Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилген жерлерди мэриянын карамагына кайтаруу боюнча арызды карап, корутунду чыгарды. Бишкек мэриясы анда калаа башчылыгынын парк боюнча чечимдери мыйзамдуу деп табылганын жарыя кылды.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмүн шаардык милиция тергей баштады. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
12-февралда Өзбекстандын аскердик соту президенттин администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары, өзбек президентинин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн деген негизде 10 кишини узак мөөнөткө абакка кести.
Мурунку саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер 120 миң сомго чейин алып жатканын, ал эми орточо айлык 38 миң сомго жеткенин билдирген. Бирок расмий статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда дарыгердин орточо маянасы 26 миң сом.
Расмий Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча маалымат берип, тактоо иштери аяктаганын, алдыда “суу жана жол боюнча кошумча келишим кабыл алынарын” билдирди.
Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Кыргызстанда акыркы он жылда ашказандын рак илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп, жашарып жатканы айтылып келет. Онкологдор убагында дарыланбаса, дарттын кесепети оор болорун эскертишет.
Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун акими Улугбек Касымовдун жыл башында ыйгара турган миллион сумдук сыйлыктары социалдык тармактарда чоң талкууга түшкөндөн кийин жокко чыгарылды. Кымбат баалуу сыйлыктар анын орун басарларына жана район акимдерине берилмек.
11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгы учурунда эки бейтап бала өмүрүнөн ажырады. Өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар жалпысынан 260 адамды эвакуация кылышканы баштапкы маалыматта айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Тынчтык Шайназаров шайланды. Дээрлик тогуз жылдан бери комиссияны жетектеп келген Шайлдабекова эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөрдү.
Соңку айларда Кыргызстанда өтө жарнамаланып келген криптоактив алдамчылык экени ачыкка чыкты. Ага коомчулукка аты белгилүү адамдар да тартылганы, таанымал кишилер иш-чараларына катышканы жана MCN coin криптоактивин уюштуруучулар өкмөттүк басылмага маек курганы талкууга түшүүдө.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Суу кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу талаш чыкты. Тагыраагы, кодекстин текстине Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген сөздү киргизүү сунушталганы ачыкка чыгып, каршылыктарды жаратты.
Дагы жүктөңүз