Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Самаевди Токмоктон Жалал-Абадга жеткирген саясат


Урматбек Самаев кармалган жана кызматка дайындоо учурунда тартылган сүрөт.
Урматбек Самаев кармалган жана кызматка дайындоо учурунда тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. “Чемпион” деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган.

Бирок Самаев жакында эле Жогорку сотто акталганы белгилүү болгон. Убагында ар кандай сөз ээрчиген, коррупцияга айыпталган адамдын жетекчилик кызматка барышы талкуу жаратууда.

20-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Урматбек Самаевди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары кылып дайындоо жарлыгына кол коюп, Самаев эмгек жааматка да тааныштырылды.

Урматбек Самаевди жамаатка тааныштыруу учуру. Сүрөт Turmush.kg сайтынан алынды.
Урматбек Самаевди жамаатка тааныштыруу учуру. Сүрөт Turmush.kg сайтынан алынды.

Мындан бир апта мурун эле сотто акталып, эми кызматка келип калган Самаев комментарий берүүгө макул болгон жок.

"Жанымда кишилер бар эле. 10 минутадан кийин өзүм байланышайын", - деген Самаев кайра байланышка чыккан жок.

Урматбек Самаевдин кызматка дайындалышы боюнча бийлик, Министрлер кабинети да түшүндүрмө бере элек.

Самаев эки жыл мурун эмнеге кармалды эле?

Мурдагы депутат, Токмок шаарынын экс-мэри Урматбек Самаевдин кызматка барышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз жаңылык болуп турат. Анткени ал Токмокту башкарып турган 2023-жылы 17-апрелде кармалып, УКМК аны коррупциялык схемага айыптаган.

Атайын кызмат Самаевдин үйүн тинтип, анын байлыгы тартылган видео жарыялап, мындай маалымат тараткан:

УКМК.
УКМК.

“УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталды. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган”.

Урматбек Самаев ошол эле жылы 30-апрелде прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыккан. 2024-жылы 9-февралда Токмок шаардык соту Урматбек Самаевди “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен актап, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 1 миллион сом айып салган. 13-январда Урматбек Самаев Жогорку соттон толук акталып чыкты.

Жарандык активист Айбек Теңизбай Самаевдин акталышы, андан кийин кызматка дайындалышы бийликтин ишине көлөкө түшүрөрүн айтты:

Айбек Теңизбай.
Айбек Теңизбай.

“Урматбек Самаев криминал, чек арадагы айрым иштерге катыштыгы бар адам катары таанымал. Ал ушундай байланыштары, таасири аркылуу кызматтарда жүргөнү да айтылып келет. Ушундай кадр саясаты, ушундай кызматка дайындоо бийликтин өзүнө көлөкө түшүрөт. Эмне үчүн ушундай кадамга барганы мага да кызык болуп турат. Самаевден башка татыктуу, артынан сөз ээрчибеген адамдар абдан көп. Ал бийлик адамдары менен болгон жеке мамилесинен улам кызматка ээ болду окшойт".

Урматбек Самаев өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алган эмес. Самаев УКМКнын маалыматында айтылган окуялар ал кызматка келе элек 2016-2018-жылдары болгонун айтып, кылмышка ага чейин иштегендер жооп бериши керектигин билдирген.

Самаевдин тарапташтарынын бири, Токмок шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Кайрат Чокеев мындай деди:

Кайрат Чокеев.
Кайрат Чокеев.

"Самаев айыпты эч качан мойнуна алган эмес. Сот иштери эки жылдай жүрүп, бир апта мурун акталып чыкты. Сот жүрүшүндө кылмыш иште айтылган окуялар мурдагы мэрдин учурунда болгону аныкталган. Анын акталып чыкканына токмоктуктардын көбү сүйүнүп жатат. Эми кызматка дайындалышы боюнча айтсам, Самаев Жалал-Абаддын жетекчиси Тилек Текебаевге мыкты орун басар болуп, жакшы иштеп кетет".

Урматбек Самаев коомчулукка “Чемпион” деген ат менен таанылып, Токмоктогу кылмыш дүйнөсүнө жана жүк аткезчилигине тиешеси бар экени айтылып келген. Өзү, анын тарапташтары бул маалыматты төгүндөп келишет.

Самаев Октябрь окуялары учурунда депутаттарды коркутканбы?

Урматбек Самаев 2016-жылы парламентке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Райымбек Матраимовго тиешелүү “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун бийликке келишин катуу колдоп, кезексиз жыйынга чогултуу үчүн депутаттарды коркутканын ошол учурдагы эл өкүлү Аида Касымалиева айтып чыккан эле:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

“Ошол жерде "силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер" деп депутат Урмат Самаев коркутуп жүрдү. Менин жеке өзүмдү да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, "келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз деген сөз болду", - деген Аида Касымалиева 2020-жылы 10-октябрда.

Бул окуядан кийин, 2020-жылы 13-октябрда Урмат Самаев Аида Касымалиевага жооп берип, анын айыптоосун толугу менен четке каккан.

"Аида Касымалиева менен бир эле жолу жолуккам, жанында депутаттар бар болчу. Түз эфирде көрсөтүлүп жатты. Аида менен мен сүйлөшпөсөм, же жалгыз бир жакка колунан сүйрөп баратсам бир жөн. Эмнеге андай кылып жатат, билбейм".

Кийин 2021-жылы август айында Урматбек Самаев Токмок шаарына мэр болуп дайындалган. Бул кызматта УКМК кармап кеткиче, 2023-жылдын апрель айына чейин иштеген. Аны мэр болуп тургандагы ишмердигин сындагандар, ошол эле учурда колдогондор да көп.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG