Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Түркия: Анталияда өз жанын кыям деген кыргыз аял аман калды


Иллюстрация
Иллюстрация

27-январда Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык аял өз жанын кыюуга аракет кылганы кабарланды. Жергиликтүү кабар агенттиги полиция кызматкерлери "жардан кулайм" деген аял менен төрт саат сүйлөшүп, аны аман сактап калганы тууралуу маалымат таратты.

Полициянын төрт сааттык операциясы

Түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги шейшембиде Анталия шаарында кыргызстандык аял суицидге барууга камынганын жазды. Окуя 27-январда шаардын Муратпаша районунда болгон. 45 жаштагы кыргызстандык Айнур аттуу аял деңиз жээгиндеги бийик жарга барып, боюн таштамакчы болгон кезде окуянын күбөлөрү полиция чакырган.

Ал жерге дароо "Тез жардам", полиция жана куткаруучулар барганы айтылат. Полиция кызматкерлери кыргызстандык аялды көпкө чейин артка кайтууга көндүрүү аракетин көргөн. Төрт сааттан кийин гана майнап чыккан.

"Ихлас" кабар агенттигинин макаласында суицидге барууга камынган Айнур Кыргызстанда апасы каза болгондон кийин оор депрессияга кабылганы айтылат. Аман калган кыргызстандык кийин полиция бөлүмүнө жеткирилген.

28-январда Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу маселе көзөмөлгө алынганын, аялдын психологиялык жактан көйгөйү бар экенин жана ал Бишкекке жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына караганда, чет жакта мигрант болуп жүргөн кыргыз жарандарынын 53% аялдар. Жарандык активисттер мигрант кыз-келиндер укуктук жана моралдык колдоого муктаж экенин айтып келишет. Учурда Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт.

Кусалык, суицид жана жардам

Түркияда жашаган кыргызстандык психолог Салтанат Кыдыралиева жакында Москва Психоанализ институтунда дипломдук ишин жактаганы турат. Ал да Анталияда өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын окуясында психологиялык жагдай чоң роль ойногонун боолгойт:

Салтанат Кыдыралиева
Салтанат Кыдыралиева

"Негизи адам баласынын суицидге баруусу өтө опурталдуу нерсе. Ар бир эле адам ага бара албайт. Ошондой абалга жеткирген бир көйгөйү бар гана киши өз жанын кыйганга барат. Бирок "өзүн жаман сезген ар бир эле мигрант ошондой кылат" деген такыр туура эмес. Антип айта албайбыз".

Чет жакта иштеп жаткан мигранттардын психологиялык абалы, Салтанат Кыдыралиеванын айтымында, үч негизги факторго таянат. Алар: кусалык, өз тажрыйбасын чет жакта колдоно албаганы жана мигрант өз чегин, укугун коргой албагандыгы.

"Чет өлкөдө мигранттардын психологиялык абалы эмнеге жараша болот? Негизи бул адамдын үй-бүлөсүнөн, бала чагынан жана кандай чөйрөдө өскөнүнөн башталат. Ошондой эле үч негизги факторду белгилеп кетким келет. Биринчиден, кусалык жана социалдык изоляция. Анткени жакындары, туугандары алыста, чет жакта жаңы дос же коллега, жаңы социалдык чөйрө табыш керек болот. Бирок дайыма эле оңой табыла бербейт. Мисалы, бир киши 20-30 жашында же Анталиядагы келиндей 40 жашта миграцияга кетсе, ошол 40 жылдагыдай социалдык контактты чет өлкөдө 1-2 жылда, жада калса 5 жылда куруу мүмкүн эмес. Кусалык демекчи, чет өлкөдө миграцияда жүрүп, каалаган убакта үй-бүлөңдү көрө албайсың. Албетте, азыр видео менен сүйлөшүү өнүккөн, бирок жүз көрүшүп, жанынан жолукканга жетпейт", - дейт ал.

Экинчиден, адистин белгилешинче, чет өлкөгө чыккан ар бир эле мигрант өзүнүн кесиптик жөндөмүн, тажрыйбасын улантып кете албайт.

"Айрыкча мигранттардын кара жумушта иштеп калышы чоң көйгөй. Түркияга иштегени келген мигрант кыз-келиндер, мисалы, негизинен үй жыйнап, бала карап же кары-картаңдарды карап, дүкөндө сатуучу болуп иштешет. Албетте, өз кесиби боюнча иштеген кыргызстандыктар да бар. Бирок андайлар өтө аз. Ал эми үчүнчү фактор, менин психолог катары жеке оюм, бул – биздин кыргыз коомубузда үй-бүлөдө ар бир адамдын өзүнүн жеке чегин коё албагандыгы. Бизде дагы эле коллективдик жашоо бар деп айта алам. Анан чет өлкөгө барып, бирөөнүн кол астында иштегенде ошондой чекти коё албагандык маселе жаратат. Алсак, Түркияда үй жумушун аткарып, багуучу болгон мигрант кыз-келиндер арасында жумасына 7 күн иштегендер да бар. Күнүнө 8 саат иштегенге укугу бар, биздикилер болсо таң атпай туруп иштей башташат, түнү жумуш бергендер качан жатса, ошондо гана жатышат. Мунун баары чогулуп отуруп адамдын психологиялык абалынын начарлашына алып келет", - дейт психолог Салтанат Кыдыралиева.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын саны 30 миңге жакын. Бейрасмий маалымат боюнча андан эки эсе көп. Түрк жергесиндеги мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Алардын ичинен тейлөө тармагында иштегендерге караганда үйдө бала же карыларды баккан аялдар басымдуу.

Суицид кабарлары этикалык нормага туура келиши керек

Түркиялык маалымат каражаттары өз жанын кыйган же андай кадамга барууга камынган кишилер жөнүндө кабарларды жарыялап турушат. Буга өлкөдөгү Психиатрлар бирикмеси тынчсызданып, жыл башында атайын билдирүү тараткан. Анда айрыкча маалымат каражаттары суицидге байланыштуу кабарларды этикалык нормаларга ылайык чыгарышы керек экени эскертилген.

Стамбул шаары. 27-февраль, 2024-жыл.
Стамбул шаары. 27-февраль, 2024-жыл.

Аталган бирикменин 2024-жылы сентябрь айында жарыяланган макаласында 2023-жылкы статистика боюнча өз жанын кыйган жарандардын 7% экономикалык таңкыстыктан улам ушул кадамга барганы айтылган. Айрыкча медицина кызматкерлери суицидге көбүрөөк барары белгиленген.

Бирок мындай статистикада канча чет өлкөлүк көз жумганы айтылбайт.

Түркияда учурда 1 миллиондой чет өлкөлүк туруктуу жашоого уруксат документи менен жашайт. Бирок мыйзамсыз жүргөн же туристтик виза менен иштеп жүргөн чет өлкөлүктөрдүн саны алда канча көп.

Шерине

XS
SM
MD
LG