Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:03

Тажикстан: Төңкөрүш иши боюнча өкүм чыкты, Ятимовдун кудасы 27 жылга кесилди


Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшо Комилзода жана Абдулфаиз Атои.
Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшо Комилзода жана Абдулфаиз Атои.

5-февралда Тажикстандын Жогорку соту "мамлекеттик төңкөрүш аракети" боюнча айыпталып жаткан бир топ адамдарга өкүм чыгарды. Алардын арасында мурдагы министр, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар, журналисттер бар.

Ятимовдун кудасы 27 жылга кесилди

"Азаттыктын" тажик редакциясы - "Озоди" радиосу кабарлагандай, Жогорку сот шаршембиде өткөн отурумда Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифини 27 жыл, Демократиялык партиянын экс-төрагасы Саиджафар Усмонзоданы 27 жыл, Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын лидеринин биринчи орун басары Шокиржон Хакимовду 18 жыл, Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Ахмадшох Комилзоданы 18 жылга эркинен ажыратты.

Хамрохон Зарифи 1996-2002-жылдары Тажикстандын ЕККУдагы жана БУУдагы туруктуу өкүлү болгон. 2002-2006-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчиси кызматын аркалаган. Ал эми 2006-2013-жылдары Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Саиджафар Усмонзода буга чейин эки жолу - 2013 жана 2020-жылдары Тажикстандын президенттигине ат салышууга ниеттенген. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун кудасы. Усмонзоданын уулу Ятимовдун иниси Жамшиддин кызына үйлөнгөн.

Шокиржон Хакимов - юридика илимдеринин доктору, Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын лидеринин биринчи орун басары. Буга чейин ал тажик бийлигин сындап жүргөндүктөн, жогорку окуу жайларына, мамлекеттик органдарга жумушка кире албай жатканын айтып чыккан.

Сот Шокиржон Хакимовдун жээни, журналист Рухшона Хакимованы да 8 жылга абакка кести.

Соттук отурум жабык өткөндүктөн, соттолгондордун өкүмгө кандай реакция кылганы белгисиз. Бирок акыркы сөзүндө айыпталуучулардын көбү Башкы прокуратура койгон айыптарды четке кагышкан. Тактап айтканда, Акбаршо Искандаров менен Ахмадшхох Комилзода аларга тагылган айыпта жетиштүү далилдер келтирилбегенин айтышкан.

Рухшона Хакимованын балдары жакындарында калды

Рухшона Хакимованын жактоочусу 5-февралда "Озоди" радиосуна өкүм чыккандан кийин ал "сот залынан камакка алынды" деп билдирди.

Эмчектеги баласы бар болгондугуна байланыштуу журналист соттук териштирүү учурунда камакка алынган эмес. Адвокаттын айтымында, сот Хакимованын эки жашы жете элек баласын анын жакындарына тапшырган. Анын улуу баласы эки жарым жашта, кичүүсү он айлык. Жактоочусу соттун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттанарын билдирди.

Рухшона Хакимова
Рухшона Хакимова

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рухшона Хакимовага 2024-жылдын июнь айында "чыккынчылык" беренеси менен иш козгогон. Бирок ал өзү сотто айыптарды четке каккан. Тажик бийлиги ишке "жашыруун" деген гриф койгон. "Озоди" радиосунун маалыматына ылайык, кылмыш ишин козгоого журналисттин Кытайдын Тажикстанга тийгизген таасири тууралуу материалы себеп болгон.

"Хюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин Хакимовага козголгон ишти токтотууга чакырган. Уюмдун 29-январдагы билдирүүсүндө журналисттер өз ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектиги белгиленет.

Уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева 5-февралда "Озоди" радиосуна берген маегинде:

"Тилекке каршы, Тажикстанда журналисттер, блогерлер жана укук коргоочулар сын пикир айтканы үчүн көптөн бери куугунтукка алынып келет. Рухшона - узак мөөнөткө кесилген тогузунчу журналист", - деди.

Султаналиева ошондой эле тажик бийлигин сөз эркиндигин урматтоого жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Рухшона Хакимова - Тажикстан улуттук университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. Тажикстандын Журналисттик изилдөөлөр борборунда, "Тажик жаштары" басылмасында жана айрым журналисттик уюмдарда иштеген.

Соңку эки жылда Тажикстанда тогуз журналист жана блогер 7 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кесилген.

Айыптоолордун төркүнү

Быйыл январь айынын башында Тажикстандын прокуратурасы "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп айыпталган бир нече кишини узак мөөнөткө абакка кесүүнү сураган.

"Жашыруун" деген гриф менен соттор жабык өткөн. Бийликтен же адвокаттардан комментарий алууга дээрлик мүмкүн эмес.

"Озоди" радиосунун булактарынын ырастоосунда, прокурор тажик парламентинин мурдагы депутаты, Демократиялык партиянын экс-төрагасы Саиджафар Усмонзоданы, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Хамронхон Зарифини 30 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Ошондой эле Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Шокиржон Хакимовду 24 жылга, Тажикстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаровду, Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз, талдоо жана тышкы саясатты пландаштыруу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Абдулфаиз Атоини жана Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Ахмадшох Комилзоданы ар бирин 23 жылга абакка кесүүнү сунуш кылган.

Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшо Комилзода жана Абдулфаиз Атои.
Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшо Комилзода жана Абдулфаиз Атои.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин отставкадагы эки полковниги Нурамин Ганизода менен Жамшед Боевге 26 жыл сураган болчу.

Бул убакыт аралыгында кылмышка шектүүлөрдүн жакындары сот отурумуна киргизилген жок. Адвокаттар сүйлөшүүдөн баш тартып, Башкы прокуратура ишти жабык карап, журналисттерге эч кандай маалымат берген эмес. Прокуратура 2024-жылы 14-июнда гана Тажикстанда бийликти басып алуу планы "бир нече жылдан бери даярдалып келгенин" билдирген.

Мурдагы башкы прокурор Юсуф Рахмон маанилүү далил катары "2021-жылдагы телефон сүйлөшүүлөрдү" көрсөткөн. Анда ал бийликти күч менен басып алууу планын, анын ичинен чет өлкөдөн согушкерлерди жалдоо жана экстремисттик уюмдарга каржылык колдоо көрсөтүү сыяктуу жүйөсүн келтирген. Былтыр декабрда соттордун биринде соттолуучулар күнөөсүн четке кагып, тергөөчүлөрдүн кысымына туш болгонун айтканы кабарланган.

Cерепчилердин айтымында, иштин чоо-жайы ачыкталбай, "төңкөрүшкө" шектелгендердин сотунун жабык өтүшү күмөн жаратууда.

"Бизде тергөө кандай далилдерди колдонуп жатканы тууралуу так маалымат жок. Бирок иш жашыруун экенин эске алсак, "далилдер жетишсиз же жасалма" деп айтуу кыйын деле эмес. Ошол себептүү жашырылган. Мамлекеттик төңкөрүш иштери жашыруун каралбашы керек, анткени кеп мамлекеттик сырды ачуу жөнүндө болгон жок", - дейт баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов.

2024-жылы декабрда "Озодиге" маек курган айрым талдоочулар бул жараянды президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин жолун сынчылардан тазалоо аракети катары сыпатташкан.

"Cаясий террордун дагы бир көрүнүшү"

Тажикстанда төңкөрүш жасоо жана бийликти басып алуу аракети боюнча иш 2024-жылы июнь айында Саиджафар Усмонзоданын камакка алынышы менен башталган.

14-июнда Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон парламенттин төмөнкү палатасынын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрүнө Саиджафар Усмонзоданы депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынга катышкан мыйзам чыгаруучулардын баары бул өтүнүчтү канааттандырып, Усмонзоданы камоого уруксат беришкен.

Шарофиддин Гадоев
Шарофиддин Гадоев

Баш прокурор Усмонзода 2021-жылы сентябрь айында "Тажикстандын улуттук альянсы" экстремисттик-террордук уюмунун жетекчиси Шарофиддин Гадоев менен телефондон сүйлөшүп, Тажикстандагы мамлекеттик бийликти узурпациялап алуу боюнча алдын ала сунуштарды берген деген маалымат жарыялаган. Бирок Гадоев прокурордун сөздөрүн дароо четке каккан.

"Тажикстанды реформалоо жана өнүктүрүү" кыймылынын жетекчиси, бозгундагы оппозиционер Шарофиддин Гадоев тажик саясатчыларына жана белгилүү ишмерлерге чыккан өкүмдү "жасалма" деп сыпаттады.

"Бул сот жараяны - Эмомали Рахмондун авторитардык режиминин эркиндикти жоготуу аракетинин, өзүм билемдиги жана саясий террорунун дагы бир көрүнүшү. Бул иш-аракеттер бийликтегилердин өлкөдө ар кандай карама-каршылыктын жана көз карандысыз коомдук активдүүлүктү биротоло жоюуга умтулуусун ачык көрсөтүп турат. Биз бул аракеттерди Тажикстандагы оппозицияны басууга жана көз карандысыз ой жүгүртүүнү жок кылууга багытталган саясий террор катары баалайбыз", - деп жазды Гадоев Фейсбуктагы расмий баракчасына.

Гадоев былтыр Демократиялык партиянын экс-төрагасы Саиджафар Усмонзода кармалгандан бир күн өткөндөн кийин "Озоди" радиосуна курган маегинде депутаттын камалышын орусиялык генералдын сапары менен байланыштырган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын генералы Саиджафар Усмонзодага өкмөт башчысы болууну сунуштаганын, Кремль Тажикстанда жаңы өкмөт курагысы келгенин айткан.

30 жылдан бери Эмомали Рахмон башкарып келаткан Тажикстанда саясий атаандаштык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, диктатордук бийлик орногонун эл аралык уюмдар белгилеп келет.

Соңку жылдары өлкөдө бир нече журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициялык саясатчылар түрдүү айыптар менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук деп аташат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG