Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Өкмөт кредитти Жогорку Кеңеш менен макулдашпай алгысы келеби? Каржы министринин маеги


Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаев. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаев. Архивдик сүрөт.

Өкмөт тышкы насыяларды алуу үчүн парламенттин макулдугу керек деген талапты жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай демилге Жогорку Кеңештин таасирин алсыратканы менен депутаттар аны биринчи окууда колдоп берди.

Ошол эле убакта өкмөт алгачкы евробонддорду чыгарып, 1,7 млрд тартууну көздөп жатат. Бул Кыргызстандын масштабында болуп көрбөгөндөй чоң каражат жана өлкө тарыхындагы эң ири карыз болмокчу.

Каржы министри Алмаз Бакетаев “Азаттыкка” маек куруп, бул дымактуу демилгелердин максаты тууралуу айтып берди.

- Тышкы кредиттерди Жогорку Кеңештин ратификациясы жок эле алууну Каржы министрлиги сунуштады. Анын максаты эмнеде?

- Биз Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп бир жылдан бери иштеп келе жатабыз. Инвестициялык долбоорлорду башташ үчүн 1-1,5 жыл өтөт экен. Айрым учурларда эки жылга чейин жетет. Биз ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке эки жолу барабыз. Ратификация узарып кетип жаткан. Ошондуктан, процедураларды азайтсаңар деген сунуш болгон. Эл аралык донорлор дагы айткан. Биз аны изилдеп көргөнбүз. Жогорку Кеңеште фискалдык саясат жана эл аралык иштер боюнча эки комитет бар, алар менен дагы сүйлөшкөнбүз. Биринчи окууда концепциясын кабыл алып, бирок экинчи окууда ар бир беренени кайрадан изилдеп чыгып жатабыз. Учурда биз бул сунушубузду артка алдык. Жогорку Кеңештин деңгээлинде калмай болду. Эски талап менен эле кетип баратабыз.

- Депутаттардын сунушу менен калтырдыңарбы же өзүңөр ушундай чечимге келдиңерби?

- Бир катар депутаттардан дагы сунуштар түшкөн. Биринчи окуудан кийин биз Жогорку Кеңештин комитети менен отуруп, ар бир пунктту талкуулаганбыз. Процесстин жүрүшүндө биз Жогорку Кеңештин ратификациясын калтырабыз деген депуттар менен бир ойго келдик. Өзүбүз эле кайрадан иштеп чыгып жатабыз. Комитеттин кийинки жыйыны болгондо биз муну депутаттарга айтып, азыркы норманы сактап калабыз.

- Демек, сырттан келген кредиттер мурункудай эле Жогорку Кеңештин ратификациясы аркылуу өтөт, туурабы?

- Ооба.

Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн бул сунушу парламенттин көзөмөлүн бир топ алсыратат деп билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө ансыз деле көзөмөлдөөчү функциясын "номиналдык" түрдө гана аткарып калды.
Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн бул сунушу парламенттин көзөмөлүн бир топ алсыратат деп билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө ансыз деле көзөмөлдөөчү функциясын "номиналдык" түрдө гана аткарып калды.

- Айрым экономисттердин арасында мындай пикир айтылып жатты эле: Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык каржы уюмдарынан жеңилдетилген насыяларды ала албай калды. Эми өлкө рыноктук механизмдер менен гана каражат тарта алат. Евробонддорду да ушул себептен чыгарып жатат. Бирок ал үчүн өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болушу керек. Ал ар бир кредитти Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөрүп отурбастан, өзү эле түз алгыдай болушу керек деген пикирлер айтылып жатты эле.

- Жок, бул бир аз туура эмес түшүнүк. Мамлекет сырттан карыз алганда баары бир мыйзам менен алышыбыз керек. Мыйзам Жогорку Кеңештин аянтчасында каралышы зарыл. Дүйнөлүк банктан же Эл аралык валюта фондунан насыя алууда кыйынчылыктар болуп жатат дегени боюнча – андай деле эмес. Болгону биз аябай жеңилдетилген шарттар менен алып жүргөнбүз. Дүйнөлүк банк биздин экономикабызды изилдеп, экономикаңар жакшы өсүп бара жатат, көрсөткүчтөрүңөр жакшы деп айтты. "Ошондуктан, силердин шартыңар өзгөрөт. Эми аябай жеңилдетилген эмес, кадимкидей эле кредит болот" деп шарттарын өзгөрттү. Эл аралык валюта фонду дагы ошол жол менен кетип баратат. Эл аралык системада Кыргызстан бир тепкичке көтөрүлдү. Ошондуктан, насыялардын шарттары өзгөрдү.

Евробонддор боюнча. Жер жүзүндө мамлекеттердин баары евробонддорду чыгарат. Мамлекеттер эле эмес, жеке ишканалар дагы чыгарып жатпайбы. Бирок Кыргызстанда бул рынокко эч ким чыга албай жатат. Анткени мамлекетибиз да ал деңгээлге чыга элек. Ошондуктан биз эки жылдан бери евробонд чыгарабыз деп ойлоп жатабыз. Бирок биздин кредиттик рейтингибиз төмөн болууда. Биз аны оңдоп, “B3төн” өйдө көтөрөбүз деген оюбуз бар. Ошондо евробонддордун пайызы азаймак. Бирок күтө берсек, дагы 2-3 жыл өтүп кетет деп, биз азыр тездетип жатабыз. Кытай жана Америка рыногунда евробонддорду чыгарабыз деген оюбуз бар. Road show дагы кылып келдик. Биринчи мамлекет чыкса, артынан көп ишканаларга дагы чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2023-жылы президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барганда ага евробонддорду чыгарууну сунушташкан. Жапаров бул демилгени “канааттануу менен кабыл алган”. Көп өтпөй өкмөт облигацияларды чыгарууга даярданып баштаган.
2023-жылы президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барганда ага евробонддорду чыгарууну сунушташкан. Жапаров бул демилгени “канааттануу менен кабыл алган”. Көп өтпөй өкмөт облигацияларды чыгарууга даярданып баштаган.

- Евробонд аркылуу 1,7 млрд доллар тартуу пландалып жатат. Бул Кыргызстандын учурдагы тышкы карызынын 1/3 бөлүгү. Мындай чоң каражат кандай максатта тартылып жатат?

- Биздин мыйзамдарда так жазылып турат – тышкы карыз ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашпашы керек. Бүгүнкү күндө биздики 37% тегереги болуп жатат. Кудайга шүгүр, 70% жеткирүү үчүн биз дагы 6 млрд карыз алсак болот. 6 миллиард доллар! Биз тартабыз деп пландап жаткан 1,7 млрд доллар экономикалык долбоорлорго жумшалат. Анан, биз бул каражатты бир заматта эле алып келбейбиз да. Канча керек болсо, ошол көлөмдө тартып келебиз.

- Бирок эмне үчүн бул сумма пландалып жатат? Кандайдыр бир эсебиңер бар да?

- Туура. Бизде азыр чоң долбоорлор турат. Мына, Камбар-Ата-1 ГЭСин баштап жатабыз. Кавак ТЭСи деген бар. Үч жылдын ичинде иштеп, продукция чыгара турган долбоорлорубуз бар. Тез ишке ашып, өзүнүн эффектин бере турган долбоорлорго салынат. Анткени бул тартылып жаткан каражат арзанга турбайт.

- Сөзүңүзгө улай, АКШнын евробонддору учурда 4,5% болуп жатканын, күзүндө эле коңшу Казакстан 4,7% менен чыгарганын эске алганда биз канча пайыз менен тартып келишибиз мүмкүн деп ойлоп жатасыңар?

- Биздин кредиттик рейтингибизге жараша 7 пайыздан аз болбойт. Бул минимум.

- Бул Кыргызстан үчүн өтө эле кымбат эмеспи?

- Бул кымбат. Бирок бул бүгүнкү күндө имидждик долбоор деп айта алабыз. Евробонддордун кымбат болгонун биз кошумча инструменттер менен ишке ашырабыз. Мен аны азыр силерге айтып бере албайм. Анткени ал азырынча жашыруун маалымат. Биз евробонддорду колдон келишинче арзандатууга аракет кылабыз.

- Кантип? Кредиттик рейтингди көтөрүппү?

- Мен азыр аны силерге айта албайм.

Moody'sтин акыркы рейтингинде Кыргызстан “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн “туруктуу” деген деңгээлге өттү. 2024-жылы өкмөт Fitch жана Standard & Poor's менен да келишим түзүп, эми Кыргызстан алардын рейтингдерине кошулуп башташы керек.
Moody'sтин акыркы рейтингинде Кыргызстан “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн “туруктуу” деген деңгээлге өттү. 2024-жылы өкмөт Fitch жана Standard & Poor's менен да келишим түзүп, эми Кыргызстан алардын рейтингдерине кошулуп башташы керек.

- Евробонддор аркылуу каражат тартууда ал Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтөбү?

- Баары өтөт. Тышкы карыздардын баарын Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрөбүз.

- Мен кайра-кайра сурап жатканымдын себеби, өзүңөр 7% деп эсептеп жатсаңар, бул келечекте чоң маселе жаратпайбы? Мындай караганда, доллар менен 10 жылга 7% болуп тартылса, бул Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат карыз болгону жатат да.

- Туура. Силер эмес, каржы министри катары мен кооптонушум керек. Ошону үчүн мен айтып жатам, ал пайда алып келген долбоорлорго тартылат. Үч жылдык долбоорлор бар. Үч жылдан кийин алар продукция чыгарат. Өзүн өзү актап кете тургандай. Ошондойлорго гана жумшалат. Бюджетти колдоого, айлык, жөлөк пул төлөөгө кетпейт, андай болбойт. Биз Энергетика, Жаратылыш министрликтери менен иштеп жатабыз. Мен ошону үчүн айтып жатам – бул имидждик долбоор. Кыргызстан чыгышы керек. Биздин аркабыздан жеке ишканалар дагы чыгышы керек.

- Тактоочу суроо. Евробонд аркылуу каражат тартканда эч кандай күрөө коюлбайбы? Ошол эле долбоорлор же кен байлыктар кепилдик болуп бербейби?

- Жок, бул кагаз өзү кепилдик да.

- Буга чейин айрым экономисттер менен сүйлөшсөм, Кыргызстан күрөө катары кендерин коюшу мүмкүн деген ойлорун айтышты эле. Бирок евробондго эч кандай күрөө коюлбайт да?

- Жок, эч кандай күрөө коюлбайт. Анткени биздин кагаздардын ликвиддүүлүгү жогору деп эсептелет.

Кыргызстан буга чейин алган карыздарын төлөөнүн туу чокусуна келди. Быйыл карыздарды кайтарууга 79 млрд сом, 2026-жылы 92 млрд сом, 2027-жылы 111 млрд сом жумшалат. Доллардын курсу өскөн учурда мындан да көп болушу мүмкүн.
Кыргызстан буга чейин алган карыздарын төлөөнүн туу чокусуна келди. Быйыл карыздарды кайтарууга 79 млрд сом, 2026-жылы 92 млрд сом, 2027-жылы 111 млрд сом жумшалат. Доллардын курсу өскөн учурда мындан да көп болушу мүмкүн.

- Евробонддорду быйыл чыгарабыз деп көздөп жатасыңарбы?

- Ооба, биз азыр карап жатабыз. Кудай буйруп, болуп калса, чыгарабыз. Кандайдыр бир шарттар туура келбесе же бизге ыңгайлуу болбосо, анда ага барбайбыз.

- Силер инвесторлорго евробонддорду тартуулап, road show өткөрдүңөр. Кызыккандар болдубу?

- Аябай көп болду. Кыргызстанга кызыгуу бүгүнкү күндө абдан жогору. Гонконг, Шанхай, Бостон, Нью-Йоркто болду. Инвесторлор аябай катышып жатышат. Кыргызстан аларга кызык болуп жатат.

- Канча суммага кызыгуу болуп жатат? Болжолдуу, кандай суммага сата алчудайсыңар?

- Азыр айтыш эрте. Бирок мындан да ашык кызыгуу бар, ошону айта алам.

Шерине

XS
SM
MD
LG