Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Орусиянын Алтай аймагындагы жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин, анын шарты, тейлөөсү мыкты экенин жазды. Келечекте Кыргызстанда Жыргалаң–Ак-Булак–Бозучук тоолору кошулган ушундай эс алуучу жай салынарын, келерки айда сынак аркылуу куруучу компания тандаларын белгиледи.
"Кыргыз эли өзүбүздүн басып өткөн жолубуздун бурулуш, чечүүчү учурун Алтай жергеси менен байланыштырабыз. Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулуп өскөн жер. Кыргыз тилинин көптөгөн түрк тилдеринин ичинен алтай тилине эң жакын болушу да кокустук эмес. Азыр дагы Алтай жергесинде кыргызча жер-суу аттары бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат. Мына ушул Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” (кыргызча аты - “Миң жүрөк”) лыжа базасын көрүп келдим. Шарттары абдан жакшы. Тейлөө кызматы эң жогорку деңгээлде экен. Биз дагы жакын арада Жыргалаң–Ак-Булак–Бозучук тоолорун бириктирген ушундай лыжа базасын кура баштайбыз. Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт", - деп жазды Жапаров Фейсбуктагы баракчасына.
Президент соңку билдирүүсүндө буга чейин лыжа базанын курулушуна катышууга кызыгып жатат делген француз инвесторлору тууралуу үн каткан жок.
Анын Алтай сапары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.
Садыр Жапаров "Манжерок" лыжа базасында Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жана Орусиянын "Сбербанк" банкынын директору Герман Греф менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Коомчулукка көптөн бери ачык чыкпай калган Бабановдун Жапаров менен чогуу көрүнгөнү талаш-талкуу жаратты.
"Азаттык" Бабанов "Үч чоку" долбооруна катышканы жатабы деген суроого өзүнөн жана жакын айрым тааныштарынан комментарий алууга аракет жасады, бирок майнап чыккан жок.
Бабанов 2021-жылы май айында "Кумтөр ишине" байланыштуу камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы айып коюлган, бирок 2022-жылы сот аны актаган. Ошондон бери Бабанов саясатка аралашпай калган.
Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Улуу Британия баштаган айрым өлкөлөр "Сбербанк" менен анын башчысы Герман Грефти "кара тизмеге" кошкон. Мындан улам соңку жагдай Кыргызстандын санкцияга илинип калуу тобокелдиги тууралуу сөздөргө да негиз болду. Президенттин администрациясы буга байланыштуу түшүндүрмө бере элек.
"Франциялык компания долбоорду 1,6 миллион еврого даярдаган"
"Үч чоку" долбоору тууралуу былтыр апрелде белгилүү болгон. Анда Садыр Жапаров атайын кеңешме өткөрүп, ага франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан дагы катышкан жана өздөрү "аймактагы эң ири лыжа базасы болот" деп сыпаттаган долбоор тууралуу маалымат берген.
Лыжа базанын курулушунун баштапкы этабында болжол менен 165 миллион евро кетет деп эсептелген.
"Паскаль де Тьерсан “Үч чоку” кластери Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасы боло аларын билдирди. Ал белгилегендей, долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учукту камтыйт. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат. Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумуш орду түзүлөт деп болжолдонуп жатат. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетет. Кластерди куруунун биринчи этабында 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Пландаштырылган иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт жана 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылат. Ошону менен бирге туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат. Маалыматты угуп, президент мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди изилдөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды", - деп жазылган президеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Бул франциялык компания Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен 2023-жылы келишим түзгөн. Аталган фонддун жетекчиси Кылычбек Рысалиев "Азаттыкка" түшүндүрмө берип жатып француз компаниясы менен байланышуу тууралуу президенттик администрациядан атайын тапшырма берилгенин билдирди. Фонддон долбоорду даярдоо үчүн француз компаниясына 1,6 миллион евро төлөп берилгенин маалымдады:
"Президенттин администрациясы өзү аларды таап, сүйлөшүп, андан кийин бизге жөнөткөн. Бизге "ушулар менен иштегиле, булар долбоорду даярдап берет" деп айтышкан. Биз аларды кабыл алып, каржылап бергенбиз, 1 миллион 600 миң евро төлөгөнбүз. Алар ошол долбоорду даярдап, аны ишке ашырууга дагы жардам бермек. Алар келип, бир нече жума изилдеп, ошол жерлерге токтошкон".
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын "Азаттыкка" билдиришинче, элчилик бул долбоордун баштапкы этабында жардамдашкан:
"Элчилик дагы бул ишке аралашып, башында жолугушууларды өткөрүп, эки тараптын ортосунда мамиле түзгөнгө жардамдашкан. Бул долбоорго франциялык компания катышты. Албетте, инвестиция тартуу жаатында иштер жүрүп жатат. Эми ар бир инвестициянын шарттары ошол инвесторлорго кызык болушу керек. Азыр эми Караколдо эс алгандардын саны аябай эле көп болуп жатат болушу керек. Демек, мунун өзү бул долбоор кызыктуу экенин, ишке ашырса болорун көрсөтүп жатат. Азыр эми алгачкы этабы башталса керек. Биздин кызматыбыз - кызыкдар тараптарды байланыштырып, кол кармаштырып берүү, өкмөт андан ары өз ишин алып барат".
Былтыр жайында президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыз Куршевель" ишканасы түзүлүп, "Үч чоку" долбоору аларга берилген.
Ишкананын башчысы болуп Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Жаркынбек Максүтов дайындалган. Өкмөт август айында бул долбоор үчүн Ысык-Көлдөгү 1624 гектар жерди “Кыргыз Куршевелдин” мөөнөтсүз пайдалануусуна берген.
Курорттогу үч жылдыздуу мейманканаларды президенттин иш башкармалыгы курат. Башка мейманканалардын инфраструктурасын (электр энергиясын жеткирүү, жолдорду, канализацияны куруу, таза суу, интернет менен камсыздоо) мамлекеттик тармактык мекемелер бюджеттин эсебинен куруп берет.
Президенттин иш башкармалыгы каражат кайдан алынары тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Кызыккан инвесторлор көппү?
"Кыргыз Куршевель" ишканасынын жетекчиси Жаркынбек Максүтов мамлекеттик маалымат каражаттарына курган маегинде долбоорго кызыккан инвесторлор көп болуп жатканын айткан:
"Бүгүнкү күндө инвесторлор келип жатат. Асма аркан жолун кургандарды биз анализ кылсак, бул жаатта беш-алты эле компания бар экен. Ошолордун баары биздин долбоорго кызыгып келип жатат. Жакында италиялык жана австриялык инвесторлор келди. Инвесторлорго бир мейманкананын же бир нече мейманкананын курулушун сунуштап жатабыз. Аларга карата бир гана сырткы келбетин өзгөртпөө талабы коюлат. Ички жасалгасын өздөрү каалагандай өзгөртсө болот. Кызыгуу аябай көп. Биринчи этабында 1624 гектар жерге Жыргалаң шаарчасын, тоо курортун куруу каралган. Анын 58 гектар жерине шаарча салынат. Ал жерге 49 мейманкана, оорукана, дүкөндөр өңдүү керек болгон нерселердин баарын салууну киргиздик. Бүгүнкү күндө анын долбоору даярдалып жатат".
"Үч чоку" долбооруна байланыштуу өткөн соңку кеңешмеде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Алмазбек Сокеев таза суу жеткирүү, саркынды сууларды чыгаруу жаатында жумуштар май айында башталарын билдирген:
"Биздин болжолдуу эсебибиз боюнча, бул долбоорго 2 миллиард 200 миллион сомдой кетет. Бул таза суу жеткирүү менен саркынды сууларды чыгарууга жумшалат. Анын ичинен 400 миллион сом суу бассейнин курууга сарпталат. Бул эми долбоор, балким, мындан арзан же бир аз кымбат болуп калышы да мүмкүн. Долбоорду баштап, аны үч-төрт айда бүтүрсөк, май айларында күн жылып, кар эригенде, жерди даярдоо жумуштарын баштасак болот".
Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана туризм министри Азамат Жаманкулов мамлекеттин кепилдиги, инвесторлорду кооптондурган тобокелдиктерди жоюу зарыл экенине токтолду:
"Негизи бул жакшы долбоор. Өзүңүздөр билгендей, биз тоо-лыжа класстерин көптөн бери эле сөз кылып келебиз. Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканаларды, курортторду курганга шарт бар. Ошолор ишке ашырыла баштады окшойт. Долбоор менен таанышкам, анын техникалык-экономикалык негиздемесин дүйнөлүк курортторду курган адамдар жазып чыгышты. Дүйнөдө мындай чоң долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттин ролу абдан чоң. Суу, канализация, электр энергиясы өңдүү инфраструктуралык маселелерди мамлекет чечип берет. Анын баарын ошол жерге чейин жеткирет. Кээ бир өлкөлөрдө ошол асма жолдорду дагы мамлекет куруп берет. Инвесторлор үчүн туруктуулук маанилүү. Чоң-чоң компаниялар, айрыкча европалык компаниялар коопсуздукту карашат. Салынган инвестицияны эртең кайра алып чыгып кеткенге, аны көбөйткөнгө кепилдикти карашат. Өздөрүнүн тобокелдик боюнча параметрлери бар. Ошолордун баарын камсыздап, ынандырган кепилдик берсек, алар ошондо гана келиши мүмкүн".
Министрлер кабинети 17-январдагы жыйынында өлкөдөгү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекиткен жана ага "Үч чоку" дагы кирген.
"Кыргыз Куршевель" ишканасы ушул жылдын аягында алгачкы туристтерди кабыл алууга даяр болорун маалымдап жатат. Кыргыз өкмөтү лыжа базаны куруучу компанияларды тандап алуу шарты тууралуу азырынча толук маалымат бере элек.
Шерине