Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

"АЮ Холдинг": Абдыкеримовго дагы бир иш козголду, тууганы Исаев кайра камалды


Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

УКМК "АЮ Холдинг" ишканасын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовго "уюшкан кылмыш топторун каржылоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы белгилүү болду. Бул иштин алкагында анын тууганы, ишкананын башчысы Тыныбек Исаев кайра камалды. Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.

Шаршенбек Абдыкеримов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган жана ошондон бери издөөдө жүрөт.

"АЮ Холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго "кылмыштуу топту каржылоо" беренеси менен кылмыш иши өткөн айда козголгону белгилүү болду. Мындай маалыматты аталган компаниянын юристи Акыл Кунакунов "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка ылайык, бул иштин алкагында Абдыкеримовдун тууганы, компаниянын директору Тыныбек Исаев 31-январда кармалган.

"Бул өзүнчө, жакында эле 9-январда "уюшкан кылмыш тобун каржылаган" деп козголгон кылмыш иши. Өткөн жума күнү анын Тыныбек Исаев деген таякеси кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ага ошол каржылоого байланыштуу чогуу болгон деген айып тагылды. Тыныбек Исаевдин жактоочусу катары бешинчи күнү анын бөгөт чарасы каралганда катыштым. Бөгөт чарасы Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралып, бир айга камоо чечими чыкты", - деди юрист.

Акыл Кунакунов интернетте айрым колдонуучулар жазып жаткандай, ишкердин калган-каткан мүлкү дагы мамлекетке өткөнү тууралуу так маалымат жок экенин кошумчалады.

Абдыкеримовго козголгон кылмыш иши, Тыныбек Исаевдин камалышы тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек.


УКМК былтыр “АЮ Холдинг” ишканасынын мурдагы президенти Бактыбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалганын билдирген. Атайын кызмат ал Өзбекстанда бизнес кылуу үчүн өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиев менен байланыш түзгөнү аныкталганын кабарлаган. Бул иш тууралуу кийин маалымат берилген эмес.

"АЮнун" эки заводу мамлекетке өткөн

"АЮ Холдингдин" айланасындагы маселенин, уу-дуу кептин төркүнү 2023-жылы ачыкка чыккан. Ошол жылы жазында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде аталган холдинг "кустуруу" жараянынын курмандыгы болгону тууралуу пикирлерге жооп берген.
Ал ишканада мурдагыдай салык төлөөдөн качуу, аткезчилик сымал мыйзамсыз иштер уланып жатканын, алардын арак жана спирт заводдору мамлекеттин карамагына алынганын билдирген.

“Биз "АЮ” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат", - деген Жапаров.

Ошол кездеги экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "АЮ" компаниясын анын кожоюндары өз эрки менен мамлекетке өткөрүп бергенин айткан. Шаршенбек Абдыкеримов буга байланыштуу үн каткан эмес.


Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) спирт ичимдиктери мыйзамсыз өндүрүлөт деген ыкчам маалыматтан улам деп “АЮну” тинтип, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок 12 миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын кабарлаган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (“Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү”) менен кылмыш ишин козгоп, эки адам камакка алынган.

Ошол эле 2023-жылы сентябрь айында сот Шаршенбек Абдыкеримовду камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарган.

ИИМ анда ишкерге "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу", "Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)", "Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо", Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү" өңдүү беренелер менен айып такканы белгилүү болгон. Бишкекте компанияга таандык 4 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылган. Бир айдан кийин, октябрда "АЮ" компаниясынын издөөдө жүрөт деген директору Тыныбек Исаев камалган.

Исаев 2024-жылы апрелде “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталганы, “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылганы, бирок мунапыс менен жазадан бошотулгану маалым болгон.


Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев камоо, мүлкүн мамлекетке алуу менен коштолгон мындай иштерде суроо көп экенин белгилейт:

"Салык жашырды деп мүлктү тартып алуу үчүн соттун чечими керек. Кылмыш иши козголуп, соттун чечими чыгып, төлөй турган эч нерсеси жок десе, анда ошондо гана мүлкү алынат. Спирт заводун өз ыктыяры менен тапшырды дешкен, ал азыркыга чейин иштебей турат. Бир эле кылмышка байланыштуу бир нече жолу жоопко тартуу бизде, Кыргызстанда эле болсо керек. Шаршенбек Абдыкеримовдун "түбүнө жетүү" аракети болуп жаткандай. Холдингге караштуу ондогон ишкана бар болчу, ар бири чарбалык каттоодон өткөн. Балким, салыкты төлөбөй, айрым насыялык милдеттенмелерин аткарган эместир. Үч-төрт жылдан бери канча адам кармалып, канчасы кайра коё берилгенин эч ким анализ кылбай жатат. Көп учурда мамлекетке жер, мүлк, завод-фабрикалар кайтарылды деген маалымат берилип жатат. Адамды эркинен ажыратып кайтарганда, ал мүлкүн өткөрүп бергенге мажбур деле болот да".

Ишкананын азыркы абалы

“АЮ Холдинг” мындан 20 жылдан ашык убакыт мурда негизделген. Карамагында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай" өңдүү ар кандай багыттагы 30дай ишкана болгон.

Анын айланасындагы соңку окуялар ишкерлерди чочутат деген сөздөр дагы айтылган. Журналист Аскер Сакыбаева бир канча жыл мурда түзүлгөн ишкананын азыркы абалына кейиди:

"Акыркы убактарда "АЮ Холдингдин" айланасындагы кептер тынчыбай келет. Бир топ жыл мурда мен бул ишкананын ишине күбө болуп калган жайым бар. Бишкектин тегерегиндеги заводдорун, фабрикаларын, мал багылган фермаларын атайын кыдырып, көрүп чыкканбыз. Тамак-аш жагынан мыкты инженерлерди алып келип иштетип жатканына дагы күбө болгонбуз. Абдыкеримовдун Кыргызстанга 100 ишкана курам деген ою, ниети бар деп айтышчу. Ошону толук болбосо дагы бир тобун аткарды. Эми бул жеке бизнес болгон да. Бизден өзүбүздөн чыгып жаткан ишкерлердин колу-бутун байлабай, ишин жокко чыгарбай, жардам гана беришибиз керек болчу. Азыркы жүрүп жаткан иштерге караганда, бул бизнес толугу менен эле жок болгону калды окшойт. Азыр эми мыйзам бузган, салык төлөгөн эмес деп айтылып жатат. Мындан башка дагы кылмыштуу топторго байланыштуу айыптоолор болушу мүмкүн. Ошондой мыйзам бузууларга барса, кылмыштуу топторго кандайдыр бир тиешеси болсо, анын баарын териштирип, ак-карасын ажыратыш керек эле. Агын ак, карасын кара деп элге так көрсөтүп, андан аркы иштерине тоскоолдук кылбоо керек эле. Тармак-тармактуу ушундай чоң ишкананын азыркыдай абалга келип калганы өкүнүчтүү. Ушундай иштерди көрүп жаткан ишкерлер кантип бизнес ачат, кантип инвестиция тартат? Көз карандысыз сот системасы болбосо алар кантип иштейт?".


Абдыкеримов 2010-жылдан кийин саясатка дагы аралашып, жылдагы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан кийин өзү "Кыргызстан" партиясын негиздеп, 2015-жылкы шайлоого катышкан.

Бул учурда бийликчил позицияны ээлеген партия парламентте таасирдүү топко айланган эле. Абдыкеримов өзү да бийлик түзүмдөрүнө жакын болуп, Улуттук Олимпиада комитетин башкарган.

Абдыкеримов жана "Салимбай байбача"

Ошол маалда эле анын "Салимбай байбача" деген ат менен таанымал өзбекстандык кримтөбөл менен алака-катышы тууралуу маалыматтар чыккан.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев болсо Абдыкеримов убагында бийликтин долбоору болгону тууралуу сөздөрдү эске салды:

"Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде "Кыргызстан" партиясы ошол учурда бийликте турган КСДП партиясына жандооч катары, ошол партияга батпай калган талапкерлерди киргизүү үчүн шайлоого катыштырган деген сөздөр болгон. Атамбаев жана анын айланасындагылардын долбоору болгон дешкен. Шаки өңдүү бир топ ишкерлерди, бизнесмендерди ушул партияга чогултушкан. 2010-жылдагы кандуу окуяларга айыпталган Иномжан Абдурасулов, Салахидинов өңдүү сепаратист дегендер Анжиянда туруп алып Оштогу таасирдүү теги өзбек ишкерлерди чакырып алып, "Кыргызстан" партиясын колдоо тууралуу жыйын өткөрүп, ушундай аракеттерин кылып жатышты да".


"Азаттык" 2015-жылы Июнь коогасын уюштургандардын бири деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Иномжан Абдурасуловдун бир да мүлкү конфискацияланбаганын, анын баары "АЮ Холдингге" табышмактуу жагдайда өтүп кеткенин иликтеп чыккан.

Ошол кезде аталган фирманын вице-президенти болуп турган Балбак Түлөбаев Абдурасуловдор менен 2007-жылдан бери эле бизнес өнөктөш болгонун, 2010-жылы алардын "Эргеш-Ата" ишканасынын карызы менен сатып алганын ырастаган. Ал ошондой эле 2010-жылдан кийин Жалал-Абадда Июнь коогасында колдонулган "Санпа" пахта заводун да сатып алышканын бышыктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG