Украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар. Алар кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? Москва туткундарды айырбаштоого канчалык кызыкдар?
Өкмөт тышкы насыяларды алуу үчүн парламенттин макулдугу керек деген талапты жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай демилге Жогорку Кеңештин таасирин алсыратканы менен депутаттар аны биринчи окууда колдоп берди.
Дүйнөдөгү мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 88 жашында көз жумду. Ал түптөгөн фонд 4-февралда билдиргендей, филантроп Португалияда үй-бүлөсү тегеректеп турганда үзүлгөн.
Президент Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуш кылып, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бул планды палестиндер жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөр сындаса, израилдиктер "тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт" деп үмүттөнүшөт.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.
5-февралда Тажикстандын Жогорку соту "мамлекеттик төңкөрүш аракети" боюнча айыпталып жаткан бир топ адамдарга өкүм чыгарды. Алардын арасында мурдагы министр, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар, журналисттер бар.
Кыргызстанда MCN coin деген күмөндүү криптоактивди жарнамалоо күчөдү. Жарнама кылгандар аны ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар "тез эле миллионер болот" деп убада кылууда. Адистер бул "каржы пирамидасы" экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертүүдө.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети отурумунда карап, айрым депутаттар документ менен таанышып чыгуусу үчүн кароо кийинкиге жылдырылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады. Украин бийлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек. 4-февралда Трамптын Украинага сейрек кездешүүчү металлдардын ордуна жардам берүү сунушуна Кремль реакция жасады.
УКМК "АЮ Холдинг" ишканасын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовго "уюшкан кылмыш топторун каржылоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы белгилүү болду. Бул иштин алкагында анын тууганы, ишкананын башчысы Тыныбек Исаев кайра камалды. Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.
Тажикстандын Юстиция министрлиги баш калаа Дүйшөмбүдөн 24 чакырымдай жерде жайгашкан Вахдат районундагы катуу кайтаруудагы түрмөдө чыккан жаңжалда үч адам каза таап, абактын үч кызматкери жараат алганын билдирди.
Дагы жүктөңүз