Uzbekistan Airways Европага каттамдары мурункудай Орусия же Беларус аркылуу өтпөй турганын, учактар бул өлкөлөрдү айланып учмай болгонун жарыялады. Бирок эми Азербайжан жана Түркия аркылуу уча турганы айтылганы менен, Flightradar24 сайты айрым каттамдар дагы эле Орусия аркылуу өтүп жатканын жазды.
Кыргызстанда учурда чоң үйлөрдүн ээлери гана мүлк салыгын төлөшөт. Мисалы, Бишкекте батирдин аянты 80 чарчы метр, жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашканда салык салынат. Бирок өкмөт бул система акыйкатсыз экенин айтып, аны өзгөртүүнү сунуштады.
Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык билдирип, саясий ачкачылык кармаган активист Шералы Назаркуловдун каза болгонуна 7-февралда туура 23 жыл толду.
"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, анын уулу Кемелбек сегиз жылга абакка кесилди. Соттун чечимине ылайык алардын мүлкү мамлекетке алынышы керек.
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтирген. Кыргызстандагы жайыттардын аянты 9 млн гектарды түзөт.
Украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар. Алар кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? Москва туткундарды айырбаштоого канчалык кызыкдар?
Өкмөт тышкы насыяларды алуу үчүн парламенттин макулдугу керек деген талапты жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай демилге Жогорку Кеңештин таасирин алсыратканы менен депутаттар аны биринчи окууда колдоп берди.
Дүйнөдөгү мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 88 жашында көз жумду. Ал түптөгөн фонд 4-февралда билдиргендей, филантроп Португалияда үй-бүлөсү тегеректеп турганда үзүлгөн.
Президент Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуш кылып, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бул планды палестиндер жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөр сындаса, израилдиктер "тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт" деп үмүттөнүшөт.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.
5-февралда Тажикстандын Жогорку соту "мамлекеттик төңкөрүш аракети" боюнча айыпталып жаткан бир топ адамдарга өкүм чыгарды. Алардын арасында мурдагы министр, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар, журналисттер бар.
Дагы жүктөңүз