Криптовалюта деген эмне?
Криптовалюта — интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Аны чыгаруу криптографиялык (“крипто” – “жашыруун”) усулдарга негизделет.
Токен — санарип дүйнөдөгү компаниялардын баалуу кагазынын (же акциянын) функциясын аткарган актив бирдиги.
Биткоин — дүйнөдө эң кеңири жайылган криптовалюта.
Кыргызстанда криптовалютанын Биткоинден тышкары TYVcoin, Tolkcoin, Elcoin, Altyncoin, Nephelicoin, Kgcoin өңдүү онго чукул түрү тараган. Соңку кезде криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул тармактагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтууда.
MCN coin: Уюштуруучулардын убадасы, элдин үмүтү
Социалдык тармактарда өзүн Исрадин Субанбеков деп тааныштырган жаран MCN coin деген криптовалюта пайда болгонун, аны азыр аз суммага сатып алган жарандар бир жылда эле миллиондогон акча табарын айтып жаткан видеолор желдей тарады.
Учурда MCN coin токенин сатып алгандар бар экени, алардын айрымдары миграцияда жүрүп тапкан акчасын салганы да айтылууда.
Атын атагысы келбеген жаран 1,5 жыл мурун MCN coin тууралуу угуп, ага бир миллиондон ашык сом акча салганын, бирок убадаланган сумманы ала электигин билдирди:
"Убада боюнча сентябрь айынан баштап баарыбыз акча ала баштамакпыз. Машина, батир, айфон дагы бермек. Бул жакка көп адамдар чоң суммадагы акчасын салышкан. 100-200 миң сом болсо мейли деп койсо керек, бирок көбүнчөсү миллиондоп салган. Ошол себептен бардыгы эч нерсе дей албай жатышат. Бир нерсе десе эле качып кетишет же дагы башка болот. Ошондуктан баары акырын айласын издеп жатат. Чынын айтканда машинабызды сатып, чоң акча салганбыз. А булар элден түшкөн акчаны элге сый тамак кылып, жарнамалап жатат. Бирок чындап карап келгенде ал элдин эле акчасы. Элдин акчасын кайра өзүнө эле берип айлантып жатат. Ал эл болсо суктанып жатат".
Баткендин тургуну, өзүн Айназик деп тааныштырган жаран 20 миң сом акча салып, анын көбөйүшүн күтүп жатканын айтты:
"Мен 21-декабрда, анан ноябрь айында 10 миң сомдон салгам. Анын ордуна бизге онлайн монета берген, "ал күчүнө кирет, акчалай иштете бересиңер" деп. Мен 60 монета алгам. Аны 3 млн 600 миң киши алса бир MCN coin миң долларга чыгат деген".
MCN coin Кыргызстанда катталган эмес
Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN Coin деген аталыштагы криптоактив Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердүүлүгү мыйзамсыз экенин белгиледи.
Бул мекеменин өкүлү Данияр Бегалиевдин айтымында, алар аталган криптоактивди мыйзамдаштырууга аракет кылышкан, бирок ага чейин эле элге ачык сунуштап, сатып башташкан:
"Мыйзам талаптарына ылайык, алар биринчи Финкөзөмөл кызматынан каттоодон өтүп, элге ачык сунуштардан мурун бизге ак казагын көрсөтүшү керек болчу. Ал жерде эмиссиянын көлөмү, аталышы, номиналдык наркы, жалпы суммасы, жарыялоо датасы, аяктаган датасы жазылып, юридикалык процесстердин баары аяктагандан кийин элге сатууга укугу бар эле. Бирок “Бирик-Туран” компаниясы андай кылган жок. Демек, мамлекеттик каттоодон өтпөсө, Финкөзөмөлдүн виртуалдык активдер реестринде жок болсо, муну мыйзамсыз деп эсептейбиз. Ушуларга таянып биз Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, кат менен кайрылганбыз".
Ошондой эле Финкөзөмөл кызматы аталган MCN coin жергиликтүү биржалардан каттоодон өтпөгөнүн жана Кипрде катталды деген документин көрсөтпөгөнүн билдирди.
Блокчейн (blockchain – блоктордун чынжырчасы) – бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларынын түрү, анда бардык маалыматтар ирети менен жазылат жана блокторго бөлүштүрүлөт. Ошол эле маалда ар бир жаңы блок мурунку блок менен криптографиялык колтамга аркылуу байланышат (КР "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамы).
