Ага-Хан диний маселелерди бизнес кызыкчылыктар жана эл аралык өнүгүү долбоорлору менен айкалыштырып иш жүргүзгөнү менен белгилүү болгон. Андан тышкары байманалуу жашоосу, эки жолку никеси жана эбегейсиз байлыгы менен ар дайым элдин көңүл борборунда болуп келген.
Карим аль-Хусейн Шах же Ага-Хан Женевада 1936-жылы 13-декабрда жарык дүйнөгө келген. Ал 21 жашында чоң атасынын мураскери катары исмаилиттердин 49-имамы болуп калган. Дүйнөдө исмаилиттердин саны болжол менен 2,5 миллиондон ашат. Айрым эсептөөлөргө караганда, 15 миллионго чейин жетиши мүмкүн. Эң көп исмаилиттер Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусунда отурукташкан.
Ага-Хан мураскер болгон маалда Гарвард университетинин студенти болчу. Өзү көзү тирүү кезде жашоосу бир секундда өзгөрүп, “миллиондогон адамдар үчүн жоопкерчилик мойнуна жүктөлүп калган” деп айтканы бар.
Ал "Ага-Хандын Өнүктүрүү тармагын" негиздеген. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба сыяктуу тармактарга инвестиция салган дүйнөдөгү эң ири менчик долбоорлордун бири.
Анын алкагында өкмөттөр, уюмдар жана коомдор менен биргеликте ишке ашырылган программалар кедей-кембагалдарга билим алууга, бекер дарыланууга өбөлгө түзүп келет.
Маалымат каражаттарына курган маектеринин биринде Ага-Хан анын “туруктуу максаттарынын” бири адамдардын жашоосунун сапатын жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу экенин айтып жүрчү.
Байистүү исламды жайылтып, диний сабырдуулуктун орношуна аракет кылып келген лидер жакырларга экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен экстремизмди жойсо болоруна ишенчү.
Ага-Хандын айтымында, дүйнөнүн айрым кембагал аймактарында зомбулук жана террорчулук “жакырчылыктан улам келип чыгат” жана “жашоонун сапаттарын өзгөртүү менен кырдаалды да башка нукка бурса болот".
Ал өз жолдоочуларын бир гана исмаилиттерге эмес, бардык муктаждарга жардам берүүгө чакырып келген. Ага-Хан соңку жылдары исмаилиттердин коому жана кайрымдуулук долбоорлорунун көбү дүйнөдөгү туруксуз аймактарда бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатканына күбө болду. Жакында эле Тажикстандын өкмөтү Тоолуу Бадахшандагы Ага-Хандын фондуна караштуу бир нече ири объектилерди, анын ичинен мейманкана, жеке мектеп жана калаадагы паркты өз карамагына алган. Автономдуу аймакта 250 миңдей киши жашайт. Алардын көбү өзүлөрүн исмаилиттер катары кабыл алышат. Ага-Хандын фонду отуз жылдан бери бул жактагы жана Тажикстандын башка аймактарындагы көп бизнес долбоорлорго инвестиция салган.
Ага-Хан IV 1957-жылдан бери Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин коомун жетектеп келаткан. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келген.
Ага-Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду жүргүзүп, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.
Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар.
Мурдагы мамлекеттик катчы, академик Осмонакун Ибраимов Кыргызстанда Ага-Хандын колдоосу менен жогорку окуу жайдын ачылыш тарыхын мындайча эскерди:
"Бул киши менин көз алдымда азыр да элестеп турат. Чыныгы аристократ киши экен. Өзү укум-тукуму менен ак сөөк экен. Жүрүш-турушу, үй-бүлөсү, көз караштары чыныгы европалык экен. Анын сөзү баарыбызга жакты, ошол кездеги Акаевдин командасына (ред. мурдагы президент Аскар Акаев). Илим-билим, элдин билимин жогорулатуу, айрыкча мусулман жамаатынын деңгээлин көтөрүү деген ой-тилек экен".
Материалдык байлык
Канзаада деген макамдан башка Ага-Ханга ата-бабасынан эбегейсиз байлык да калган. Анын активдери 800 миллиондон бир нече миллиард долларга чейин бааланат. 2009-жылы Forbes журналы Ага-Ханды дүйнөдөгү падышалык 15 бай үй-бүлөнүн катарына киргизген.
Басылманын маалыматына караганда, Ага-Хан ат чабышты жакшы көргөндүктөн анын Ирландия жана Франциядагы ат заводдорунда "900дөй асыл тукум аргыгы бар”. Андан тышкары Британиядагы жылкы саткан ири Goffs аукцион үйүндө жана Франциядагы жылкы саткан "Аркана" аукцион үйүндө үлүшү болгон.
Ага-Хан ошондой эле байманалуу жашоо образы, укмуштуудай резиденциялары, миллиондогон доллар турган яхталары жана учактары менен белгилүү болчу.
Бирок ал байманалуу жашоо кечирерин төгүндөп келген. Айрым оппоненттери анын жашоо образынан улам "толук мусулман эмес" деп айыпташчу.
Жогорку даражалуу байланыштарынан улам Ага-Хан дүйнөлүк лидерлер, президенттер жана падышалык үй-бүлө мүчөлөрү менен көп сүрөткө түшкөн.
Анын жеке жашоосу, эки жолку никеси жана ажырашуулары тууралуу Батыш медиалары байма-бай жазып турушчу. Анын биринчи аялы британиялык Сара Крокер Пул турмушка чыкканда ислам динин кабыл алып, атын Салима Ага-Хан деп өзгөрткөн жана бегим деген аристократиялык макамга ээ болгон.
Үч балалуу болуп, 26 жыл бирге өмүр сүргөн соң 1995-жылы ажырашып кетишкен.
Ал 1998-жылы германиялык Габриэл Хомиге үйлөнүп, 64 жашында андан дагы бир балалуу болгон.
Габриэл ага турмушка чыккандан кийин Инаара Ага Хан бегим деген ысым алган. Экөө 2004-жылдан баштап бирге жашабай калган, узакка созулган юридикалык чыр-чатактардан кийин расмий түрдө 2014-жылы ажырашкан. Ага-Хандын үч уулу, бир кызы бар.
Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, академик Осмонакун Ибраимов канзааданын өлүмүнөн кийин фонддо кандай өзгөрүү болушу мүмкүн деген суроого төмөнкүдөй жооп кайтарды:
"Эч кандай өзгөрүү болбойт. Ага-Хандын калтырган мурасы - өтө чоң, жалпы мусулман дүйнөсү үчүн керектүү мурас. Биз аны менен тыгыз иштешибиз керек. Ага-Хан - опол тоодой байлык, опол тоодой каражаты бар фонд. Аны пайдалана билишибиз керек. Сүйлөшүп, алака куруп, бул университетти да кеңейтүү керек болчу. Жергиликтүү тургундардын квотасын көбөйтүп... Мына азыр Европанын чок ортосундагы деңгээлдегидей билим берип атышат".
Ага-Хан фондуна бай исмаилиттер да акча берип турат. Анын мураскери ким болору керээзинде жазылган. Ал качан ачыкталары азырынча белгисиз.
Шерине