Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Трамп АКШнын Мексика менен чек арасына өзгөчө кырдаал киргизерин жарыялады


Дональд Трамп ант берүү аземинде, 20-январь, 2025-жыл
Дональд Трамп ант берүү аземинде, 20-январь, 2025-жыл

20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришти. 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коюп, Байдендин администрациясынын 78 чечимин жокко чыгарды. Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялады.

Алгачкы жарлыктарга кол коюлду

Жаңы президент кол койгон жарлыктардын ичинде 2021-жылы 6-январда тарапташтарынын арасынан Капитолийдеги башаламандыкка катышкан деп айыпталган 1500 кишиге ырайым берүү чечими бар. Президент Дональд Трамп аларды "туткундар" деп атады. Тополоңдо беш адам, алардын ичинен полиция кызматкери каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Башаламандыкта АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул окуя боюнча 1500дөн ашуун кишиге айып тагылып, кеминде 1100 адам жоопкерчиликке тартылып, 600дөй жаран абакка кесилген. Жарлыкка кол коюлган маалда алардын айрымдары абакта отурган.

Инаугурацияга арналган салтанат бир нече саат уланды. Анын соңунда Трамп 2021-жылдан бери алгачкы жолу расмий түрдө Ак үйдүн Сүйрү кабинетине кирди. Президенттик столго отурар замат дароо бир нече жарлыкка кол койду.

Мурдагы президент Жо Байден иммиграцияга байланыштуу кол койгон айрым жарлыктар жокко чыгарылды. Алардын арасында АКШда мыйзамсыз жүргөндөрдүн баарын депортация кылуу өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт болору тууралуу чечимдер бар.

Байдендин администрация учурунда кол коюлуп, Трамптын кызматка расмий киришкенден кийинки алгачкы сааттарында жокко чыгарылган 78 жарлыктын бири - шайлоочуларды каттоо системасына байланыштуу документ. Конгресстеги республикачылар андай ыкмага нааразылыгын билдирип келишкен. 2021-жылы март айында кол коюлган ошол жарлык федералдык агенттиктерден шайлоочуларды каттоого алууда айрым шарттарды катаалдаштыруу кадамын талап кылган.

Жасалма интеллектти өнүктүрүү багытында буга чейин жүргүзүлүп келген саясатка да чектөө коюлду. Трамп жасалма интеллекттин туура эмес колдонулушуна жол бербөө керектигин айткан.

Трамп Иордан дарыясынын батыш жээгинде отурукташкан израилдиктерге каршы киргизилген санкцияларды да токтотту. Байден 2024-жылы февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Батыш жээктеги Израил 1967-жылдан бери ээлеп келаткан шаарларда жана кыштактарда палестиндерге каршы жасалган мыйзамсыз аракеттерге айыпталгандарга чектөө киргизилген болчу.

Жаңы президент Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк саламаттык уюмунан чыгуу процессин баштоо тууралуу, түштүк чек ара тилкесинде өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча, АКШнын аймагында тыюу салынып, бирок 75 күндүк мөөнөт берилген TikTok социалдык түйүнүнө байланыштуу да жарлыктарга кол коюп, Канададан жана Мексикадан барган товарларга пошлина киргизилерин жарыялады.

Ак үйгө кирер алдында Трамп Capital One Arena комплексинин алдында тарапкерлери менен жолугушуп, алардын көзүнчө 10 жарлыкка кол койду. Ал жарлыктар арасында глобалдык климат боюнча Париж макулдашуусунан кайрадан чыгуу чечими да бар.

"Америкалык жарандыктын маанисин жана баалуулугун коргоо" деп аталган жарлыкта гендер маселесине көңүл бурулду. Буга чейинки сөздөрүндө Трамп эркек болуп төрөлгөндөр өзүнчө, аял болуп төрөлгөндөр өзүнчө, эки башка жыныстагы адам деп гана таанылышы керек экенин айткан. "Америка добушу" кабарлагандай, Трамптын жарлыгы менен Байдендин трансгендерлерди коргоо тууралуу жарлыгы жокко чыгарылды.

"Американын алтын доору башталууда"

Ант берген соң Дональд Трамп алгачкы сөзүндө “Америка биринчи орунда” деп, Кошмо Штаттардын “алтын доору башталганын” айтты:

“Американын алтын доору мына азыр башталууда. Бул күндөн баштап, биздин өлкөбүз гүлдөп өсөт жана дүйнөнүн чар тарабында кайрадан сый-урматка татыктуу болот. Бизге ар бир өлкө суктангандай болот жана мындан ары бизди өз кызыкчылыгына колдонуп кетем дегендерге жол бербейбиз. Трамп администрациясынын ар бир күнү оболу Американы биринчи коюлат”.

Трамп: "Американын алтын доору азыр башталууда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Трамп АКШ “кайрадан гүлдөгөн өлкө деп саналарын” айтып, Байдендин администрациясын сындап, жаңы кабинеттин алдында турган артыкчылыктуу багыттарды атады.

Ошондой эле Трамп Американын түштүктөгү чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын, мыйзамсыз мигранттар АКШга кирбестен, Мексикада каларын шарттай турган саясатка басым жасаарын айтты:

“[АКШга] мыйзамсыз киргендердин баары дароо токтотулат жана биз миллиондогон, миллиондогон кылмыштуу чоочундарды келген жагына кайтаруу жараянын баштайбыз”.

Президент Трамп энергетика тармагында өзгөчө кырдаал киргизилерин жарыялады. Ал өлкөнүн энергетикалык корун толтуруп, энергия булактарын дүйнөнүн бардык тарабына экспорттой турганын айтты.

"Энергия булактарынын баасынын кымбатташы жана аларды жапырт ашыкча колдонуунун айынан инфляциялык кризис жаралды. Андыктан мына бүгүн энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыялайм", - деген Трамп казылма кен байлыкты иштетүү илгерилей турганын айтты.

Ошондой эле администрациясына чекке жеткен инфляцияга каршы күрөшүүгө тапшырма берерин белгиледи. Cоода-сатык системасын реформалоону убада кылды.

Трамп Ак үйгө кызматка кайтып келгени үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирип, “америкалыктардын үнү жеткенин” айтты:

“Менин силердин алдыңарда турганым бул өлкөдө мүмкүн эмес дегенге такыр ишенбегиле дегендин далили. Америкада мүмкүн эмес деген нерсенин баары эң сонун ишке ашат”, - деди Трамп.

Америкалык астронавттар Марска бет алып, "жаңы үлкөн жеңиштерге" жетерин белгилеген Трамп мекендештерин "тарыхтагы улуу цивилизацияда майтарылбаган күч-кубат менен турмушта каармандыкты көрсөтүүгө" үндөдү.

Трамп Америка өз байлыгын арттырып, аймагын кеңейтип, өлкөнүн туусун жаңы мейкиндиктерге жеткирип, Марска да саярын айтты.

Кызматка киришкен президент ант бергенден кийинки сөзүндө эл аралык маселелерге учкай токтолду. Ал АКШ эл аралык климат келишиминен кайра чыгарын, соода маселесинде Американын өзүнө артыкчылык берилерин белгиледи.

Ал өзү кызматка киришер алдында “Жакынкы Чыгыштагы туткундар үйлөрүнө кайта баштаганын” эске салып, “тынчтык орнотуучу жана бириктирүүчү” лидер болгусу келерин, бул анын мурасы болуп каларын да кошумчалады.

“2017-жылдагыдай эле, биз кайрадан дүйнө эли буга чейин көрбөгөн эң кудуреттүү армияны курабыз. Биз өзүбүздүн ийгилигибизди салгылашууларды жеңгенибиз аркылуу гана эмес, согуштарды аягына чыгарганыбыз, балким, эң маанилүүсү, биз эч качан аралашпай турган согуштар менен да өлчөйбүз”, - деп билдирди.

Трамп АКШнын түштүгүндөгү Мексика булуңунун аталышын "Америка булуңу" деп өзгөртө турганын айтып, Панама каналы тууралуу да сөз кылды. “Кытай Панама каналын иштетип жатат. Биз аны Кытайга берген эмеспиз. Панамага бергенбиз. Эми кайра алабыз”, - деди Трамп.

Буга чейин Мексика менен Панаманын бийлик өкүлдөрү Трамптын мындай билдирүүлөрүн сындаган.

Дүйнө лидерлеринин куттуктоосу

Дүйнө лидерлери АКШнын 47-президентин куттуктап жатышат. Британ премьер-министри Кир Стармер дүйшөмбүнүн кечинде жарыялаган видео кайрылуусунда АКШ менен Улуу Британиянын өзгөчө алака-катышын эске салып, эки өлкөнүн ортосундагы “терең достук” уланат деп үмүттөнөрүн айтты.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Кая Каллас X платформасы аркылуу Трампты куттуктап, трансатлантикалык кызматташтык Европага да, Түндүк Америкага да өнүгүү алып келгенин эске салды жана мындай өнөктөштүктү улантууга даяр экенин белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте президент Трамптын кайтып келиши менен түндүк атлантикалык аскердик альянста коргонууга сарпталган каражат көбөйөрүн, өндүрүш да күчтөнө турганын ишарат кылды.

Украин президенти Владимир Зеленский да Трампка ийгилик каалап, АКШ менен “жигердүү жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты” улантууга даяр экенин айтты.

“Бүгүн өзгөрүүнүн күнү жана көптөгөн көйгөйлөр, анын ичинде глобалдык маселелер чечилет деген үмүттүн күнү. Президент Трамп дайыма чечкиндүү жана ал жарыялаган күч аркылуу тынчтык деген саясат Американын лидерлигин бекемдөөгө жана узак мөөнөттүк тынчтыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, - деп жазды Зеленский Х социалдык тармагына.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин АКШнын 47-президентине жиберген куттуктоосу телеграм-каналына жарыяланды.

Куттуктоодо коңшу өлкөнүн лидери энергетикада, өзөктүк куралды жайылтпоодо жана эл аралык коопсуздукту камсыздоодо Казакстан менен АКШ ортосундагы өз ара жемиштүү кызматташтык өнүгөт деген ишенимин билдирген.

Орусиянын президени Владимир Путин Москвада Коопсуздук кеңешинин жыйынында Трампты АКШнын президенттигине расмий киришип жатканы менен куттуктады. Путин орус-украин согушун жайгаруу маселесинде Москва жаңы администрация менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз АКШнын кайра шайланган президентинин билдирүүсүн жана анын командасынын Орусия менен түз байланыштарды түзүү ниетин көрүп турабыз. Бул байланыштар биздин эмес, кетип жаткан администрациянын күнөөсү менен үзгүлтүккө учураган", - деди Путин.

Путин былтыр ноябрь айында Валдай клубунун жыйынында дагы Трампты шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

47-президенттин инаугурациясы

Абанын температурасы минус 7ге чейин жетет деген божомолдон улам, инаугурация Рональд Рейгандан, башкача айтканда 1985-жылдан бери биринчи жолу Капитолийдин ичиндеги ротондада өттү.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлөгөнү менен, маалымат каражаттары массалык нааразылык акциялары күтүлбөй турганын жазышкан. Аларды пикиринде, өткөн ноябрда ишенимдүү жеңген Трампка каршылык коомдо азайгандай.

20-январдагы салтанатка бир нече чет өлкөлүк лидер, анын ичинен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин чакыруу алган. Бул - 100 жылдан бери биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш. Адатта америкалык президенттердин ант берүү аземине чет өлкөлүк элчилер гана барчу.

Кытайдын атынан бул ирет вице-президент Хань Чжэн катышмакчы.

Трамптын колдоочулары Capital One аренасында. Вашингтон. 19-январь, 2025-жыл
Трамптын колдоочулары Capital One аренасында. Вашингтон. 19-январь, 2025-жыл

АКШны буга чейин 2017-2021-жылдары башкарган Трамп жекшембиде Вашингтонго барып, республикачыл сенаторлор менен эртең мененки тамак үстүндө жолугуп, Арлингтондогу улуттук аскердик көрүстөнгө гүлчамбар койду. Иш-чарага анын үй-бүлө мүчөлөрү, шайланган вице-президент Жей Ди Вэнс жана болочок администрациянын мүчөлөрү катышты.

Баш калаадагы спорт аренасында өткөн митингде тарапташтарына жасаган кайрылуусунда Трамп ант бергенден кийин ондогон буйруктарга кол коёрун, “Американы кайрадан күчтүү” кыларын, гүлдөтөрүн, ар бир кризистик маселени тез чечерин айтты. Муну менен катар Байдендин администрациясын сындады:

"Мен Американы кайтарып алуу алдында ушунча көп досторум, тарапташтарым жана америкалык патриоттор менен кайтып келгениме абдан кубанам. Алдыда өлкөбүздү кайтарып алабыз. Эртең түштө Американын артка кеткен төрт жылы аяктап, америкалык кубаттын, гүлдөп-өсүштүн, ар-намыстын жана сыймыктануунун жаңы күнү башталат... Вашингтондогу ийгиликсиз жана коррупциялашкан саясий күчтөрдүн, ийгиликсиз администрациянын бийлигине чекит коёбуз”.

Мигранттарды агымын дароо токтотуу убадасы

Трамп асыресе мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотууга, бул багыттагы кадамдары тууралуу инаугурациядагы сөзүндө кеңири токтолоруна убада кылды.

Кызматка киришип жатканда америкалык мамлекет башчылар улуттук маанилүү көйгөйлөргө, олуттуу эл аралык маселелерге, аларды чечүү жолдоруна кайрылышат.

CNN жазганына караганда, иммиграция темасы Трамп үчүн абдан маанилүү. Анын командасы даярдап жаткан буйруктар топтомунда бул чөйрөдөгү саясатты түп-тамыры менен өзгөртүү каралып жатат. Ал чечимдер АКШда жашап жаткан жана Мексика менен чек арада башпаанек издеген келгиндерге таасир этет деп күтүлүүдө.

АКШ - Мексика чек арасы. 10-май, 2023-жыл
АКШ - Мексика чек арасы. 10-май, 2023-жыл

Жекшембиде Трамптын ички коопсуздук маселелери боюнча болочок жардамчысы Стивен Миллер аскерлерди тартууга финансылык мүмкүнчүлүк алуу үчүн чек арада чукул кырдаал киргизилерин тастыктады. Жаңы президент ошондой эле иммиграциялык жол-жоболору каралып жаткан кезде мигранттарды Мексикада кармап туруу программасын калыбына келтирүүнү көздөөдө. Андан тышкары CNN телеканалынын булагы АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын кызматкерлерин көйбөйтүп, мурда кылмыш жасаган мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону пландап жатканын айтты.

Бирок Washigton Post, Euronews өңдүү медиа жапырт депортацияны ишке ашырууда Трамп логистикалык жана каржылык кыйынчылыктарга туш болорун болжолдошот.

Андан тышкары Трамп соода, экономика, климат, энергетика, ар түрдүүлүк саясатына тиешелүү буйруктарга кол коймокчу. Айрым маалымат каражаттары биринчи эле күнү ошондой 100 чакты чечим чыгарын жазышат.

Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын Американын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүрүүдө. Маселен анын АКШ менен Мексиканын чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялаган жарлыгында Американын “суверендүүлүгү коркунучта” деп белгиленген. Документте Американын түштүктөгү чек арасын картелдер, кылмыштуу топтор, керек болсо террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганы, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген баңгизаттар кирип жатканы белгиленген.

Чек аранын коопсуздугун жакшыртууга байланыштуу дагы бир жарлыгында “АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар” экени жазылган.

Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.

Украинадагы согуш, "Талибанга" эскертүү

Жекшембидеги сөзүндө болочок мамлекет башчы Украинадагы согушту, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыкты токтоторун кайталады жана "Талибандан" АКШ Ооганстанда калтырып кеткен миллиарддаган долларлык аскердик жабдууларды кайтарып берүүнү талап кыларын белгиледи.

Аналитиктердин пикиринде, Украинадагы согушка жакын арада чекит коюу кыйын, анткени орус президенти Владимир Путин жеңип жатат деп ойлойт жана урушту токтотуу үчүн эч кандай стимулу жок.

Ооганстанды айта турган болсок, маалыматка караганда, 2021-жылы августта талибдер бийликти басып алганда Кошмо Штаттардын аскерлери дээрлик 7 млрд долларлык аскердик жабдууларды калтырган.

ЮСАИД “Талибан” кайтып келгенден кийин АКШ Ооганстанга 2,1 млрд доллардан ашуун каражатты жардам иретинде бергенин билдирген.

АКШдагы президенттик шайлоо былтыр 5-ноябрда өттү. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен көп добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи утту. Демократтардын атынан алгач Жо Байден шайлоого аттанып, Трамп менен алгачкы дебатындагы начар көрсөткүчүнөн көп өтпөй анын ордун Харрис баскан.

Республикачылдардын жеңишин тастыктаган Конгресстеги жыйын алдында президент Жо Байден 2021-жылы 6-январда болгон окуялардын кайталанышына жол бербей турганын билдирген.

Ал жылы Жо Байдендин жеңишин тастыктоо учурунда Трамптын агрессивдүү тарапкерлери Капитолийге кирип барып, жараянды үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн. Трамп Байдендин жеңишин эч качан тааныган эместигин жана колдоочуларын шайлоонун чыныгы жыйынтыгын орнотуу үчүн күрөшкөнүн айтканы менен, Конгресс отурган имаратка кол салууга түздөн-түз тукурган эмес.

АКШнын бийлиги бир нече киши каза тапкан ал окуяны көтөрүлүш катары сыпаттаган. Шайлоонун жыйынтыгы бир нече сааттан кийин бекитилген. Трампка импичмент жарыяланып, кийин Сенат ага күнөө тагуудан баш тарткан. Ал ишке байланыштуу жүздөгөн кишилер соттолду.

Трамп алардын айыбын кечет деп күтүлүүдө. Шайланган президент ал окуядан көп узабай өткөн Байдендин инаугурациясына катышпай койгон.

Ал эми Байден жана мурдагы президенттер Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон 20-январдагы салтанатка бара турганы кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG