Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

"ЖМК мыйзамына биз макул болбогон нормалар кириптир"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети отурумунда карап, айрым депутаттар документ менен таанышып чыгуусу үчүн кароо кийинкиге жылдырылды.

Бул мыйзам долбоору боюнча башында эл аралык уюмдар, медиа өкүлдөрү нааразылык билдирип, кийин кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Долбоордун бул редакциясында кооптуу делген беренелер алындыбы? Кандай өзгөрүүлөр болду? Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков менен маектештик.

- Семетей мырза, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңешке түшкөн редакциясы менен таанышып көрдүңүзбү? Анда сиздер берген сунуштар толук камтылыптырбы?

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

- Ооба, мыйзам долбоору коомдук талкууда турганда толук таанышып чыктым. Бул долбоорду өкмөт менен консенсуска келип, чогуу жазып чыкканбыз. Ошондо биз киргизген беренелер толугу менен ошол бойдон калыптыр. Бирок 3-4 өзгөрүү бар экен. Биринчиден, “адамдын жеке турмушу тууралуу маалыматты анын уруксаты жок жарыялаганга болбойт” деген норма кириптир. Биз бул нормага каршы болгонбуз. Себеби айрым аткаминерлердин жеке турмушу боюнча так түшүнүк болбой жатат. Мисалы, анын үй-бүлөсү же жеке маселеси боюнча кийлигише албайбыз. Бирок мүлк сатып алса же банктык эсебине каражат түшсө, ага журналисттер көңүл буруп, көрсөткөнгө укугу болушу керек. Анткени ал мамлекеттик бюджеттен маяна алат жана элдин казынасына тиешеси бар. Ушундан улам коомдук кызыкчылыкка байланышы болгон маселеде бул норманы калтырса болот деген сунушту бергенбиз. Бирок ал норманы кайра киргизип коюшуптур.

Экинчи маселе - журналисттерге купуялуулугу бар маалыматтарды өтүнүч келтирип алуусуна жана эгер анын колунда бар болсо, аны жарыялоого тыюу салган норманын кириши. Бул Коргоо министрлигине же Улуттук коопсуздук комитетине ЖМКлардан өтүнүч түшсө, ал маалымат мамлекеттик же атайын сыр болсо, ага жооп бербей коюуга укук берет. Долбоор каралып жатканда бул боюнча да ойлорубузду айтканбыз. Купуя сыр боюнча буга чейин эле кабыл алынган мыйзамдар бар. Эгерде бул маселеде да коомдук кызыкчылык бар болсо, ал мыйзамдарга каршы келбесе, ал маалыматтарды алууга жана жайылтууга укук берилиши керек дегенбиз.

Жалпысынан алганда, биз иштеп чыккан компромистүү вариант калыптыр.

- Ошондо буга чейинки долбоордо медиалардын ишине тоскоолдук жаратат, сөз эркиндигине коркунуч туудурат делген беренелер толугу менен алындыбы? Мисалы, милдеттүү каттоо сыяктуу бир катар нормалар боюнча нааразылыктар айтылып жаткан.

- Каттоо азыр да бар. Бирок бул ыктыярдуу түрдө болот. Эгерде кайсы бир редакция каттоодон өткүсү келсе, барып өтсө болот. Эгер каалабаса, ага эч кандай чектөө жок. Мындан тышкары мыйзамда редакциялык саясат, түйүндүк басылма деген сыяктуу жаңы түшүнүктөр кирди. Азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган да.

- Бул мыйзам долбоорунда мурда кооптондурган нормалар алып салынганын айттыңыз. Бирок жарандык коом, жергиликтүү уюмдар мазактоого айып салуу боюнча мыйзамдын сөз эркиндигине коркунуч жаратарын белгилеп жатышат. Айрыкча эркин медиалардын тегерегиндеги жагдайларды эске алганда, бул факторлор сөз эркиндигине кандай таасир этет?

- Биринчиден, “ЖМК жөнүндө” мыйзам азырынча кабыл алына элек. Бүгүн тармактык комитетте каралганда, айрым депутаттар нааразылыгын билдирип, Чыңгыз Ажибаев: “Жалпыга маалымдоо каражаттарына эмнеге эскертүү берилиши керек? Мыйзам бузса, эскертүүсү жок эле жаап салыш керек”, - деп жатат. Анын өзүнүн процедурасы бар. Эгерде башка мыйзамды бузса, териштирүү иштери болот. Бирок эки эскертүү берүү боюнча биздин демилгебиз болчу. Анткени кээде туура эмес айтылып калган же жеңил мыйзам бузуулар болсо, эскертүү болсун дегенбиз. Азыр эми ошол эскертүү берүү нормасын алып салалы деген сунуштар болуп жатат. Эгер мыйзам долбоору азыркы абалында кабыл алынып калса, медиа чөйрөсү үчүн жакшы. Бирок кандай болуп өтөт, кабыл алынабы, алынбайбы, ушул чоң суроо болуп жатат. Жогорку Кеңеште кароо учурунда өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Экинчиден, башка мыйзамдар – мазактоого айып салуу, “Чет элдик өкүл”, андан мурда кабыл алынган бир топ мыйзамдар маалымат каражаттарын чектеп турат. “ЖМК жөнүндө” мыйзам канчалык жакшы абалда кабыл алынса дагы, башка мыйзамдар сөз эркиндигин чектеп коюп жатат. Журналисттердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын эркиндиги ошол аркылуу азайды. Азыр журналисттер жапырт бул жумуштан кетип жатканын көрүп атабыз. Бул начар көрүнүш. Анткени укук коргоо органдарынан, башка мамлекеттик мекемелерден адилеттикти таппай, журналисттерге кайрылган жарандар көбөйдү. Эгер журналисттин баары кетип калса, эл адилеттикти кантип табат, каяктан издейт? Бул чоң суроо.

Анткени журналисттер жарандардын көйгөйүн чагылдырып, андан резонанс жаралгандан кийин жооптуу мамлекеттик мекемелер аракет кылып, көйгөй чечилип жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG