Шейшембиде АКШнын жаңы лидери Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин урушту токтотуу макулдашуусунан баш тартса, анын администрациясы Москвага жаңы санкцияларды салышы мүмкүн деп эскерткен. Кремль буга чейин согушту Вашингтон менен талкуулоого даярдыгын айткан.
Аткыланып, бомбаланган шаарлардын тургундары же кан майдандагы жоокерлер болобу, украиналыктар АКШнын жаңы президенти тынчтык орнотууга жардам берет деп үмүт артышат. Бирок 3 жылга аяк баскан согуштан чарчап-чаалыккан эл барган сайын үмүтсүз маанайга баткандай.
"Азаттыктын" украин кызматы сөзгө тарткан Харьков, Запорожье шаарларынын тургундарынын айрымдары биринчи кезекте Украина өзү аракет көрүшү керектигин, бирок Трамптан аскердик жардам күтөрүн айтышат.
Украин жоокерлери да согуштун тезирээк аякташын каалашат, бирок орус армиясы чабуулдарын улантып, алдыга жылып жатканын белгилешет:
"Душман чоң күч, алда канча көп сандагы адамдар жана согуштук техника менен жылып келатат. Аларды токтотуу үчүн бизге курал-жарак, ок-дары керек. Америка убада кылгандай бул согушта бизди колдойт деп үмүттөнөм", - деген оюн айтты “Червона Калина” бригадасынын командири AP агенттигинин кабарчысына.
Шейшембиде Кошмо Штаттардын жаңы лидери орус президенти Владимир Путин урушту токтотуу макулдашуусунан баш тартса, анын администрациясы Москва жаңы санкцияларды салышы мүмкүн деп билдирди. Ал Ак үй Киевди курал-жарак менен камсыздоо маселесин карап жатканын айтып, Еврошаркет Украинага көбүрөөк жардам берүүгө тийиш деген пикирин ортого салды.
Анын мурдагы күнү ант бергенден кийин Трамп Путин Орусияны талкалап жатат деген ою менен бөлүшкөн.
АКШнын жаңы президенти кызматка киришер алдында Путин коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөндө Украинадагы жаңжал боюнча Трамп администрация менен диалогго даярдыгын айткан:
"Кырдаалды жөнгө салуунун өзүнө кайрылсак, анын максаты жаңжалды улантуу үчүн кайра топтошуу, куралданууга шарт түзгөн кыска мөөнөттүү жарашуу эмес, бардык тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтаган узак мөөнөөттүү тынчтык болушу керек. Биз албетте Орусиянын кызыкчылыктары үчүн күрөшөбүз".
Ошол эле маалда эки президенттин ыктымал сүйлөшүүсү тууралуу Вашингтондон сунуш түшө электигин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Марко Рубио администрациянын тынчтыкка данакер болуу аракеттеринин алкагында Орусиянын Украинадагы согушуна чекит коюу Трамптын тушунда Вашингтондун расмий саясаты болорун белгилеген.
Ал арада украин президенти Владимир Зеленский “бардык өнөктөштөр суранса да” ушу тапта Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпай турганын, Украина үчүн ал жерлер “оккупацияланган чөлкөмдөр” деп эсептеле берерин белгиледи.
Орусия кошуна өлкөсүнүн Крым жарым аралын жана бир нече облустагы райондорду аннексиялап алган. Бардыгы болуп Орусия Укаринанын эл аралык укукта таанылган аймагынын 20 пайызын көзмөлгө алган.
Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагындагы медиа жолугушууда сүйлөгөндө Зеленский ошондой эле учурда согуштун активдүү фазасын токтотууга артыкчылык берилерин да айтты.
Украин мамлекет башчысы уруш аяктагандан кийин коопсуздукту камсыздоо үчүн чет элдик бейпилдик контингентин жайгаштыруу ыктымалдыгына токтолду:
"Европалык кеминде 200 миң аскер болушу керек. Бул эң аз дегенде. Же болбосо майнап чыкпайт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундай (ЕККУ) болуп калат. Алардан кандай жардам болорун эч ким билчү эмес, кеңселери гана бар болчу".
Рейтер агенттиги Франциянын куралдуу күчтөрүнүн саны 200 миңдин тегерегинде деп жазды.
Буга чейин Париж менен Лондон Украинага бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу ыкымалдыгын талкуулап, бирок конкреттүү план айтылган эмес.
Ал арада Орусиянын армиясы 22-январга караган түнү Украинанын Сумы жана Николаев облустарына дрондор менен абадан чабуул койгонун, беш киши жабыркаганын жергиликтүү бийликтер кабарлады. Андан тышкары Киев, Чернигов, Харьков, Полтава жана Днепропетровск облустарында чабуул тууралуу эскертүү сиреналары жаңырды.
Далилдерге карабай, Москва бейкүнөө тургунарды, жарандык инфраструктураны, энерегтика жайларын бутага алганын танып келатат.
Шерине