Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

"Газалыктарды көчүрүп, аймакты гүлдөтөбүз". Трамптын талаштуу сунушу


Дональд Трамп жана Биньямин Нетаняху. Вашингтон, 4-февраль, 2025-жыл
Дональд Трамп жана Биньямин Нетаняху. Вашингтон, 4-февраль, 2025-жыл

Президент Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуш кылып, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бул планды палестиндер жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөр сындаса, израилдиктер "тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт" деп үмүттөнүшөт.

Рейтер агенттиги сөзгө тарткан Хан-Юнисте жашаган газалыктар АКШ президенти Дональд Трамптын анклавды көзөмөлгө алуу жана жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү сунушун четке кагышты.

"Бизди көчүрүү чакырыгы биринчи жолу айтылып отурган жок. Бул маселе көп жолу талкууланып, бирок андан майнап чыккан эмес. Трамптын сунушу ишке ашпайт, анткени газалыктар өз жеринде, өз өлкөсүндө, топурагында калат. Палестина, асыресе Газа көптөгөн согушту башынан кечирди. Бири да палестин элин башка өлкөлөргө кетүүгө түрткөн эмес. Элибиз бекем турат жана өмүр аягына чейин ушундай бойдон калат", - деди Шади Саламех.

Газалыктар тилкени калыбына келтирем дегендер элди башка жакка куубай эле кайра куруу ишин жүргүзсө болот деген пикирде.

Трамптын сунушу

4-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйында Трамп күтүлбөгөн сунуш киргизип, АКШ көзөмөлүнө алгандан кийин Газаны көптөгөн улуттар тынчтыкта жашаган “феноменалдуу” жерге, “Жакынкы Чыгыштын ривьерасына” айлантса болорун айткан:

Дональд Трамп. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен маалымат жыйынында тартылган сүрөт. Вашингтон. 4-февраль, 2025-жыл
Дональд Трамп. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен маалымат жыйынында тартылган сүрөт. Вашингтон. 4-февраль, 2025-жыл

"АКШ Газаны өз карамагына алып, ал жакта иш алып барат. Биз тилкеге ээлик кылабыз, жарылбай калган кооптуу бомбаларды, башка куралдарды зыянсыздандыруу аракеттерине жооп беребиз, урандылардан тазалайбыз. Жерди түзөп, экономикалык жактан гүлдөтөбүз. Анын арты менен аймактын жашоочулары үчүн көп сандагы жумушчу орундар түзүлөт, турак-жайлар пайда болот".

Трамп мунун бардыгы анклавдагы палестиндер башка жерлерге көчүрүлгөндөн кийин мүмкүн болорун белгиледи. Америкалык лидердин пикиринде, мындай радикалдуу кадамга баруу зарыл, анткени ондогон жылдан бери тынчыбай келаткан жаңжалга чекит коюунун башка жолдору жемишин берген жок.

Вашингтон буга чейин израил-палестин жаңжалын эки мамлекет түзүү принцибининин негизинде жөнгө салуу саясатын карманып келген.

Трамп газалыктар кайда көчүрүлүшү керектигин тактаган жок. Бирок аларды башка өлкөлөргө “туруктуу” жайгаштыруу идеясын колдой турганын айтты. Буга чейин ал Иордания, Египет жана башка араб өлкөлөрүн сөз кылган.

Газа тилкеси. 19-январь, 2025-жыл
Газа тилкеси. 19-январь, 2025-жыл

Нетаньяху Трамптын сунушу көңүл бурууга арзыйт деп жооп берди. Ал АКШнын жаңы президенти кызматка киришкенден кийин Ак үйдүн алгачкы чет өлкөлүк коногу болуп калды.

АКШнын ичиндеги, сыртындагы сын

АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу Трамптын сунушун четке какты.

Согушка чейин тилкени башкарып келген топ аймактык жана эл аралык уюмдарды “палестин элинин улуттук укуктарын сактоо үчүн катаң позицияны ээлөөгө” чакырды.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги шаршембидеги билдирүүсүндө көз карандысыз палестин мамлекетин түзүү чакырыгы падышалыктын “бекем позициясы” экенин, ханзаада Мухаммад бин Салман "башкалаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан палестин мамлекетин түзүү багытында аракеттерди уланта берерин" белгиледи.

Ок атуу токтогондон кийин үйлөрүнө кайтып жаткан палестиндер. Газа. 27-январь, 2025-жыл
Ок атуу токтогондон кийин үйлөрүнө кайтып жаткан палестиндер. Газа. 27-январь, 2025-жыл

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе шаршембиде Канберра Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн эки мамлекет түзүү жолун кубаттай турганын кайталады.

Ушундай эле позицияны Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 5-февралда ортого салды:

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эки мамлекет принцибинин негизинде гана жөнгө салууга болот. Бул тезис Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечиминде бекитилген, аны маселеге тиешеси бар көптөгөн мамлекеттер колдойт. Биз дагы колдойбуз жана жападан-жалгыз вариант деп эсептейбиз".

Ал эми демократ сенатор Крис Мөрфи: "АКШ Газаны ээлеп алса, америкалык миңдеген аскерлердин өлүмүнө алып келиши, Жакынкы Чыгышты ондогон жылга созулган согуштун сазына батырышы мүмкүн", - деп Х социалдык тармагындагы постунда эскертти.

Ал эми израилдиктер Трамптын Газаны көзөмөлгө алуу планын кубаттап, демилге тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнүшөт.

Америкалык лидердин сунушу Израил менен Газанын ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө залака тйгизиши мүмкүн деген көз караштар да айтылууда.

Газанын келечеги кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:00 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG