Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 12 кабат мейманкананын ресторанында башталган. Учурда Түркияда мектептерде каникул болгондуктан, мейманканада 237 эс алуучу турганы белгилүү болду.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая каргашада каза болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын кошумчалады.
Болу провинциясынын губернатору Абдулазиз Айдын алдын ала маалыматка таянып, өрт мейманкананын төртүнчү кабатында жайгашкан ресторанда башталып, өйдөкү кабаттарга жайылганын билдирди.
"Терезеден балдарын ыргытканга аракет кылышты"
Али Атмажа өрт чыкканда терезени сындырып сыртка чыкканын, ата-энелер кичинекей балдарын терезеден ыргытууга аракет кылганын мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттигине айтты.
"Терезеден балдарын ыргытканга аракет кылышты. Биз төшөк, жууркандарды жерге төшөп, балдар ошого түшсүн деп ойлодук", - дейт Атмажа.
Ал эми мейманканадан биринчилерден болуп сыртка чыккан Барыш Салгүр бөлмөдөгү жаздык, төшөктөрдү жерге төшөп, терезеден секиргендерге жардам бергенин айтып отурду.
"Жаздык, жууркандарды алып чыктык. Өрт өчүргүчтөрдү күтүп турганча мейманканадагыларга көмөктөштүк. Жардам сурап кыйкыргандар көп болду", - дейт каргашалуу окуянын күбөсү.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кеминде эки киши терезеден секирип каза болгонун, айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышканын жазды.
Болу провинциясынын мэри Танжу Өзжан мейманканада токтогондордун көпчүлүгү үй-бүлөлөр болгонун, бирок өлгөндөрдүн арасында канчасы аялдар же балдар экенин айтуу мүмкүн болбой жатканын кабарлады.
Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган "күнөөлүүлөр жоопко тартылат" деди.
"Алты прокурор жана эксперттик комиссия дайындалды. Окуянын себебин ачыкка чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт", - деди Эрдоган.
Тилсиз жоо түрк журналистти үй-бүлөсү менен жалмады
Мейманкана Болу шаарынан бир топ алыс, тоо боорунда жайгашкан. Кар калың түшкөндүктөн, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге бир сааттан ашык убакытта жеткени айтылууда. Жалын 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөнү маалымдалды.
Түркиялык белгилүү ырчы Махсун Кырмызыгүл да өрт чыккан мейманканада кызы менен эс алып жатканын, түн бир оокумдагы каргашалуу окуяда аялдар менен кичинекей балдардын кыйкырыгын укканын Инстаграм баракчасына жазды:
"Кызым экөөбүз Карталкаяга эки күн мурун каникулга барган элек. Түн ортосунда өрттөн ойгондук. Чоң дүрбөлөң болду. Ачык айтканда, эл жанын куткарууга аракет кылды. Кичинекей балдар менен аялдардын кыйкырыктары угулуп турду. Эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылып, нес болуп калдык.
Тилекке каршы, ар бир кырсыкта көргөндөй эле, күнөөлүүлөр жоопко тартылабы же жокпу деп тынчсызданам. Анткени өлкөбүз мындай трагедиялардан жетиштүү сабак ала албай жатат".
Жергиликтүү Sözcü гезитинин журналисти Недим Түркмен да үй-бүлөсү менен өрт чыккан мейманканада болгону, болгон аракетке карабастан дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Көп өтпөй анын кесиптештери журналисттин аялы жана эки баласы менен каза болгондугу тууралуу маалыматты социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялашты.
Шейшембиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен набыт болгондорго байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 21-январда кабарлагандай, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалыматты жергиликтүү расмий органдардан тактаган.
Белгилей кетсек, расмий Анкара маалымат каражаттарына каргашалуу окуя тууралуу маалымат таратууга тыюу салды.
"Grand Kartal" мейманканасынын кожоюндары түркиялык ишкер жубайлар Халит Эргүл жана Эмине Муртезаоглу Эргүл. Алардын Болу провинциясында дагы эки мейманканасы бар. Бул эс алуу жайлары жубайларга ишкер Мазхар Муртезаоглундан мурас калган.
Эл аралык Sky Mag журналынын 2001-жылдагы март-апрель санына чыккан маегинде Муртезаоглу мейманканасын 1978-жылы австриялык инженерлер менен бирге курганын айткан.
Халит Эргүл 18-январда жергиликтүү басылмаларга берген маалыматында кышкы эки жумалык каникулда үч мейманканага 50 миңден ашык эс алуучу келерин айткан. "Карталкая" - лыжа тепчүлөр эң көп барган жайлардын бири.
Шерине