Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташта окуучунун өмүрү кыйылды.
Европа өлкөлөрүнүн башчылары келерки аптада Парижде чогулуп, Украинадагы тынчтык келишимин талкуулай турганы күтүлүп жатат. Чукул жыйын АКШнын Европа өлкөлөрүнүн дарегине айтылган катаал билдирүүлөрүнө туш келди.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Грузияга карын эне болуу үчүн барган бир нече тайланддык аял ал жакта барымтада калып, урук клеткалары алынганын айтып чыгышты. Бул окуя Грузияда соңку жылдары өнүгүп бараткан коммерциялык карын энеликтин көмүскө тараптарын ачыкка чыгарды.
Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек?
Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Ямал-Ненец автоном аймагындагы шарты катаал түрмөдө туура бир жыл мурун 47 жашында каза тапкан. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн жаман сезип, дароо эсин жоготконун, жандандыруу аракетинен майнап чыкпаганын билдирген.
“ЭлКат” компаниясындагы абал көп суроо жаратты. Президенттин администрациясы кантип жеке компаниянын жетекчисин алмаштырды? “ЭлКатты” ким негиздеген жана ал мамлекетке эмне үчүн 500 млн сом төлөй баштаган? Ишкананы тартып алуу аракети болуп жаткан жокпу?
Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилген жерлерди мэриянын карамагына кайтаруу боюнча арызды карап, корутунду чыгарды. Бишкек мэриясы анда калаа башчылыгынын парк боюнча чечимдери мыйзамдуу деп табылганын жарыя кылды.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмүн шаардык милиция тергей баштады. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
12-февралда Өзбекстандын аскердик соту президенттин администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары, өзбек президентинин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн деген негизде 10 кишини узак мөөнөткө абакка кести.
Мурунку саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер 120 миң сомго чейин алып жатканын, ал эми орточо айлык 38 миң сомго жеткенин билдирген. Бирок расмий статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда дарыгердин орточо маянасы 26 миң сом.
Расмий Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча маалымат берип, тактоо иштери аяктаганын, алдыда “суу жана жол боюнча кошумча келишим кабыл алынарын” билдирди.
Дагы жүктөңүз