Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

Бээжин–Бишкек: Экономика, туризм, коопсуздук, Кытайдын таасири


Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Бээжин. 2025-жылдын 5-февралы.
Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Бээжин. 2025-жылдын 5-февралы.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.

"Кыргызстан Кытайдын демилгелерин колдойт"

Кыргызстан Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесин жогору баалайт жана анын алкагында мындан дагы масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр. Бул тууралуу 5-февралда президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Кытайдын төрагасынын демилгеси менен түзүлгөн “Кытай – Борбор Азия” аймактык кызматташуу боюнча жаңы форматка салым кошууга Кыргызстан даяр экенин да баса белгиледи жана анын катчылыгын түзүү сунушун колдой турганын айтты.

Садыр Жапаров Бээжинде.
Садыр Жапаров Бээжинде.

“Кыргызстан Кытайды жөн гана ишенимдүү дос жана өнөктөш катары эмес, реформалардын, көрөгөч лидерликтин жана өз маданиятын урматтоонун сабаттуу айкалышы мыкты натыйжаларга алып келе тургандыгын көрсөткөн шыктандыруучу кошуна катары да көрөт", - деди Жапаров.

Кыргыз президенти ошондой эле Бишкек Кытайдын Глобалдык өнүгүү, Глобалдык коопсуздук жана Глобалдык цивилизация демилгелерин колдой турганын ырастап, алардын БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө жана дүйнөдө коопсуздукту сактоого кошкон салымын белгиледи.

Жолугушууда эки лидер кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, эки тарапты кызыктырган эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кеңири пикир алмашканы кабарланды.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жеткенин билдирди.

"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимге негизделген саясий диалог бекемделүүдө", - деген Си Цзинпин Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болгондон бери өлкө туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканын айтты.

Кытайдын лидери Си Цзинпин.
Кытайдын лидери Си Цзинпин.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кытайдын төрагасы Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен Кыргызстан "улуттук кызыкчылыктарга дал келген көз каранды эмес жана өзгөчө өнүгүү жолун тандап алганын" айтты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө аймак аралык да, эки тараптуу да кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында эң кыска мөөнөттө завод-фабрикалар курулуп, биргелешкен ишканалар ачылып, соода, машина куруу, логистика, транспорт жана электрондук коммерция тармактарында долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Биргелешкен билдирүүгө, бир катар документтерге кол коюлду

Эки жетекчинин жолугушуусунан кийин алардын Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган макулдашуу, меморандумдар жана башка документтер арасында “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен Кыргызстандын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын биргелешип алдыга жылдыруу программасы, социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу, Кыргызстандын сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча, Ош шаардык ооруканасын жана президенттик оорукананы медициналык жабдуу боюнча кат алмашуу, Тышкы иштер министрликтери ортосунда стратегиялык диалог механизмин түзүү меморандумдары бар.

Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланган жыйын.
Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланган жыйын.

Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын туристтик сапарларын жеңилдетүү, экономикалык өнүгүү жана реформа жаатында кызматташуу, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу, санариптик экономика чөйрөсүндөгү, жасалма интеллект тармагындагы, таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумдар кабыл алынды.

УТРК менен China Media Group кызматташтыкты бекемдөө меморандумуна кол коюшту.

Кытайга төө буурчак экспорттоодогу фитосанитардык талаптар, бул өлкөгө экспорттолуучу жуулган жүнгө жана кашемирге, тоок этине инспекциялык, карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протоколдор да кабыл алынды. Илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу, турак жай, шаар куруу жаатында кызматташууну чыңдоо жана илимдер академиялары ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү документтер да бар.

Сапар алдында Садыр Жапаров Кытайдын “Синхуа” маалымат агенттигине маек куруп, эки тараптуу алака соңку эки жылда бир кыйла динамикалуу мүнөздө жүргөнүн белгилеген. Ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун, Барскоон–Үч-Турпан–Ак-Суу унаа жолунун, кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” үчүнчү өткөрмө бекетинин ачылышын жана соода алакасынын активдүү өнүгүшүн экономикага олуттуу түрткү берүүчү жагдайлар катары атаган.

Кытайдын таасири

Бир катар эксперттер Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфратүзүмдүк долбоорду коштогон көптөгөн соода-логистикалык жана өндүрүштүк ишканалар түзүлүп жатканын, алар эң ириде Кытайдын кызыкчылыгында иштей турганын айтып жатышат.

Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу Бээжиндин Борбор Азиядагы саясаты чөлкөмдүн географиялык мүмкүнчүлүктөрүн тышкы соодада колдонууга жана Кыргызстан сыяктуу чектеш өлкөлөрдүн кен-байлыктарын иштетүүгө багытталган деп эсептейт. Кытайдын Бишкекке таасири улам артып баратканын белгилеген эксперт:

Шумкарбек Адилбек уулу
Шумкарбек Адилбек уулу

“Кечээ да президент өз интервьюсунда айтты. Ал “Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 20 млрд доллардан ашуун товар жүгүртүү болду” дейт. Товар жүгүртүү дегенде сөзсүз эле ошол 20 млрд доллардын баарын Кыргызстан алган жок да. Биз ошол Кытайда өндүрүлгөн товарларды алып чыгып, башка өлкөлөрго сатып, кошумча кирешебизди көрүп жатабыз. Эми, ушундай жагдай болуп жаткандан кийин, албетте, кытай ишкерлери дагы Кыргызстанда кандайдыр бир мүмкүнчүлүктү көрүшөт дагы, коңшу өлкө жакын болгондуктан, өз активдүүлүгүн бул жакта ишке ашырганга аракет кылат. Эгерде кандайдыр бир өлкөнүн бизнеси коңшулаш же башка бир өлкөгө активдүүлүгү болсо, сөзсүз түрдө бийлик ошол бизнести колдоо, коргоо максатында ал өлкөнүн бийлиги менен тыгыз мамиледе болууга же кандайдыр бир, саясийби же башкабы, таасир этүүгө сөзсүз аракет кылат. Ошондуктан, албетте, башка эксперттер, экономисттер баамдап жаткан нерсени дагы туура кабыл алыш керек. Акыркы убакытта, ооба, акчалай жардам, соода алакасы, инвестиция жагынан Кытайдын таасири өсүп баратат. Муну моюнга алыш керек”.

