Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Трамп аскердик жардамдын ордуна Киевден сейрек металл сурады


Дональд Трамп жана Владимир Путин. Коллаж
Дональд Трамп жана Владимир Путин. Коллаж

АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады. Украин бийлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек. 4-февралда Трамптын Украинага сейрек кездешүүчү металлдардын ордуна жардам берүү сунушуна Кремль реакция жасады.

Изюмдагы кырдаал

Өткөн түнү Украинын Изюм шаарында беш киши набыт болду. Маалыматка караганда каза болгондор шаар тургундары болгон. Дагы кеминде 50 адам Орусиянын 4-февралга караган түнү бул шаарга жасаган чабуулунан жабыркады.

Харьков облусунун Изюм шаары. 4-февраль, 2025-жыл.
Харьков облусунун Изюм шаары. 4-февраль, 2025-жыл.

Алдын ала маалыматтарга караганда, орус армиясы шаардын борбордук бөлүгүн ракета менен аткылап, административдик имарат бутага алынган. Жабырлануучулар, анын ичинде 15 жаштагы кыз ооруканага жаткырылды. Учурда үч адамга операция жасалууда.

Олег Синегубов Харьков облустук администрациянын башчысы жеринде жабыркагандарга жардам берүү иштери жүрүп жатканын айтты:

"Бешинчи адамдын сөөгү бир нече мүнөт мурун гана табылды. 55 адам жаракат алган. Алардын бир нечесинин абалы өтө оор. Бирок жабыркагандар дагы болушу мүмкүн".

Синегубов жабыркагандар арасында үч жаш бала бар экенин, бири үчкө чыккан наристе экенин кошумчалады.

Облус жетекчисинин айтымында, жабыркагандардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик органдарда иштейт. Алар Салык кызматы, бала бакча, медициналык коллеждин кызматкерлери.

Алдын ала маалыматтарга караганда, орус аскерлери Изюмга баллистикалык ракета менен сокку урду.

Изюм, Харьков облусу. 4-февраль, 2025-жыл.
Изюм, Харьков облусу. 4-февраль, 2025-жыл.

Украина армиясынын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 4-февралга караган түнү Орусия Украинага 65 чабуулчу дронду учурган, алардын 37си атып түшүрүлгөн.

Ушул эле түнү Орусиянын армиясы кайрадан Киевди дрондор менен бутага алды. Жардыруулар тууралуу Киевдин тургундары социалдык тармактарга жазышты.

Шаарда аба чабуулу тууралуу эскертүү түн ичинде бир нече жолу жарыяланды. Киевдин мэри Виталий Кличко түнкү чабуулдан кийин Печерск районундагы курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн дрондун сыныктары табылганын Телеграммдагы баракчасына жазды.


Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы өткөн тунү Сумы облусунда Орусиянын соккусунан бир үй талкаланып, дагы бир нечеси жабыркап, өрттөнүп кеткенин кабарлады. Укрэнергонун маалыматына караганда, Сумы менен катар Кировоград, Днепропетров жана Донецк облустарында электр жарыгы өчурулдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ кечинде абадан коргонуу күчтөрү Азов деңизинин үстүндө Нептун ракетасын жок кылганын билдирди.

Трамптын талабы, Кремлдин реакциясы

АКШнын президенти Дональд Трамп Украина менен келишим түзүү каалоосу тууралуу айтты. Ага ылайык Киев Америкага аскердик тармакка керек болгон сейрек кездешүүчү металлдарды берүүгө тийиш.

"Биз Украинага аларда абдан баалуу сейрек кездешүүчү металлдар бар экенин айтып жатабыз. Бизге кепилдик керек. Биз акчаны тездик менен берип жатабыз. Аларга техника берип жатабыз".

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Буга чейин британиялык Financial Times гезити Владимир Зеленский өткөн жылдын аягында Вашингтондо сунуштаган “Жеңиш планынын” эки пункту Трампты кызыктырганын жазган. Анда Украинанын негизги жаратылыш байлыктарын батыштык өнөктөштөр менен бөлүштүрүү белгиленген.

Украин бийлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Трамптын мындай сунушун айыптады. Дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн Евробиримдиктин бейрасмий саммитинен кийин Шольц өлкөнүн ресурстарын коргонуу жөндөмдүүлүгүн каржылоо үчүн колдонууну “өзүмчүлдүк” катары баалды.

Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

"Бул эбегейсиз кыйроолорду эске алганда алдыда олуттуу милдеттер турат. Ошондуктан өлкөнүн ресурстары согуш аяктагандан кийин зарыл болгон нерселердин бардыгын каржылоого жумшалышы керек".

4-февралда Трамптын Украинага сейрек кездешүүчү металлдардын ордуна жардам берүү сунушуна Кремль реакция жасады.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

"Бул жардамды сатып алуу, башкача айтканда, аны бекер же башка негизде берүүнү улантуу эмес, коммерциялык негизде берүү сунушу", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Рейтер агенттигинин журналисттери өз булактарына таянып, Москва Путин менен Трамптын жолугушуусу боло турган аянтча тууралуу ойлонуп жатканын жазышты. Орус бийлиги Сауд Аравиясы менен Бириккен Араб Эмираттарын карап жатканы да маалымдалды.

Бир күн мурун Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, ал эми анын администрациясы эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский Associated Press агенттигине курган маегинде согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү расмий Киевсиз өткөрүүнү "кооптуу демилге" деп атаган.

Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.

Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган.

Изюм: Дрон соккусунан беш киши набыт болуп, 50дөн ашуун адам жараат алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG