Кыргыз коому азыркы тапта деле Владимир Лениндин бейнесине карата карама-каршы пикирлери менен жиктелип келет. “Улуу атабыз – Ленин!” деп ураан чакырып чоңойгон муундар өз чоң атасы менен бабаларын көбүрөөк билип, Ленин менен иши деле болбогон муундарга жол бошотууда. Лениндин бейнесинин жана доорунун коммунисттик цензуранын айынан айтылбай көмүскө калып келген өңүттөрү мурдатан эле такмаза жана азил кептердин бутасына айланган. Акыркы 35 жылда Лениндин өз сөздөрүн астейдил талдоо иши да жанданды. Тарыхчынын блогу.
Ленинчи муундар
Бала чак, өспүрүм курак, жаштык кезеңи октябрчылар, пионерлер жана комсомол уюмдары менен тыгыз байланышкан эски муундардын өкүлдөрүнүн бир даары азыр деле үшкүрүнүп: “Атаганат, Ленин тирилип келсе, кандай сонун болмок!” деп коммунисттердин дээрлик “пайгамбардык” сереге чыгарылган көсөмүн эстеп калышат.
Ошол эле учурда, асыресе, 1970–80-жылдары, Советтер Биримдигинде ленинчилер тууралуу саясий анекдоттор да тымызын таркалганы эсте. Дал ошол азилдер ленинчилердин санын суюлтууга салым кошкон.
Мавзолейден качкан Ленин жөнүндө азил
Болжол менен 1979-жылдан кийин биз уккан азилдердин биринде мындайча баяндалган:
“Күндөрдүн биринде таңга маал Кызыл аянттагы мавзолейдин кызматкери “көрүүчүлөр үчүн эшик ачып коёюн” деп келсе, Ильичтин сөөгү мавзолейдеги жаткан ордунда жок болуп чыгыптыр.
Албетте, айгайлаган чуу чыгып, КПСС БКнын Башкы катчысы Леонид Брежнев өң-алеттен кетип, КГБнын башчысы Юрий Андропов тыбырчылап ийген экен. Жарыктыктын сөгү эч жерден табылбаптыр.
Ошондо катчы Михаил Суслов чукул чакырылган жашыруун отурумда кеңеш айтыптыр:
– Феликс Дзержинскийди тирилтели, бир болсо ошол гана Ленинди таба алат.
Дарыгерлер менен бакшылар жалпылап Дзержинскийди тирилтишет.
Ал болсо “Түштүк Шиберде Энесай дарыясынын куймасы болгон Шуш деген өзөн бар, ошол жакка кантип тез жетебиз?” деп сурайт.
– Ооба, ошондой өзөн бар, анын боюндагы кыштакта азыр Ленинге арналган музей да иштейт. Бул аймакты XVIII кылымдын башына чейин шибердик кыргыздар көзөмөлдөп турушчу экен. Азыр ал Орусиянын Красноярск крайына карайт. Оболу учак менен Маскөөдөн Красноярск шаарына жетсек, анан Як-40 учагы менен чакан Шушенское аба майданына которулуп учабыз, – деген жоопту угат.
Дароо жолго чыгышат. Убакыт тар эмеспи.
Анан баягы Шуш өзөнүнө жетишип, Дзержинский айтат:
– Мындагы кыргыздар, азыркы хакастар, Боргус хан (Хан Пургус) деп атаган тоо кыркасын карай жөнөйлү.
Аталган тоону өрдөп келишет.
– Эми, жолдоштор, силер ушул жакта күтүп тургула. Андан ары өзүм барайын. Көп караанды көрсө, Ильич бери чыкпай койбосун, – дейт Дзержинский.
Башкалары аңкайып кала беришет. Дзержинский чер-токойлуу тоодон бир оозу бүтүйгөн үңкүрдү таап, сырттан кыйкырат:
– Владимир Ильич! Бул менмин – баягы эле Феликсмин. Бери чыгыңыз, сүйлөшөлү.
– Феликс экениң чын болсо, анда жашыруун аттарыңды санап берчи! – деп күңгүрөгөн үн үңкүрдөн чыгат.
– Жарыктык, андай аттарым көп да: Астроном, Франек, Юзеф, Якуб, Яцек... Башка да аттарым бар.
– А-а, менин урматтуум, жолдош Феликс Эдмундович. Ушу сен гана мени таап келе алмаксың. Бирок мен азыр сыртка чыкпайм. Андан көрө сен мага кошул!
– Эмнеге, Владимир Ильич?
– Мен ойгонуп кетип, сыртка чыктым да, элди аралап, баарлашып көрдүм. Жетекчилер теңирден тетирисинче жасашыптыр! Пролетариат диктатурасы эмес, жемкорлордун диктатурасы болуп калыптыр. Биз эми көмүскө күрөшкө (подпольеге) кетип, ыңкылапты тээ башынан кайрадан башташыбыз керек экен! – деп Ленин айтат.
Ошентип, узун анекдот да соңуна чыкты.
Жашыраактары ачык каткырса, орто муундагылар бүлкүлдөп күлүп, Сталиндин доорунда жашап калгандары оболу көзү алаңдап, эки жакты караган соң гана, чала жылмайган кызыктуу учурду баштан кечирдик.
Кайран гана партократия!
Албетте, 1970–80-жылдары апрелдеги коммунисттик ишембиликтер маалында, 1-май күнү жана 7-ноябрдын суук күнү Лениндин сүрөтүн көтөрүп алып, парадга чыккан маалыбызда, ар кыл коомдук жумуштарга тартылган учурларда деле ушул сыяктуу саясий азилдер айтыла берээр эле.
Ал учур – “падышаны жок кылып, партияны хан кылдык” деп 1930-жылдары ырга кошкон акын Казыбек Мамбетимин актала элек, бирок саясий азилдердин “жаагы айрылган” кез эле.
Эгерде жогоркудай азил айткан киши 1930-жылдары түз эле ГУЛагга кетсе, ал эми 1970–80-жылдары мындай азилдер ушунчалык көп чыккандыктан, коммунист төбөлдөрдүн өздөрү бышы кулак боло башташкан.
Ал эми горбачёвдук “Кайра куруулар” доорунда башталган айкындуулук партократтык түзүлүштүн эки жүздүүлүгүн ого бетер ашкереледи.
Ошого карабастан, азыркы тапта, посткоммунисттик эгемен Кыргызстанда, айрым улуу муундагы замандаштарыбыз үшкүрүнө Ленинди жана ал курган системаны сагынган ойлорун айта калып жүрүшөт.
Алардын бир бөлүгү алигиче коммунисттик тоталитардык режимдин кесепеттүү жактары тууралуу ачык маалыматты дурустап окуй электир. Калган бөлүгү ошол доордо партократтык жана комсократтык “акырдан жем жеп” калгандар болсо керек.
Хрущев да азил бутасы болгон
Мындай “алтын акырдагы жем” тууралуу дагы бир анекдот айтылуу Никита Хрущевдин бүлөсүнө байланыштуу эске түштү.
СССРдин жетекчиси Никита Сергеевич Хрущев 1964-жылы октябрда кызматтан кеткен соң, анын үй-бүлөсү жөнөкөй батирге чыгарылат.
Жубайы Нина Кухарчук алгачкы жолу карапайым жарандар соода кылчу маскөөлүк дүкөндөн кайтып келип, күйөөсүнө айткан имиш:
– Никита Сергеевич, сен кызматтан түшкөндөн кийин эле дүкөндөрдөн түрдүү колбасалар, балыктын кара жана кызыл уруктары, апелсиндер түп-тамырынан жоголуптур го!..
Албетте, Нина Кухарчук билимдүү айым болгон дешет. Бирок бул саясий анекдот ал айымды эмес, партократтар үчүн гана уюштурулган атайын дүкөндөрдү бутага алган.
Мындай “алтын акырдагы жем” сунушталчу дүкөндөр Советтер Биримдигинде негизги шаарларда гана эмес, ар кыл райондук деңгээлдеги партократ төбөлдөр үчүн да түзүлгөн.
Кээде төбөлдөр Кыргызстанда мындайча айлакердикке барышчу.
Шаарда эч бир дүкөндө табылбаган саркеч кийим, шиш така бут кийим жана кундуз тондорду (шуба) алыскы кыштоодогу чабандар үчүн деп жөнөтүшчү. Чабандын аялы театрга баруу үчүн кооз тонду же шаар паркында кийилчү шиштаканы кыштоо же жайлоодо эмне кылмак эле? Албетте, өң тааныштар аркылуу бул сыяктуу таңсык товарлар кайрадан эле “өз ээсин таап”, райондук же облустук партиялык төбөлдөргө жеткирилчү.
Ленин курган система
Эгерде Ленин 1924-жылы өлбөй калса, анда ал сталиндик тоталитардык зулум түзүлүштү болтурбай коёт беле?
Адатта, Лениндин апологеттери (актоочулары) баары-жоктун баарын Иосиф Сталинге шылтап: “кеменгер Ленин мындай жолго эч түшпөйт болчу. Ал Кытайдагы Дэн Сяопин жүргүзгөн сыяктуу жагымдуу реформага – “жаңы экономика саясатына” жол ачпады беле”, деп калышат.
Албетте, киши жомокто жана анекдотто гана тирилип келет.
Ленин тирилбеген соң, андай же мындай деп жоромол кылуу – көзү ачык Ванга кемпирдин айткандарын кайталоого жатаары бышык.
Бирок Ленин бийликте тургандагы эле саясий системаны эске алсак, анда анын советтик балдарга айтыла жүргөн “боорукер, жоомарт, кичипейил, ал түгүл көчөдөгү мышыкты да сылап өткөн, эч кимге залалы жок инсан” катары бейнеси дароо жокко чыгат.
Советтик мамлекеттик үгүт Лениндин жеке өзүн пенде катары канчалык боорукер көрсөтпөсүн, анын курган мамлекеттик башкаруу системасы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн тоталитардык мамлекеттер үчүн өрнөк, калып, үлгү болуп калган.
Бул жаатта дүйнө ойчулдары анын көзүнүн тирүүсүндө эле сындап жазышкан.
Лениндин “концлагер” идеясын колдонушу
Орусияда коомдун кайсы бир бөлүгү үчүн атайын концентрациялык лагерлерди түзүү идеясын алгач Владимир Ленин расмий сунуштаган.
Албетте, ал буга чейинки дүйнөлүк тажрыйбаны да мыкты билген.
Куба аралынын эли оторчул Испанияга каршы көтөрүлүшкө чыкканда, 1895-жылы алгачкы жолу жергиликтүү калктын өкүлдөрүн испандар “концентрациялык жайга” (испанча “campos de concentración”) камашкан.
Улуу Британиянын оторчулары Түштүк Африкадагы Трансваал Республикасы жана Кызгылт-Сары Эркин Республика деп аталган жана түпкү теги голланддар болгон бур элинин жумурияттарына каршы согуш ачкан. Британдык оторчулар 1899–1902-жылкы Экинчи англис-бур согушунда туткунга алынгандарды ачык асман алдындагы абактарда кармашкан.
Элеттик жана шаардык бур калкынын өкүлдөрү британдык оторчуларга каршы салгылашып жаткан күжүрмөн партизандардын күрөшүнөн обочодо тутулуш үчүн “концлагер” аталган жайларда мажбурланып кармалган. Британдык концлагерлердеги согуш туткундарынан жана карапайым элеттиктерден турган 200 миңдей кишинин бери дегенде 26 миңдейи ачкарчылыктан жана оору-сыркоодон улам набыт кеткен.
Албетте, Түштүк Африкадагы бул согуштан соң “концлагер” сөзү дүйнө коомчулугунда өзгөчө терс маанайда кабыл алына баштаган.
Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Евразиядагы жана башка континенттердеги бир нече мамлекетте согуш туткундары үчүн убактылуу концлагерлер түзүлгөн.
Ал эми Кеңеш бийлигин сактап калууга жан талашкан Владимир Ленин үчүн “концлагер” идеясы таптакыр жаңы мүмкүнчүлүктү ачып берген. Бул абак түрүн ал ыракаттанып колдонгон.
Ленин жана ал жетектеген болшевиктик өкмөт 1918–19-жылдардан тартып “эзүүчү таптар”, “актар” жана башка ыңкылапка каршы чыккан “душман элементтер” үчүн атайын ачык асман алдында жана жабык жайларда концлагерлерди курдура башташкан.
1918-жылы 23-июлда РКП(б) Петроград комитети “кызыл террор” тууралуу токтом кабыл алып, туткундарды кармоо үчүн “эмгек лагерлерин” түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Ошол жылдын августунан тартып советтик Орусияда ар кыл шаарларда концлагерлер түзүлгөн.
1918-жылы 9-августта өкмөт башчы Владимир Ленин Пенза губерниялык аткомунун төрагасы Василий Владимирович Кураевдин (1891–1938) кеңсесине телеграмма жөнөтүп:
“Тандалган ишенимдүү кишилерден күчөтүлгөн күзөт топторун уюштуруу, кулактарга, попторго (б.а. христиан дин кызматчыларына) жана ак гвардиячыларга каршы аёосуз жапырт террорду жүргүзүү зарыл; шектүүлөрдү шаардын сыртындагы концлагерде камап салуу керек” (“Необходимо организовать усиленную охрану из отборно надёжных людей, провести беспощадный массовый террор против кулаков, попов и белогвардейцев; сомнительных запереть в концентрационный лагерь вне города”), – деп ырайымсыз буйрук берген.
(Караңыз: Телеграмма № 259. Телеграмма Пензенскому Губисполкому // Ленин В.И. Полное собрание сочинений. (Чыгармалардын толук жыйнагы). Т. 50. Б. 143—144.).
Лениндин террор тууралуу өз сөздөрү – булак катары
Украин дипломаты, публицисти жана блогчусу Дмитрий Чекалкин (Дмитро Чекалкин) В.Лениндин төбө чачты тик тургузчу жана террлорго чакырган сөздөрү камтылган маалыматты “Фейсбукта” жарыялаган (17.10.2016).
Дмитрий Чекалкин “Фейсбуктагы” жарыясында ар кыл булактарга шилтеме кылып көрсөткөн маалыматтардын биринде Ленин Баку шаарын “толук өрттөп салгыла” деп буйрук бергени (1918-жылдын 3-июну), башкасында ал Казан шаарын аяп отурбастан, чечкидүү ойрондоого чакырганы (1918-жылдын 10-сентябры) чагылдырылган.
“Чет өлкөлүктөрдү чыгарып жиберүүгө ашыкпоону кеңеш кылат элем. Андан көрө концлагерге айдоо оңураак болот ко дейм”, деген да лениндик сөз бар. (1919-жылдын 3-июну).
Башка жерде Ленин: “Дыйкандардын баары тең эле эгинди эркин сатуу – мамлекеттик кылмышка жатаарын аңдай беришпейт”, – деген. (1919-жылдын 19-ноябры).
Лениндин Склянскийге каттары
Белгилүү болшевик, троцкийчи Эфраим Маркович Склянский (1892–1925) тууралуу сөз болгондо анын Кызыл армиядан качкандарды кармап алып жазалоодо “ондун бирин атуу” (“децимация”) ыкмасын көп колдонгон катаал аскер ишмери болгонун айтышат. Ал 1918–1924-жылдары Орусиядагы Революциячыл аскердик кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болгон.
В.Лениндин дал ушул Э.М.Склянскийге 1920-жылы октябрдын соңу – ноябрдын башында жолдогон катынын түп нускасы сакталып калган.
Ал куш тилиндей катта:
“...Согуштук чараларды көрүү, б.а. Латвия менен Эстляндияны согуштук ыкмада жазалоо (маселен, Балаховичтин “ийнине таянып”, чек аранын кайсы бир жеринен 1 чакырымдай өтүп барып, ал жактан 100 – 1000 сандагы аткаминерлер менен бай кишилерди дарга асып салуу) керек” (“…Принять военные меры, т.е. постараться наказать Латвию и Эстляндию военным образом (например, «на плечах» Балаховича перейти где–либо границу на 1 версту и повесить там 100 –1000 их чиновников и богачей)”, деп жазылган.
(Караңыз: В.И.Ленин. Неизвестные документы. 1891–1922. – М.: Российская политическая энциклопедия (РОССПЭН), 2000. – 607 б. – Мында: 399-бет; дагы караңыз: Латышев А.Г. Рассекреченный Ленин. М., 1996).
Бул катта эскерилген атаман Станислав Никодимович Булак-Балахович (1883–1940) оболу болшевиктер тарабында согушуп, кийинчерээк “актар” жана эгемен Польша тарабына өтүп кеткен.
Ленин Балаховичтин “ийнине таянып” (б.а. Балаховичке шылтап жортуул жасап. – Т.Ч.) сөз айкашы аркылуу Булак-Балаховичтин кошуундарынын атын жаманатты кылып, Балтика боюндагы эгемен (“буржуазиялык”) жумурияттарга каршы террордук жортуулдарды, диверсияларды уюштуруу боюнча кара мүртөз амалды сунуштаган.
Болшевиктер “Балаховичтин бандасы” деп атаган топту Балтика боюндагы жана Беларустагы эгеменчилер оң маанайда баалашкан.
В.Лениндин Э.М.Склянскийге 1920-жылдын октябрынын соңу – ноябрынын башында жазган башка бир куш тилиндей каты дагы СССР кулагандан кийин гана ачыкка чыккан.
“...Абдан сонун план! Аны Дзержинский менен чогуу аягына чыгаргыла. “Жашылдар” болумуш этип (кийин биз аларга шылтап салабыз да) 10–20 чакырымдай жүрүш жасайбыз да, кулактарды, попторду жана помещиктерди дарга асып чыгабыз. Ар бир дарга асылган киши үчүн – 100 000 рубл сыйлык...” (“…Прекрасный план! Доканчивайте его вместе с Дзержинским. Под видом „зелёных“ (мы потом на них свалим) пройдём на 10—20 вёрст и перевешаем кулаков, попов, помещиков. Премия: 100.000 р. за повешенного…”), – деген лениндик текстти окуган соң, каяктагы “айкөл чоң атаны” өлестете алабыз!
Бул текст дагы жогорудагы “В.И.Ленин. Белгисиз документтер. 1891–1922” (“В.И.Ленин. Неизвестные документы. 1891–1922”) деген жыйнактын 400-бетинде жарыяланган.
В.Лениндин Э.М.Склянскийге жазган куш тилиндей катындагы “жашылдар” кимдер? Албетте, азыркы экологдор эмес.
“Жашылдар” деп В.Ленин Түндүк Кавказда жана Кырым жарым аралында аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан жана “актарга” каршы ыктыярдуу согушкан жергиликтүү партизандардын кошуундарын айткан.
Бул кошуундар болшевиктерден да көз карандысыз болушкан. Балким, алардын айрымдарынын желеги жашыл түстө болсо керек. Алардын арасында “актардын” бийлигин да, “кызыл империяны” да каалабаган эгеменчилер деле болушу ыктымал.
Мындагы Лениндин “жашылдарга шылтап” террор уюштуруу сунушу анын барып турган арамза киши экенин да айгинелеп турат.
Лениндин сөздөрүндө башка да арбын мисалдар бар. Алардын айрымдарын орус диссидент жазуучусу Венедикт Ерофеев (1938–1990) “Кайра куруулар” доорунда жарыялаган.
Ток этээрин айтсак, Иосиф Сталиндин диктатурасы Владимир Лениндин бийлигинин ырааттуу улантылышы гана болгон.
Жомок жана тарыхый чындык
Албетте, советтик идеологдор балдар түгүл мышыктарды да эркелеткен боорукер жана акылман Ленин чоң ата жөнүндөгү уламышты элге таңуулашкан.
Тарыхый чындыкка кайрылсак, атеисттик тоталитардык мамлекеттик түзүлүш иш жүзүндө Ленинди “Жердеги кудайсыз кудайга” айландырган.
Ленин жетектеген болшевиктер тоталитардык түзүлүштү орнотуу үчүн парламенттик көп партиялуу демократияны муунтуп жок кылышкан.
Ленинчи болшевиктер 1917-жылы октябрда өздөрүнө шерик болгон солчул социалист-революционерлердин партиясын кийинки жылы эле ойрон кылышкан.
Владимир Ленин 1918-жылы жазган каттардан экөөнө шилтеме кыла кетелик:
“Жолдош Зиновьевге, Петроградга:
“Жолд. Зиновьев! Бүгүн гана биз, БКдагылар, Питерде жумушчулар Володарскийдин өлүмүнө карата массалык террор менен жооп бергиси келип жатышканын жана Сиз аларды токтотуп салганыңызды үйрөндүк.
Мунуңузга чечкиндүү түрдө каршымын! Биз кайра өзүбүздү кыйчалыш акыбалга калтырып жатпайбызбы: ал түгүл Депутаттар кеңешинин резолюциялары аркылуу дагы массалык террорго барабыз деп коркутуп койобуз, ал эми иш жүзүнө келгенде массалардын революциялык демилгесин, нагыз туура демилгесин токтотуп салабыз. Минтүүгө бо-л-бо-йт! Террордун күч-кубатын жана массалык деңгээлин арттырууга шыктандыруу керек!” (1918-жылдын 26-ноябры).
(Тов. Зиновьеву в Петроград:
"Тов. Зиновьев! Только сегодня мы узнали в ЦК, что в Питере рабочие хотят ответить на убийство Володарского массовым террором и что Вы их удержали.
Протестую решительно! Мы компрометируем себя: грозим даже в резолюциях Совдепа массовым террором, а когда до дела, тормозим революционную инициативу масс, вполне правильную. Это не-воз-мож-но! Надо поощрить энергию и массовидность террора!") (26 ноября 1918).
“Жолдош Сталинге, Царицынга:
“Солчул эсерлерге айоосуздук менен мамиле кылгыла жана бизди тез-тез маалымдап тургула”.
“Бул бечара жана тажаал авантюристтерди бардык жактардан айоосуз басып салуу керек”. (1918-жылдын 7-июлу).
(Тов. Сталину в Царицын:
"Будьте беспощадны против левых эсеров и извещайте чаще".
"Повсюду надо подавить беспощадно этих жалких и истеричных авантюристов"). (7 июля 1918).
В.Ленин “кызыл террорду” жалаң гана “эзүүчү таптар” делген катмарларга каршы колдонуп чектелбестен, болшевиктерге көңүлү түз болбогон бардык эле катмарларга жана саясий топторго каршы колдонгон.
Ленин баштап берген бул террор ыкмасы чакан этностордун жана дыйкандардын көтөрүлүштөрүн замбирек жана пулемёт менен басуу, билимдүү, өз алдынча ой жүгүрткөн кишилерди абактарга камоо жана өлүм жазасына тартуу, алдардын анча-мынчасын чет өлкөгө чыгарып жиберүү, концлагерлерди түзүү сыяктуу ар кыл чараларга ширелтилген.
Ал эми Лениндин “бүткүл дүйнө жүзү акыры коммунизмге багыт алышы керек”, деген ишеними чет мамлекеттерге баскынчыл жортуулдарды уюштурууга жана ар кыл өлкөлөрдө коммунисттик төңкөрүштөрдү уюштуруучу топторго колдоо көрсөтүүгө идеологиялык пайдубал болуп калган.
Сталиндик кандуу жазалоолор, Маонун маалындагы “маданий ыңкылаптын” учурундагы кыргын, Пол Пот баштаган “кызыл кхмерлердин” бери дегенде 2 миллиондой кишини кыргынга учуратышы, Түндүк Кореядагы зулум диктатура – ушулардын бардыгы тең Ленин негиздеген бир партиялуу “пролетариат диктатурасына” барып такалат.
Этностор жана эгемендик
В.Ленин өкмөт башчы кезинде эле Украинадагы украиндер, Казакстандагы казактар, Эдил боюндагы татар, башкыр, казак орус жана башка калктар жасалма ачарчылыктын айынан кырылышкан.
Ленинчилердин дагы бир “жомогу” орус эмес элдерге берилген автономиялык жана башка укуктар менен байланыштуу.
Бул жомокко ишенгендер бир нерсени унутушат: көптөгөн элдер Финляндия сыяктуу таптакыр эле эгемен өлкөлүү болууну эңсешкен жана ал үчүн ал түгүл куралдуу күрөш жүргүзүшкөн.
Түркстан калкы, Алаш-Ордо өкүлдөрү, башкырлар, украиндер, кырымдыктар, кавказдыктар жана башка элдер саясий эгемендик үчүн айыгыша күрөшкөн кезеңдер болгон.
Дал ошол маалда Ленин советтик автономия макамын сунуштоо аркылуу мурдагы падышалык Орусия империясын жаңы аталыш менен сактап калууга жетишкен.
Демек, Ленин жолтоо кылбаса, көптөгөн элдер Петрограддын, кийин Маскөөнүн үстөмдүгүнөн алда канча эрте кутулушмак.
Ал эми XX кылымдагы демократиячыл жана социалдык реформалар болшевиктер эч качан бийликке келбеген капиталисттик мамлекеттерде алда канча байсалдуу жүрдү. Чектелген падышалык бийлиги бар бакыбат Швецияны эле өрнөк катары айта кетсек болот. Бул өлкө – көп партиялуу демократиялык мамлекет.
Соңку азил жана корутунду
Орусиялыктар Ленинге карата ашыкча мактоо сөздөрдү анекдоттор аркылуу “нейтралдаштырышкан. Ошондой азилдерден бир шиңгил.
– Владимир Ильич, сизге алыскы элет жергесинен дыйкандар салам айтып келишти.
– Кандай жакшы! Бул жолдоштор белек-бечкек ала келишиптирби?
– Албетте. Жаңы кармаган балыктарын көтөрө келишиптир.
– Алар канча күн сапарда болушкан экен?
– Эки-үч аптадай жөө кезип келишиптир.
– Жолдош дыйкандардын белек-бечкегин бүт балдарга бергилечи!..
Албетте, бул азилдер мурдагы СССРдеги далай калктарды ойгото алган.
Баарынан кызыгы, постсоветтик Орусиянын өзүндө Ленинге карата калыс баалар байма-бай айтылып келет.
Орусиядагы Ленинград шаары тарыхый Санкт-Петербург шаар аталышына кайра көчүрүлгөн. Ал эми Уралдагы Свердлов шаары Екатеринбург деген тарыхый аталышына кайра көчтү.
Постсоветтик Кыргызстан дагы коммунизмсиздештирүү жүрүмүндө кыйла алдыга кетти. Өлкөдө менчиктин ар кыл түрлөрү, анын ичинде жеке менчик бар. Адам укуктары, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жарандык коомдун ишмердиги жаатында бул жумурият коңшуларынан салыштырмалуу кыйла озду. (Албетте, бул татаал жүрүм оош-кыйыштуу жүрүүдө).
Жумурият 1990-жылдын октябрынан (асыресе КПССке тыюу салынган 1991-жылдын сентябрынан) тартып көп партиялуу нукка түшкөн.
Азыркы Кыргызстан Коммунисттик партиясы соңку жылдары ушунчалык ишенимден кетип, майда партияга айланганын төмөндөгү жагдайдан билсек болот: анын айрым өкүлдөрү парламентке эптеп башка партиянын тизмесинде гана илээшкени катталды.
Мурдагы Бишкектеги Лениндин идеологиясынын куралы болгон музей азыркы тапта коммунисттик идеологияны жетекчиликке албаган жобого негизденип иш алып барган Мамлекеттик тарых музейи болуп калган.
Жумурияттын кээ бир жерлеринде Лениндин айкели алынып ташталган. Бишкекте ошондой бир ири айкел борбордук “Ала-Тоо” аянтынан көчүрүлүп салынган жана аны биротоло жок кылуу же атайын жабык кампага көчүрүү тууралуу сунуштар көтөрүлүүдө.
Арийне, негедир расмий бийликтер борбор шаардагы Ленин, Свердлов, Октябр жана Биринчи май райондорунун аталышын өзгөртүүдөн эмдигиче чочулап келет.
Бул жаатта коомчулук көп жылдардан бери талабын айтып, кыргыздардын айрым тарыхый инсандарынын аттарын же Төкөлдөш, Мыкан, Күнтуу, Орто-Сай сыяктуу тарыхый жер-суу аталыштарын ордо шаардагы район аталыштары катары коюу жөнүндө тилек кылып келишет.
Айтор, Ала-Тоодогу орто жана жаңы муундар Ленинди эч кандай “кудайындай” көрбөй калган кез.
Эгерде улуу муундагылардын арасында “эгерде Ленин тирилип келсе...” деген жоромол сөз уу-дуу талкууга айланып кетиши ыктымал болсо, ал эми жаш муундар үчүн Лениндин бейнеси Александр Македондук, Чыңгыз хан, Наполеон жана башка тарыхый инсандар сыяктуу эле тарых сабагынын сынактарында учурай калып жаткан супсак суроолордун чаңында кала берүүдө.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине