Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

“Кызым, согушта туткунга түштүм”. Украинада 50дөн ашуун борборазиялыктын абалы арсар


Орусия тарапта согушуп, украин аскерлеринин колуна түшкөн кыргызстандык согуш туткундары. (коллаж)
Орусия тарапта согушуп, украин аскерлеринин колуна түшкөн кыргызстандык согуш туткундары. (коллаж)

Украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар. Алар кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? Москва туткундарды айырбаштоого канчалык кызыкдар?

Ушул тапта Украинада согуш туткуну деп таанылгандар арасында Борбор Азиядагы улуттардын 54 өкүлү бар. Алардын бири кыргыз, 21и казак, 18и тажик, 14ү өзбек улутундагылар экени айтылат. Арасында колунда орус паспортун алып жүргөндөрү да бар. Маселен, теги казак 21 туткундун алтоо гана Казакстандын жараны, калганы орус атуулдары.

Туткунга түшкөн кыргызстандыктар

Украин өкмөтүнө тиешелүү "Наш выход" долбоору былтыр жыл соңунда туткунга түшкөн адамдын видеосун жарыялаган. Тасмадагы киши кызына кайрылып, орус өкмөтү ага "согуш туткуну" деген макам бериши керектигин айткан.

"Наш выход" жарыялаган карта.
"Наш выход" жарыялаган карта.

57 жаштагы Т.Ж. аттуу бул кишинин улуту кыргыз. Ал Орусиянын жараны. Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун маалыматына караганда, былтыр сентябрда ал Донецк облусундагы салгылашта украин күчтөрүнүн колуна түшкөн.

Украин бийлиги аны согуш туткуну деп таанып, ошондой макамын бышыктаган атайын күбөлүк берген. Бул документте Т.Ж. орус армиясында сержант катары кызмат өтөгөнү көрсөтүлгөн.

Ал Москва облусуна караштуу аскердик бөлүктөн согушка жөнөтүлгөн.

“Азаттык” жогорудагы теги кыргыз орус жаранынын жакындарын таап, анын кызымын деген жаран менен байланышты. Ал атасынын Украинада тартылган бул видеосун Орусиядагы аскер комиссариатына алып барганын, ошондон кийин атасы “согуш туткуну” деп таанылганын айтты.

“Ооба, ал кыргыз. Орусиядагы жогорку окуу жайга тапшырып, ошол бойдон бул жакта калган. Туткунга түшүп калганынан кабардарбыз. Биз тараптан колдон келген бардык аракетти аткарып жатабыз. Орус бийлигине да кайрылдык. Атамдын бул биринчи согушу эмес. Ал Совет маалында Кыргызстанда жашап жүргөндө эле Ооганстандагы согушка катышкан. Атамдын маселесин орус бийлигине жеткиргенбиз. Ага расмий түрдө “согуш туткуну” деген макам берилген. Биз аны үйдөн күтөбүз”.

Т.Ж. сыяктуу орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп туткунга түшкөн же багынып берген аскерлер Украинанын аймагында атайын лагерлерде кармалат.

Мындай лагерлердин бирине кыргызстандык бир жаран 2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан көп өтпөй түшкөн.

Алексей тууралуу маалымат.
Алексей тууралуу маалымат.

Ош шаарында төрөлгөнүн айткан бул согуш туткуну тууралуу видео 2022-жылдын март айында жарыяланган. Анын улуту орус, жашы 27де.

Коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык жарыялай албайбыз. Шарттуу түрдө Алексей деп атап алалы. Алексейди украин аскерлери 2022-жылдын март айында Сумы аймагындагы салгылашта туткунга түшүрүшкөн.

Tizme.gov.kg сайтындагы маалыматка караганда, Алексей Кыргызстандын жараны. Бирок анын колунда орус паспорту да бар экенин кийин билдик.

Украинада тартылганы айтылган видеодо ал орус өкмөтүнөн жардам сураган:

"Бизге жардам бергилечи. Мен үйгө аман-эсен кайтып барсам дейм. Мындан башка эмне деп айтышты да билбейм".

Видео кандай шартта тартылганы, кайрылууну ал өз ыктыяры менен жасадыбы же мажбурлаштыбы, журналисттерге белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчысы Алексей төрөлүп, өскөн Оштогу райондордун бирине барды. Журналист анын мектебине баш багып, жакындарын издегенге аракет кылды. Алексей окуган мектептеги мугалим Ак-Мөөр Сыдыкова буларды айтып берди:

"2009-жылы биздин мектепке келип, 6-класска отурган. Кийин 2013-жылы коллежге окуу үчүн кеткени жазылып турат. Турмуш шарты жөнөкөй эле. Жупуну кийинип келген бала эле. Мектептен кийинки тагдыры белгисиз".

Алексей.
Алексей.

Ошентип отуруп Алексейдин өзүн да таптык. Ал туткундарды айырбаштаган программа менен кайтып келип, азыр Орусиянын шаарларынын биринде жашап жаткан экен:

- Кыргызча сүйлөйсүзбү?

- Сүйлөйм. Эмне болду сизге?

- Украинада согушуп жүрүп туткунга түшүп калгандарды билбейсизби? Кыргызстандыктарды издеп жаткам.

- ​Мен туткунда болгом. Бирок башкаларды билбейм.

Алексей Кыргызстанда төрөлүп, өскөн. Ал орус армиясы менен өзү келишим түзгөн. Согушууну көздөбөгөнүн, аскерлердин тамак-ашын гана даярдап берип турам деп ойлогонун айтты.

"Мен өзүм Кыргызстанда төрөлүп, окуу жайды да ал жактан бүтүргөм. Мен согуш эми эле башталган учурда туткунга түшкөм. Биринчилерден болуп кармалгам деп айтсам болот. Шарттары түрмөдөгүдөй болгон. Бирок мамиле жаман деп деле айта албайм. Мен туткунда бир айдай болуп, кезегимди күтүп отурдум. Мен жолдуу болуп калдым окшойт. Анткени ар кандай окуяларды угасың. Кээ бирлери бир жыл, эки жыл туткунда отурган. Айрымдары бир нече айлап, кезегин күтөт. Ал учурда кыргызстандыктар жок болчу. Басымдуу бөлүгү орус, татар, башкыр, тывалыктар эле. Негизи баары айырбаштала турган туткундардын тизмесине кошулганыңдан көз каранды. Эки тарап тең ушундай тизмелерди түзөт", - деди ал.

Алексей бизге украин тарап аны 2022-жылы апрелде бошотконун айтты. Ошол учурда Орусия менен Украина 86 туткунду айырбаштаган болчу.

"Мен азыр согуш тууралуу эч нерсе окугум, уккум келбейт. Аман-эсен, тирүү кайтып келгениме ыраазымын. Чынын айтканда, согушка кетип жатканымды деле билген эмесмин. Бизди аскер бөлүктө 1-2 күн кармап эле жиберишкен. Келгенден кийин “согушка катышуудан баш тартам” деп жазып, кол коюп бердим. Биздин аскер бөлүктөн туткунга түшүп, куткарылып, кайра кеткендер бар экенин уктум. Көбү, менимче, акча үчүн макул болушат".

- Сиздин кыргыз паспортуңуз да бар, э?

- Ооба, кыргыз жаранымын.

- Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңыз мүмкүн экенин билесизби?

- Туткунга түшкөнүм үчүнбү?

- Кыргызстан өз жарандарына башка өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга тыюу салат жана катышкандарды жазага тартат.

- Менин бул тууралуу кабарым жок экен…

Ошентип, Алексей биздин кийинки суроолоробузга жооп берүүнү каалаган жок.

Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кабар улам тарап турганы менен туткундагы кыргыз жараны тууралуу былтыр жазында учкай гана кабар тараган.

Алишер Турсунов.
Алишер Турсунов.

2024-жылдын май айында Ютубдагы “Пленные СВО” деген украиналык каналга жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барганда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы киши Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген.

“Азаттык” ал кезде Турсуновдун туугандарын таап, баарлашкан.

Андан эки ай өткөндөн кийин Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берген.

Алишер Турсунов азыр кайда? Анын кийинки турмушу эмне болду?

“Азаттык” бул суроолорго жооп издеп, Алишер Турсуновдун жакындарына кайрадан барды. Жакындары маалымат берүүдөн баш тартышты. Бирок алар Турсуновдун иши коомчулукта резонанс жараткандыктан туткундан чукул бошотулуп калганын кабарчыбызга оозеки айтып беришти.

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.

"Орусия тарап деле, украин тарап деле кандайдыр бир чуу болуп кетсе ошол кишилерди биринчи бошотконго аракет кылышат экен. Чет өлкөлүк жарандардын украиндерге, украин аскерлерине туткунга түшкөн учурлары катталып жатат. Украин тарап болушунча эл аралык нормаларды сактап, туткундардын уруксаты жок алардын видеолорун чыгарбаганга аракет кылып жатат. Бирок эки тарап тең туткундардын видеолорун пропагандалык негизде колдонуп жатат. Массалык маалымат каражаттарына ачык чыккан учурлар кездешүүдө".

"Туткунда теги борборазиялык 50дөй адам бар"

“Азаттыктын” украин кызматы туткунга түшкөн борборазиялыктардын чоо-жайын тактоо үчүн Украинанын өкмөттүк мекемесине кайрылган болчу. Январдын ортосунда келген жоопто Украинадагы согуш башталгандан бери 30дай борборазиялык туткунга түшкөнү жана алардын макамы тууралуу кеңири маалымат берилген.

Украинанын вице-премьер-министри жана юстиция министри Ольга Стефанишина буларды билдирген:

Ольга Стефанишина.
Ольга Стефанишина.

"Согуш туткундарынын жарандыгы тууралуу маалымат көбүнчө алардын айтканы менен такталат. Анткени көпчүлүк учурда алардын жанында жарандыгын тастыктаган документтери жок. Украинанын Юстиция министрлиги согуш туткундары жарандыгына карабастан, эл аралык жана улуттук ченемдик актыларда бекитилген укуктук макамга ээ деп эсептейт.”

Украинадагы “Хочу жить” мамлекеттик долбоору да орусиялык аскерлерге өз ыктыяры менен туткунга түшүүгө жардам берип келет. Биз бул уюмга байланышып, Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп колго түшкөн же өз ыктыяры менен багынып берген борборазиялыктар тууралуу маалымат сурадык.

Аталган долбоордун маалыматына караганда, ушул тапта Украинада согуш туткуну деп таанылгандар арасында Борбор Азиядагы улуттардын 54 өкүлү бар. Алардын бири кыргыз, 21и казак, 18и тажик, 14ү өзбек улутундагылар экени айтылат. Арасында колунда орус паспортун алып жүргөндөрү да бар. Маселен, теги казак 21 туткундун алтоо гана Казакстандын жараны, калганы орус атуулдары.

"Алардын көбү кандай шартта, Украинадагы кайсы салгылашуулар маалында туткунга түшкөн?" деген суроону Украинанын согуш туткундары менен иштеген кеңешинин өкүлү Богдан Охрименкого узаттык.

Богдан Охрименко.
Богдан Охрименко.

“Туткунга түшкөн улуту кыргыз адамдын орус паспорту бар. Алар колго түшүрүлгөн жерлер ар башка. Бирок жалпы жонунан баары “катуу кармаш жүргөн жерлер”. Орусия аларды оор салгылашууларда октун алдына салып берерине дагы бир жолу ынандык. Бул жарандар Бахмут, Белогоровка, Авдеевка, Торецк, Покровск сыяктуу багыттарга чабуул коюу үчүн жиберилген. Курск аймагындагы операцияларда колго түшкөндөр да бар. Арасында 2022-жылы, 2023-жылы же 2024-жылы туткунга түшкөндөр бар. Биз өз долбоорлорубуз аркылуу бул адамдардын туткунда экенин ачык жарыялайбыз.”

Ошол эле кезде украиналык долбоор купуялуулукту сактоо талабынан улам согуш башталгандан бери туткунга түшкөн жана Орусия менен Украина айырбаштаган борборазиялык согуш туткундарынын так санын атаган жок.

Буга чейин теги борборазиялыктар Орусиянын катарында согушуп жүрүп туткунга түшүп калган бир нече окуя интернетте тарап, журналисттердин көңүлүн бурган. Ошол маалда кызуу талкуу жүргөнү менен алардын андан кийинки тагдыры белгисиз.

“Азаттык” ачык булактардагы маалыматтарды карап чыгып, кеминде ондой теги борборазиялык согуш туткунунун таржымалын билди.

Украин аскерлери туткунга түшүргөн өзбекстандык.
Украин аскерлери туткунга түшүргөн өзбекстандык.

2024-жылдын декабрь айында дагы бир өзбек жараны Запорожье багытында колго түшүрүлгөн. Украин армиясынын “Спартан” аскердик бөлүгү бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.

"Новости Приазовья" долбооруна "Спартан" бригадасынын 4-оперативдик батальонунун офицери Артем Шолудько өзбек жараны кандай шартта туткунга түшкөнүн айтып берген:

“Анын тобу төрт жоокерден турган экен. Бирок биздин чекке жеткиче жалгыз калган. Анын айтымында, штурм үчүн кайсы тарапка багыт алуу керектигин жана позицияларды айтып, алдыга салышкан. Өзү жалгыз тирүү калып, калгандары жеткен эмес. Алардын колунда байланыш жабдыктары да болгон эмес”.

Шолудьконун айтымында, адегенде өзбек жараны фронтто ашпозчу болуп эмгектенген. Кийин орус аскер жетекчилиги аны башкалар менен бирге чабуулга жөнөткөн. Өзбек жараны украиндерге Орусияда миграцияда жүргөнүн, Москвадагы ашканалардын биринде иштегенин айтып берген.

Согуш туткундарынын бул сыяктуу билдирүүлөрүнүн чын-бышыгына жетүү оңой эмес. Бирок Орусиянын бийлиги борборазиялык мигранттарды Украинадагы урушка мажбурлап айдаган учурлар арбын.

Орус жергесиндеги мигранттар менен иштешкен активисттердин жана журналисттердин арасында согушка тартылган борборазиялыктардын маселеси менен алектенгендери да жок эмес. Алардын бири “Мигрант Уз” порталынын негиздөөчүсү Баатыр Шермухаммад.

"Өзбек медиасында согушка катышкан өзбек жарандары тууралуу маалымат өтө аз. Согуш башталган учурда эле бир нече өзбек жаранына козголгон кылмыш ишинен кийин алар да, алардын жакындары да журналисттер менен такыр сүйлөшпөй коюшту. Мисалы, өзбек өкмөтү туткунга түшкөн самарканддык жарандардын жакындарына да коомчулукка ачык чыгып, баштан өткөндөрүн айтууга тыюу салды. Өзбек өкмөтү согушка катышкан жарандар тууралуу расмий маалымат да берген эмес. Биздин каналга Орусия тарапта согушуп жүрүп, Украинада туткунга түшкөн өзбекстандыктын видеосу жарыяланган. Туткунга түшкөндөр тууралуу мындан башка маалымат жок".

Өзбекстандын бийлиги башка мамлекеттердеги согуштук аракеттерге катышкан жарандар “жалданмачылык” беренесинин негизинде жоопко тартыларын эскерткен. Мындай айып тагылгандар 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилет.

"Түрткүнчүк болгон туткундар"

Январдын башында Киев менен Москва туткундардын дагы бир тобун айырбаштады. Бирок бул жолку процесс адаттагыдан айырмаланды. Тагыраагы, эки тарап оор жаракат алган аскерлери менен алмашты. Мындай айырбаштоо процесси дарыгерлердин текшерүүсүнүн негизинде түзүлгөн тизмеге жараша ишке ашат же, башкача айтканда, биринчи кезекте чукул медициналык жардамга муктаждар тизмеге киргизилет.

Туткун айырбаштоо учуру. 15-январь, 2025-жыл.
Туткун айырбаштоо учуру. 15-январь, 2025-жыл.

Украина Орусияга өткөрүп берген 25 аскердин бирине көңүлүбүз түштү. Теги өзбекстандык бул жаран 26 жашта. Украиндер тараткан видеодо ал бир жыл үч ай туткунда болгонун, бир колунан ажырап, бир бутунан жарадар болгонун айтып берген:

"Кетип жатканымда жанымдагы адам нааразы болду. Сени алып кетип, мени алып кетпей жатышат, мен сенден да узак отурам деди. Ар бир нерсе өз убагында дедим. Мен да канча күттүм, канча түн ыйлап, балдарыма эртерээк кетсем экен дедим".

Ал эми дагы бир видеодо украин аскерлери колго түшүргөн тажик жараны Орусиянын Орлов шаарынын губернатору менен сүйлөшүп, аны алып кетүүнү суранып жатат. Тажик жараны былтыркы жылдын март айынан бери туткунда отурат.

Украинанын согуш туткундары менен иштеген кеңешинин өкүлү Богдан Охрименко Москва башка улуттагы туткундарды кайтарып алууга "кызыкдар эмес" экенин айтты:

"Орус бийлиги адатта өз жарандарын, өзгөчө өлкөнүн европалык бөлүгүнүн, Москванын, Петербургдун тургундарын, айрым офицерлерди алып кетүүгө аракет кылат. Орусия Федерациясында жашаган башка өлкөнүн жарандары же улуттар алар үчүн анча кызык эмес. Ошондуктан биздин ишибизде адатта жарандарыбызды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү, бирок биз көп учурда Орусияны аскерлерин чыгарып кетүүгө көндүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз".

Буга чейин расмий Москва Украинада колго түшкөн согуш туткундарын “динине, улутуна же кайсы аскердик бөлүккө тиешелүү экенине карабай” алып кетүүгө кызыкдар экенин билдирген. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да айткан:

Мария Захарова.
Мария Захарова.

"Орусия Федерациясы кайсы орусиялык аскердик кызматкерди алмашуу тизмесине кошуу керектигин Украинанын чечимине калтырганына көңүл бургум келет. Туткундагы биздин ар бир балабыздын артка кайтышы биз үчүн бирдей мааниге ээ экени мындай позицияга негиз берет”.

Ошентсе да Украинада кармалып турган ондогон теги борборазиялыктын келечеги дале бүдөмүк. Бөтөн жердеги согушка катышканы үчүн аларды өз мекенинде кылмыш жоопкерчилиги күтүп турат.

Андыктан Украинанын туткундар менен иштеген координациялык штабы борборазиялыктарды согуштан алыс болууга үндөйт.

Петр Яценко Украинанын туткундар менен иштеген координациялык штабынын спикери:

Петр Яценко.
Петр Яценко.

"Алардын тагдыры оор, түрткүнчүк болуп калышат. Өз өлкөсүнө да, акча үчүн мажбурланып келген Орусияга да кереги жок. Бизге да алардын кереги жок. Анткени украин салык төлөөчүлөрүнүн акчасына туткундар лагерлерин каржылабай, аларды тезинен өз аскерлерибизге алмаштырганыбыз пайдалуу. Чындыгында, орус армиясынын катарына кошулганга чейин алар кайда баратканын, эмнеге макул болгонун жана анын кесепети кандай болорун түшүнүшү керек".

Соңку үч жылда украин армиясынын катарында Орусияга каршы согушкан борборазиялыктар тууралуу да түрдүү кабарлар тараганы белгилүү. Алардын арасында Орусиянын туткунуна түшкөндөр бар же жок экени так белгисиз. Деги эле Орусия согуш туткундары тууралуу маалымат бербейт.

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдүн өкмөттөрү чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар улуттук мыйзамга ылайык жоопко тартыларын байма-бай эскертип турат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопко тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG