Бир күндөн кийин ИИМдин бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрүлүп, анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо өңдүү айрым түзүмдөрдүн иши сынга алынганы белгилүү болду.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков учурагы оперативдүү кырдаал, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук, кыргыз милициясын реформалоо иштери тууралуу маалымат берген.
Садыр Жапаров министрге ички иштер органдарында иштегендердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну, кадр даярдоо системасын, материалдык-техникалык базасын жакшыртууну тапшырган. Маңзат соодасына каршы турууну, укук бузууларды алдын алуу иштерин күчөтүүнү эскерткен.
"Ички иштер министри өлкөдөгү учурдагы оперативдүү кырдаал, коомдук тартипти камсыздоо жаатындагы чаралар жана укук коргоо органдарындагы реформаларды ишке ашыруу тууралуу маалымат берди. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү жана укук бузууларды алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улан Ниязбековдун берген маалыматына ылайык, өлкөдөгү кылмыштуулуктун 93% ички иштер органдарында катталгандыгына карабастан, акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69% азайтууга жетишкен. Ошондой эле министр жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн үстүбүздөгү жылга иш-чаралар иштелип чыкканын билдирди. Алардын катарында санарип милиция системасын түптөө, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө жаатында курулуш иштерин жүргүзүүнү улантуу, кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу ишмердигин күчөтүү, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды алып баруу. Улан Ниязбеков белгилегендей, бул багыттардын баары “Улуттук пландын”, “Коопсуз өлкө” долбоорунун негизинде жана “Туруктуу коом – татыктуу жашоо” форматы боюнча комплекстүү түрдө ырааттуу түрдө ишке ашырылат", - деп жазылган маалыматта.
ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сейитов кылмыштуулуктун азайышын ириде жетекчиликтин көзөмөлдү күчөтүшү менен байланыштырды. Мындан улам кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү жогорулаганын айтты:
"Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар тараптуу ыкмаларды, жаңы технологияларды ыкчам колдоно билүү менен кылмыштуулуктун азайышына жетише алдык десек болот. Мына, быйылкы жылда эле өлкөдө ички иштер органдары 35,5 миңден ашык кылмыш ишин козгогон. Бул жалпы укук коргоо органдары козгогон кылмыш иштеринин 92,9% түзөт. Кылмыш ачуунун көрсөткүчү 70% түздү. Эл арасында резонанс жараткан окуяларды болтурбоо, ыкчам ишмердикти жакшыртуу, өнүктүрүү жана башка масштабдуу иш-чараларды өзү көзөмөлгө алып, бардык багытты карап турду. Ошонун натыйжасында 2024-жылы өлкөбүздө кылмыштуулуктун деңгээли 17% азайып, кылмыштын бетин ачуу кыйла жакшырды".
Деген менен жарандык активист Эртай Искаков кылмыштуулуктун азайышы жалгыз кыргыз милициясынын ишинин үзүрү эмес деп эсептейт. Соңку көрсөткүчтү ал ириде уюшма кылмыш топторуна каршы күрөш менен байланыштырды. Ички иштер кызматкерлери дагы деле элден алыс экенине токтолду:
"Кылмыштуулук чынында азайды. Уюшкан кылмыш топтору менен күрөштү көрүп жатасыздар, ал топтор мурдагыдай болбой калган себептүү кылмыштуулук азайды. Бирок жалпы милициянын ишине, ишинин натыйжалуулугуна 10 деген баллдан мен 4 деген балл берет элем. Себеби милиция кызматкерлери элге кызмат кылып, элдин коргоочусу болушу керек. Эмнегедир булар элдин милицияга карата ишенимин дагы деле көтөрө албай жатышат. Кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча атайын кызмат жакшы иштерди алып барып жатат. Милициянын саны көп, бирок бул тараптан аракети аз болууда. Негизи эле кыргыз милициясын реформа кылуу керек. Балким, атын полиция деп өзгөртүү керектир. Албетте, биринчи атын эмес, өзүн өзгөртүү керек. Айрым учурларда милиция кызматкерлери УКМКнын атайын бөлүгүнүн кызматкерлериндей болуп бара калып, баса калган учурлар да болуп жатат. Бул жерде эң биринчи алардын элге болгон мамилеси оңдолушу керек. Эл милициядан коркпой, сактоочусу, коргоочусу катары көрүшү керек. Бул негизги көрсөткүч. Жалпысынан, жакшы иштебей жатышат. Ошол эле жол коопсуздугун карап көрөлү. Кибералдамчылар көбөйдү. Ошондой иштердин биринин дагы бети ачыла элек. Азыр эми маңзаттын башкача түрлөрү да чыкты. Ушундай кылмыштарды алдын алуу үчүн, түшүндүрүү үчүн эл менен жолугушуулар жетиштүү болгон жок".
ИИМдин ишине байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев тергөөчүлөр интернеттеги шылуундук өңдүү кылмыштын жаңы түрүн иликтөөдө, кылмышкерлерди табууда чабал болуп жатканын айтты:
“Азыр алардын доору болуп калды, интернет аркылуу бир топ жарандарды алдап кетишти. Алтургай президенттин үнү менен видеотасма чыгарып, акция сатып жатабыз деп алдап жатышат. Мен элге президент буга эч качан барбайт, эч качан айтпайт, бул деген фейк деп айтып жатам. Мына, кечээ эле мага бир жаран ушул боюнча келген. Ушундай арыздар абдан көп, Ички иштер министрлиги тергөөчүлөрдү жаңы технологиялар аркылуу алдамчылык кылгандарды табууга окутуш керек. Алар соцтармактар менен иштеши керек. Алар арызды, жабырлануучунун кайрылуусун күтпөй, социалдык тармактарга видео чыкканда эле иштей башташы керек. Алдын алган аракет болушу керек. Бизде, тилекке каршы, жарандар алданып, анан арыз жазгандан кийин иштей башташат”, - деди депутат.
Милициянын бир жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылган коллегия 29-январда өттү. ИИМдин басма сөз кызматы анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын иши кескин сынга алынганын билдирди:
"ИИМдин жетекчилиги акыркы күндөрү катталган жол кырсыктары боюнча жооптуу жетекчилерин кескин сынга алды. Ошондой эле жол кырсыктарын азайтуу боюнча жүздөгөн маанилүү иш-чаралар жүргүзүлүп, бирок алардын айрымдары гана өз натыйжасын берсе, көпчүлүгү натыйжа бербей жаткандыгы айтылды. Жол кырсыктарынын санын азайтуу тапшырмасы толук аткарылган жок. Унаа кырсыктарын болтурбоо жаатында ондогон актуалдуу кемчиликтер бар. Жол эрежелерин сактоого үгүттөөдөн баштап, айдоочулардын тартибине чейин чечилбей келе жаткан көйгөйлөр да жок эмес. Бирок жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында 2024-жылы активдүү ишмердик жок экендиги белгиленди. Коллегиянын жыйынтыгы менен алардын ишмердигине баа бериле турганын баса белгилешти. Коллегиянын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына тапшырмалар берилип, кынтыксыз аткаруу керектиги эскертилди".
Коллегиянын жыйынтыгы менен райондук деңгээлдеги эки жетекчи иштен алынып, ондогон кызматкерге тартиптик жаза берилгени айтылды.
Ал арада соцтармактар аркылуу ИИМдин атайын байланыш кызматынын бир топ кызматкери өлкө бийлигине видео кайрылуу жолдоду. Анда буга чейин мыйзамдуу түрдө аскердик пенсияга чыгып келишкенин, бирок министрликтин азыркы жетекчилиги алардын бул укугун бузуп жатканын айтышкан.
ИИМ жана президенттин администрациясы алардын дооматына азырынча үн ката элек.
Соңку жылдары кыргыз милициясына сын-дооматты күчөткөн бир катар окуялар дагы болду. Ички иштер органдарында айрыкча аялдарга, үй-бүлөдөгү зомбулуктарга, адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуяларга жол берген кездешет.
Журналисттердин камалышы, тынч жыйындардын, митингдердин чектелишинде милицияга нааразылык айтылды. Жогорку Кеңеште ички иштер органдарынын кызматкерлерин сүрөт-видеого тартууга тыюу салган мыйзамды кабыл алууга аракет жасалды.
Шерине