Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Бишкекте жылуулуктун баасы кымбаттады. Эмне өзгөрдү?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек тургундары жылуулукка келген төлөмгө ишене албай турат. Кээ бирөөлөргө 15-20 миң сомго чейин дүмүрчөктөр келе баштады. 2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады.

Өкмөт үч жыл ичинде Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) толугу менен дотациядан чыгарууну көздөгөнүн билдирди. Ал үчүн калк жылуулукка өз наркын төлөп баштамакчы. Айрым депутаттар тарифтердин кескин кымбатташы социалдык чыңалууга алып келерин айтып, кайра карап чыгууну сунуштады.

Эмне өзгөрдү?

2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кескин кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады. Өзгөчө чоң батир ээлерине күч келди.

Жаңы тарифтер биринчи кезекте Бишкектин тургундарына тиешелүү. Борбордо 132 миңден ашуун абонент жылуулукту жана ысык сууну ЖЭБден алат. Калгандары газ, көмүр, электр энергиясы менен жана жеке отказандардан жылынып, ар биринин чыгымы ар башка эсептелет.

Жылуулук борбордон чыккан жылуулук калкка өз наркынан арзан берилип, айырмасы бюджеттин эсебинен жабылып келет. Өкмөт үч жыл ичинде бул дотацияны жоюну көздөп жатат. Биринчи кадам катары аянты 80 кв/метрден ашкан үй ээлери өз наркын төлөй баштады.

Ал кандай эсептелет? Энергетика министрлиги жыл сайын жылуулуктун өз наркын эсептеп турат. Быйыл 1 гигакалорияга (Гкал) 5998 сом деп бекитилди.

Аянты 80 кв/метрге чейинки батирлерге дотация кала берет. Шаар тургундары 1 гигакалорияга 1 560 сом төлөшөт. Калган 4438 сомду мамлекет кошуп берет. Өкмөт муну “социалдык тариф” деп атап койду.

Мисалга 105-сериядагы үйлөрдү алалы:

  • 1 бөлмөлүү батир, аянты 35 кв/м. Мэриянын эсебинде, ал күз-кыш мезгилинде (ноябрдан мартка чейин) орточо 3,6 Гкал пайдаланат. Бул 5616 сом.
  • 2 бөлмө, 44 кв/м. Күз-кыш мезгилинде орточо 4,93 Гкал пайдаланат. 7691 сом.
  • 3 бөлмө, 61 кв/м. Орточо 6,31 Гкал. 9844 сом.

Бишкекте союз маалында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баары ЖЭБге кошулуп келген. Акыркы жылдары жаңы үйлөр көбүрөөк газ, электр энергиясы менен жылытыла баштады. 2024-жылы өкмөт ЖЭБге жаңы объекттерди кошууга расмий тыюу салган.
Бишкекте союз маалында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баары ЖЭБге кошулуп келген. Акыркы жылдары жаңы үйлөр көбүрөөк газ, электр энергиясы менен жылытыла баштады. 2024-жылы өкмөт ЖЭБге жаңы объекттерди кошууга расмий тыюу салган.

Ал эми үйү 80 чарчы/метрден ашкандардыкы башкача эсептелет. Тагыраагы, 80 квадратка чейин “социалдык тариф” менен, калганы жылуулуктун өз наркы менен чыгарылат. Жылуулуктун өздүк наркы, жогоруда айтылгандай, быйыл 5998 сом деп эсептелди.

Мисалы, батир 100 чарчы метр болсун. Энергетика министрлигинин эсебинде, ал күз-кыш мезгилинде орточо 8,93 Гкал пайдаланат. Анын ичинен:

  • 7,144 гигакалория (жалпы көлөмдүн 80%) 80 кв/метрине бөлүнүп, ал 1560 сомдон эсептелет. Ошондо 7,144 Гкал х 1560 = 11 145 сом.
  • 1,786 гигакалория (жалпы көлөмдүн 20%) 20 кв/метрине бөлүнүп, ал 5998 сомдон эсептелет. 1,786 Гкал х 5998 = 10 713 сом.

Демек, 100 кв/м батирдин ээси кыштан чыгуу үчүн быйыл орточо 21 858 сом коротот.

Социалдык тариф менен төлөгөндөргө айырмасы анча билине бербеши мүмкүн, бирок 80 квадраттан чоң үй ээлерине эми ар бир бөлмөнү жылытуу кыйла кымбатка түшөт.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жылуулукка 15-20 миң сомдук дүмүрчөктөр келип жатканын жазышууда. Депутат Бакытбек Марипов ага бул маселе боюнча абдан көп кайрылуу түшүп жатканын, айрым тургундарга 28 миң сомдук эсеп келгенин айтты.

"Бул боюнча бир карап чыгышыбыз керек. Кээ бир көп кабаттуу үйлөргө жылуулукка декабрь айы үчүн 28 миң сомдук эсептер келиптир. Ушул боюнча чара көрсөңүздөр. Кайрадан эсептеп, керек болсо, тарифтерди да кайра карап чыгышыбыз керек", - деди депутат.

“Комфортту сүйсө, төлөсүн”

"Өкмөттүн позициясы – бишкектиктер жылуулукка өз наркын төлөшү керек. Айырмасын жалпы эл төлөп жатат", - дейт энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

“Көмүрдүн бир тоннасы 6 миң сом. Айылдагы ата-апаларыбыз кыштан бир тонна менен чыкпайт да. Алар жок дегенде 3 тонна көмүр алып, 20 миң сом коротуп жатат. Биякта жылуу-жумшак, ысык суу, муздак суусу менен отурат, үйү 100 квадраттан ашат, ошого 6 миң сом төлөп атат. Логика жок болуп жатпайбы. Буга чейин Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна толугу менен кыргыз эли төлөп келген. Калыстык болушу керек да. Ким комфортту сүйсө, ага төлөшү керек”, - деп Ибраев 9-октябрда Жогорку Кеңеште айткан.

Депутат Бактыбек Чойбеков "тарифтер көтөрүлүшү керек, бирок ал мындай кескин болбошу керек" деген пикирде. Ал коммуналдык кызматтардын эселеп кымбатташы элге оор жүк болуп, социалдык чыңалууга алып келбейби деген суроо узатты.

Өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ЖЭБден жылуулук алгандардын 88% - социалдык тарифтеги, 80 кв/метрге чейинки батирлер. 12% гана 80 кв/метрден чоң үйлөр.

“Бул социалдык чыңалууга алып келбейт. 12% эл төлөсө керек деген ойдобуз. Туура түшүнүшөт”, - деген пикирде Төрөбаев.

Депутат Дастан Бекешев жылуулуктун кескин кымбатташы эң бардар катмарга да сезилди дейт. Анын пикиринде, жаңы тарифтерди баары эле төлөй албайт. Бааны көтөрүш керек, бирок, мындай кескин эмес, дейт эл өкүлү.

Советтик көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн ЖЭБге альтернатива жок. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам өкмөт өзү аны чектеп, үнөмдөөгө чакырып келет.
Советтик көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн ЖЭБге альтернатива жок. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам өкмөт өзү аны чектеп, үнөмдөөгө чакырып келет.

“ЖЭБ оор абалда”

Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандагы эң ири электр энергия жана жылуулук булактарынын бири. Ал 1961-жылы курулуп, 2017-жылы реконструкциядан өткөн. Бирок андан кийин да объектте бир нече ири авария катталган.

2024-жылы өкмөт стратегиялык мааниге ээ болгон ЖЭБди “Электр станцияларынын” карамагынан чыгарып, Бишкектин мэриясына өткөрүп берген. Эми борбордогу энергетиканын абалына мэрия өзү жооп берет. Бирок ага азырынча республикалык бюджеттен дотациялар бөлүнүп турат. Шаар жетекчилиги дароо электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтерин өз наркына жеткире турганын билдирген.

Жыл соңунда калаа башчысы Айбек Жунушалиев ЖЭБге республикалык бюджеттен 1 млрд сом насыя алууну сунуштаган. Мэриянын маалыматында ишкана күз-кыш мезгилинде күн сайын 40-60 млн сом суммага 6-8 миң тонна көмүр, 260-500 миң м3 жаратылыш газын чыгымдай турганы жазылган. Андан тышкары, объект оңдоо иштерине муктаж.

Мэр жылуулук борбору азыр өтө оор финансылык кырдаалда турганын, ушундан улам насыя алуу керектигин белгилеген. Мэрия насыяны жылуулук жана электр энергиясынын өздүк наркына кошуу менен төлөөнү пландаштырган.

Экологдор Бишкек ЖЭБи шаардагы ышка себеп болууда деп сындап келишет. Шаардын так ортосунда жайгашкан объектте жылына 1-1,5 млн тонна көмүр жагылат. Мэрия жылуулук электр борборун газга өткөрүү планы бар экенин, бирок ал 2030-жылдарга барып ишке ашарын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG