болушу мүмкүн. Кыймылсыз жашоо дагы жүрөккө зыяндуу. Жүрөк өзү кыймыл-аракетти жакшы көрөт. Эгер адам интенсивдүү спорт менен машыкса, ага бир жумада 75 мүнөт, жеңил спорт болсо 150 мүнөт бөлсө болот.
- Жүрөгү ооругандарга туздуу тамак жегенге, суюктукту көп ичкенге болбойт турбайбы?
- Жүрөк кемтиги барларга туз - душман. Туз организмде сууну кармайт. Кан тамырдын ичинде суу көбөйгөндө, араң иштеп жаткан жүрөккө ого бетер күч келет. Ал суу өпкөгө чогулуп, дем алууну оорлоштурат, кол менен бутту шишитет. Ошондуктан жүрөгү ооруган адамдарга тузу өткүр тамак жегенге болбойт, суюктукту ченем менен ичиши керек. Бир жолу инфаркт кармап, бирок андан жакшы болуп кеткен адамдар сууну иче берсе болот. Бирок өнөкөт жүрөк оорусуна чалдыккандарга бир литрден ашык суу ичкенге болбойт.
- Бизде гипертония менен ооруган адамдар көп экен. Андан кийин жүрөктүн ишемия, стенокардия дартына чалдыккандар турат деп окуп калдым. Булар эмне болгон оорулар, кыскача түшүндүрмө бере кетесизби?
- Гипертония - бул кан басымдын көтөрүлүшү, 40 жаштан жогору адамдарда эң көп кездешкен оорулардын бири десем болот. Ар үч адамдын экөөсүндө кездешет. Айрыкча инфаркт болгон адамдар арасында кан басымы жогорулар көп. Стенокардия оору эмес. Жүрөккө кан жетпегенде көкүрөккө күч келет, ошол стенокардия деп аталат. Ишемия болсо жүрөккө кан жетпей калганда пайда болгон оору. Май, холестерин биригип, тамырга тыгылып калганда, ошол жерден кандын өтүшү кыйындап, жүрөк булчуңдары кан менен толук камсыз болбой калат.
- Мен бийик тоолуу аймакта чоңойгом. Биздин айылда көп эле адамдар жогору кан басым менен жүргөнүн айтышат. Кан басым көтөрүлгөндө эмне болот - кандын өлчөмү көбөйүп кетеби же коюлуп кетеби? Жалпак тил менен түшүндүрүп бересизби?
- Жөнөкөй айтканда, үйдө жакшы орнотулган батареяда анын ичиндеги басымды көрсөтүп турган жабдык болот. Эгер басым белгилүү көрсөткүчтөн ашып кетсе, батерея туташкан жерден суу атып чыгат. Ошондой болбосун деп басымды бир калыпта кармаганга аракет кылабыз. Кан басым деле ошондой. Эркектерге нормалдуу кан басым 120-80 болсо, көпчүлүк аялзаты менопаузага чейин 100-60 менен жүрөт. Эркектерде аялдарга караганда кан басым жогору келип, 140-80 же 130-80ди көрсөтөт. Эгер кан басым ушул деңгээлден жогорулап кетсе, биздин көзүбүзгө, бөйрөгүбүзгө күч келип, кан тамыр калыңдаша баштайт. Басым күчтүү болсо, ага каршы тирөөч да күчтүү болот да.
Бирок жүрөк үчүн бул жагымсыз. Ага ошол басымга жараша тамырлар, канды айлантуу үчүн күч керек. Жүрөк калыңдаган сайын өзүнө да кан керек боло баштайт. Эгер өзүн кан менен толук камсыз кыла албай калса, ишемия келип чыгат. Кан басым жогору болгондо айрым кан тамырлар жарылып кетиши мүмкүн. Эртең менен турганда көзү кызарып кеткендер бар го. Демек көзгө күч келип, майда капиллярлар жарылган болот. Айрымдардын мурду канайт. Кан басым жогору болгондо мурундун ичиндеги майда тамырлар жарылып, канап кеткени жакшы. Андай болбой кан мээге кетсе, адам инсульт алат. Кан басымы жогорулар туздан баш тартып, туура тамактанып, өз маалында уктап, көп кыймылдашы керек. Анткени кыймылдаганда кан басым түшөт.
- Уйку тууралуу эки-үч жолу айтып калдыңыз. Биз уктаганда жүрөктү коргогон, иштешин калыбына келтирген гормондор бөлүнүп чыгабы?
- Адам терең уйкуда жатканда, таңкы саат 4-5 же 3-5 аралыгында денеде кортизол гормону бөлүнүп чыгат. Ал күндүз стресске туруштук берчү гормон. Кортизол бизге күч берет, кан басымды, кантыбызды жөнгө салып турат. Уйку бузулганда анын белгилүү убакта бөлүнүп чыга турган режими, жөнгө сала турган функциясы бузулат. Бизге керек эмес убакта бөлүнүп чыгып, кан басымды көтөрөт, уйкусуздукка себеп болушу мүмкүн. Уйкунун кан басымды жөнгө салууда, адамды сергек кармоодо ролу чоң. Андыктан күнүнө 6-8 саат уктап, эс алыш керек.
- Кан басым жогорулап кетсе кесепеттери кандай болорун айттыңыз. Эгер кан басым түшүп кетсечи?
- Кан басым нормада болсо, биздин ар бир органыбыз кан менен жетиштүү камсыздалат. Кан басым түшүп кеткенде, ал органдарга кан жетпей калат. Мээге кан жетпесе, адамдын башы айланып, алсырап, кулап калышы да мүмкүн. Ишемия жүрөккө гана тийиштүү оору эмес. Кан жетпеген ар бир орган ишемия болуп, өз функциясын аткара албай калышы мүмкүн.
- Сиз келердин астында бир кызыктуу маалымат окуп калдым. Жүрөктүн ичинде синустук түйүн деген бар турбайбы, жүрөк организмдин мотору болсо, ал жүрөктүн өзүнүн мотору экен. Бирок кээде ал иштебей калып, ордунда жасалма аппарат коюлат турбайбы?
- Синустук түйүн жүрөктүн оң жагында болот. Бул жүрөктүн мотору эмес, генератору десек туура болот. Жүрөктүн мотору - анын булчуңдары, синустук түйүн ошол булчуңдарга "минутасына 60 жолу сок же чочуганда батыраак сок" деген буйрук берип турат. Башкача айтсак, жүрөктүн согушун синустук түйүн башкарат. Кээде ошол түйүн 70 жыл тынбай иштеп, чаалыгат. Айрыкча улгайган адамда ал жайыраак же туура эмес иштей баштайт, кээде таптакыр иштебей калышы да мүмкүн. Андай учурда жүрөккө кардиостимулятор керек. Аны батарейка десек болот, биз аны тамыр аркылуу эле коёбуз.
- Операция Кыргызстанда эле жасалат да?
- Ооба, жергиликтүү анестезия менен 30 мүнөт же бир саатта эле жасалат. Баасы чөнтөккө чак эле.
- Убагында Кыргызстан жүрөк ооруларын дарылоодо коңшулардан алдыда турчу экен. Азыр абал кандай?
- Союз маалында Кыргызстан дартты эрте аныктоо, дарылоо жагынан коңшуларынан алдыда болчу. Ошол менталитет айрым адамдарда болгондуктан, кийин артта калдык. Азыр технологиянын заманы. Технология өнүккөн сайын дартты аныктоо, өз убагында дарылоо, операциясы жок дарылоо ыкмалары жакшырууда. Алардын бири - ангиография. Кыргызстанга ангиография келгенден бери тамырларды убагында ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, инфаркттан болгон өлүм азайды. Мурда дары менен дарылаганда өлүмдүн көрсөткүчү 25% болсо, азыр 5% тегерегинде. Ошондой эле кардиостимуляторлор да жетиштүү боло баштады. Бирок бизде бул жабдыктар чоң шаарларда - Бишкек, Ош, Жалал-Абадда гана бар. Башка аймактарга азырынча жете элек.
Жүрөк оорусу тукум кууйбу?