Смарт-келишим —келишимдин санарип түрү, тараптарды белгилүү бир кызмат аткарууга милдеттендирген атайын программа. Смарт-келишим соода кылгандардын ортосунда криптовалютаны, акчаны, баалуу кагазды жана башка товарлар менен кызматтарды түз жана коопсуз алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
"Блокчейн иштелип чыгат"
Бирок “Токен ээлери MCN coin” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбүбү Кененбаеванын айтымында, алар Финкөзөмөл кызматына беш жолу кайрылып, каттаттуу аракетинен майнап чыккан эмес.
Мындай улам, Кененбаева билдиргендей, алар эл аралык нормаларга таянып иштеп жатышат:
"Бул балдар кепилдикти кантип берип жатат? Блокчейн менен. Ар кайсы эл аралык партнерлор менен келишимдер түзүлүп, кол коюу алдында турушат. Булар ошол менен кепилдик берет. Башка бирөөнүн токенине кепилдик берген жок да. Эгер эл колдоп, массалык маалымат каражаттары колдоп, биздин абалыбызга кирип, түшүнүп берсеңер жыйынтыгы болот. Жыйынтыгы бар деп айта алам. Себеби миллиондогон долларды салып, блокчейн иштелип чыгып жатат. Демек, биз акча жыйнап кетүүчүлөрдүн катарын толуктабайбыз. Азыр ким келсе да акчасын кайтарып бергенге даярбыз. Себеби бизде Мекс биржада турат”.
Өзүн MCN coin токенинин негиздөөчүсү катары тааныштырган Исрадин Субанбеков менен байланыша алган жокпуз.
Криптовалюта тармагындагы адис Жолдубек Абдысатаров ар кандай криптовалюталарды сатып алуунун жол-жобосун, тобокелдигин түшүндүрүп келет. Ал учурда эл арасында тарап жаткан MCN coin тууралуу буларды айтты:
“Bitcoin өзүнүн блокчейнине ээ, Ethereum өзүнүн Ethereum деген блокчейни бар. Ошол эле сыяктуу MCN coin дагы өз блокчейнине ээ болушу керек эле. Булар өзүнүн эмес бирөөнүн блокчейнинде жайгашкан. Эгер кандайдыр бир криптоактив бирөөнүн блокчейнинде жайгашса, бул токен болуп саналат. Андай токенди чыгарыш көп деле билимди талап кылбайт. Чынын айтканда, эч кандай криптовалютага тиешеси жок. Булар Бинанс аттуу блокчейнде токен катары чыгарылган. Андан башка эч кандай тиешеси жок. Булардын иштегени кадимки эле "каржы пирамидасы" болуп эсептелет”.
Социалдык тармактарда MCN coin тууралуу талкуу уланып жатат. Фейсбук колдонуучусу Калыгул Жунушбек MCN coin боюнча билдирүү жарыялаган.
Берлиндеги Wayfair компаниясында иштеген кыргызстандык программист Нурсултан Турдалиев токен деген эмне экенин түшүндүрүп берди.
"Токенди чыгарганда анын артында компания, легитимдүү команда, бизнес-идеясы болушу керек, алган коинге кепилдик бере алышы шарт. Маселен, Биткоиндин артында өзүнүн логикасы, жазылган коду бар. Ал оптималдашып, жаңырып турат" - деди адис.
MCN coin: Уюштуруучулар ким?
“Токен ээлери MCN coin” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбүбү Кененбаеванын айтымында, аны кыргызстандык үч жаран түзгөн. Мындан сырткары, Кененбаева билдиргендей, Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков да кеп-кеңешин берип турат.
Юруслан Тойчубеков 2015-жылы “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн салык түшпөй калган деп айыпталган. Кийин Интерпол аркылуу издөө салынып, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин ал Кыргызстанга кайтып келген. Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарганы 2022-жылы белгилүү болгон.
MCN coin боюнча өзүнүн дарегине айтылгандарга Тойчубеков комментарий бере элек.
Мындан сырткары социалдык тармактарда бул уюмдун артында кимдер турганы тууралуу видеолор да тарап жатат.
Бул тармакты билген адистер Кыргызстанда криптовалютанын ар кандай аталыштагы көп түрлөрү жайылганын, дээрлик көпчүлүгүнүн блокчейнде өз платформасы болбогондуктан ишенимдүү эмес экенин, кардарларды чоң тобокелдик тооруп турганын эскертет.
Буга чейин Кыргызстанда TYVCoin, TolkCoin деген криптовалюталар пайда болуп, ага үйүн, унаасын сатып акча салып, алданганын айткандар болгон.
Жыл башында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев криптовалюта менен байланышкан алдамчылыктын жаңы түрү пайда болгонун айтып, сак болууга чакырган.
Шерине