6-февралга караган түнү Түркияда туура эки жыл мурдагы жер титирөөдө жабыркаган шаарлардын тургундары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жөө жүрүшкө чыкты. Жөө жүрүштөн кийин куран окулуп, Антакия, Адыяман, Газиантеп шаарларында эскерүү иш-чаралары өттү.
Бүгүн президент Режеп Тайып Эрдоган Адыяман шаарына барып, жаңы салынган батирлердин ээлерине ачкыч тапшырары кабарланды. Ал кездеги зилзаладан 11 облус, 124 район, 7 миңге жакын айыл-кыштак кыйраганын, 14 миллион жаран кырсыктан жабыркаган.
2023-жылы 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта да таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Түркияда 53 миңден ашык адам каза болгон. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.
Кыргызстандык 200гө жакын куткаруучу Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып, уранды астынан сегиз адамды тирүү куткарып, 198 кишинин сөөгүн табышкан.
Кыргызстан Түркияга жалпысынан 120дан ашык боз үй жөнөткөн. (ElB)
Шерине