- Жүрөк оорусу тукум кууйт дешет го. Мисалы, чоң энеси жүрөк оорусунан каза тапкан аялда да тобокелдик жогору деп окуп калдым.
- Жүрөк оорусунун баары эле тукум кууй бербейт. Мисалы, синустук түйүнү 70 жашында иштебей калган кишинин баласы дагы ушундай абалга тушугат деп айтууга болбойт. Бирок сиздин агаңыз 53 жашында инфаркттан каза болсо, анда башка эркек бир туугандарыңызда да инфарктка кабылуу тобокелдиги жогору. Аялдарга буга беш жылды кошуп айтуу керек. Сизде. мисалы, 58-60 жашта ошондой дарт пайда болушу мүмкүн.
- Анда мен эмне кылышым керек, кантип жүрөгүмдү оорутпай сактап калсам болот?
- Кардиологдун текшерүүсүнөн өтүп, кандагы канттын, холестериндин өлчөмүн билүү үчүн анализ тапшырып коюшуңуз керек. Эгер көрсөткүч жакшы болсо, 50 жашка чыкканда дагы бир текшерилесиз. Жыйынтык жакшы чыкса, эки-үч жылдан кийин кайра бир барууга туура келет. Кокус дарт пайда болсо, кардиолог жашоо мүнөзүн өзгөртүүнү, дарыгердин көзөмөлү астында дарыланууну жазышы мүмкүн. Баары ошол кездеги жагдайга жараша болот.
- Бизде "акылыңды ук, жүрөгүң менен чеч" же "жүрөгүм сезген" деп калышат. Сезимдерди көбүнчө ушул органга байлайбыз. Чын эле жүрөктө эмоционалдык абалга жооптуу бөлүмдөр барбы?
- Жүрөк - бул өзгөчө орган. Бир карасаң, аябай күчтүү, организм өтө оор шартта, кыйналып жатса да аны кан менен камсыздап, өмүр бою иштөөгө даяр. Бир карасаң, өтө эле назик, кичине эле бир вирусту же стрессти көтөрө албай, токтоп калышы ыктымал. Негизи ар бир аракетибиз мээ аркылуу башкарылат, бирок аны жүрөк аркылуу анализдейбиз. Экзаменден беш алганда сүйүнүп, эйфория болобуз. Анткени канга эндорфин гормону бөлүнүп чыгат. Корккон учурда адреналин бөлүнүп чыгып, жүрөктүн согушу катуулайт. Бирөөнү кууп баратканда норадреналин бөлүнүп чыгат, анда да жүрөк бат согот. Бирок корккон учур менен кууп бараткан учурдагы жүрөктүн согушу ар башка болот. Эгер туура эмес иш кылсак, жүрөгүбүз аны сезип, түндө уктай албай кыйналышыбыз мүмкүн. Эл арасында андай абалды "абийири ойгонуп" жатат деп коюшат.
- Бирөөнү жакшы көрүп калганда да жүрөк алып-учат го...
- Сүйүү сезими келгенде мээден "ушул жакшы киши экен, буга жетүү керек" деген сигнал кетет. Гормондор бөлүнүп чыгып, нерв аркылуу жүрөккө барат. Синустук түйүн адам толкунданып турат деп, канды батыраак айланта баштайт.
- Кайгылуу кабар укканда же ачууланганда жүрөгүн мыкчып кулап калуу да ушундан улам тура.
- Түздөн түз. Жүрөккө кам көрүү бул ар бир адамдын жеке маселеси болушу керек. Жүрөк туура, таза иштеши үчүн тез татымдан, энергетикалык суусундуктардан баш тартуу, токсиндер денени уулабашы үчүн зыяндуу адаттардан алыс болуу, дайыма кыймыл-аракетте жүрүү зарыл. Кыймыл денедеги тең салмактуулукту сактап, жүрөктүн иштешин жеңилдетет. Салмак ашыкча болгондо жүрөк өз нормасынан ашык иштеп, организмди мурдагыдан да көбүрөөк кан менен камсыздоого аракет кылып кыйналат. Анан стресстен алыс болуп, өз маалында уктоого маани беришибиз керек.
Подкастты "Азаттыктын" YouTube каналынан угуңуз.
Шерине