Жогорку Кеңештин депутаты, эл аралык комитетинин мүчөсү Эмил Токтошевдин айтымында, алдыдагы жылдарда Кытай менен мамиледе негизги орунду Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу баштаган инфраструктуралык долбоорлор ээлейт:

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

"Азыр бардыгыбыздын көңүлүбүздү буруп жаткан негизги долбоор – темир жол. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүсү 22 млрд доллардан ашты. Өкмөт “Беделди” ачкандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү дагы бир аз өстү".

Соңку жылдары дүйнөлүк экономикада алдыңкы орунду ээлеген Кытай менен алака кылууда прагматикалык мамиле кылууга чакыргандар да бар.

Венера Сайпидин
Венера Сайпидин

Кытайда бир нече жыл иштеп келген профессор Венера Сайпидин кыргыз бийлигин бул жаатта жети өлчөп, бир кечсү чечим кабыл алуусу зарыл дейт:

"Биз сыяктуу тарыхый тагдыры өзгөчө, географиялык жайгашкан жери өзгөчө мамлекеттер бүгүн геосаясий акыбал аябай динамикалуу өнүгүп, ушундай бир курч нерселер пайда болуп жатканда аябай кылдат болушубуз керек. Кандайдыр бир саясий чечимдерди кабыл алганда же экономикалык келишимдерди түзгөндө дагы өтө кылдаттыкты талап кылат. Ошондуктан, чечимдерди чектелген чөйрө, бир-эки адам эмес, талкууга салып, мамлекеттик институттардын ортосунда талкууга алып, анан чыгарыш керек”.

Учурда дүйнөдө табигый ресурстар үчүн күрөш жүрүп жатканы баарыбызга тең эле маалым. Кытайдын Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын табигый ресурстарына кызыгуусу чоң экени да жашыруун эмес. Бул кыргыз коомунда кандайдыр бир деңгээлде чочулоону да жаратат. БУУнун "Жаңы Жибек Жолу" программасынын аткаруучу директору Рафис Абазовго мындай шартта кыргыз бийлигинин аракети кандай болушу керек деген суроо узаттык:

Рафис Абазов
Рафис Абазов

"Кытайдын экономикасы динамикалуу түрдө өнүгүп баратат. Кытай тууралуу сөз кылганда, адатта, чоң коңшубуздун кечээкисин, алтургай ага чейинкисин элестетебиз. Бирок Кытай өтө тез ыргакта өнүгүп баратат. Бир жылда эле Бээжин экономикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасарын эстен чыгарбайлы. Соңку бир нече жылда экономикадагы өнүгүү 7-8% жетип, эки эселеп алгалап баратат. Андыктан Кытай Борбор Азиянын өлкөлөрүндө гана эмес, Азияда, Африкада, Жакынкы Чыгышта табигый ресурстарга жигердүүлүк менен жол издеп жатат. Бул жерде белгилей кетчү нерсе - Кыргызстан глобалдык жараянга, өнөктөш издеген чоң чынжырга кирет. Сүйлөшүүлөрдө кыска бир мөөнөткө инвестор тартып, капитал топтоого азгырылбай, келечекке кең карап, улуттук кызыкчылыктарды алдыга сүрөө зарыл".

Кыргызстандын келечектеги узак мөөнөттүк кызыкчылыктарын ушинтип гана коргоп, калк арасында ишеним жаратуу керек. Калың эл, тескерисинче, өлкөдө эмне болуп жатканына кош көңүл болбой, шайлоо, маалымат каражаттары аркылуу бул жараянга катышып, Кытай менен сүйлөшүүлөрдө ким болбосун - чоң, чакан ишкерлерге, мамлекеттик аткаминерлерге улуттук кызыкчылыктарды коргоону эсине салып туруу керек. Ошол эле маалда Кытай менен соода-сатык жүргүзүү өлкө үчүн пайдалуу экенин, иш орундары түзүлуп, капитал көбөйүп, жаңы технология келип, жаштар билим алып жатканын да аңдашыбыз абзел.

Кыргыз өкмөтү азыркы кезде 2026-2030-жылдарга карата жаңы программасын даярдап жатат. Өкмөт жетекчилери ал программада темир өндүрүшү боюнча чоң пландар бар экенин, алар Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна тыгыз байланыштуу болорун белгилеп келет.

Кызыл-Омполдогу ири титаномагнетит кенин биргелешип иштетүү боюнча да Кытайдагы ири компания менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Муну менен катар, соңку жылдары Кыргызстанда билим берүү жана маданият жаатындагы кытай программалары да көбөйүүдө.

Жаңы жылдагы биринчи сапар, биринчи конок

Бул Жапаровдун быйылкы жылдагы алгачкы чет өлкөлүк сапары. Сапар мамлекеттик деген макамда өтүп жатат.

Президент жана аны коштогон расмий делегация, жубайы Айгүл Жапарова Кытайда 7-февралга чейин болушат. Бир катар жолугушуулар, жыйындар өтүүдө.

Кыргызстандын расмий делегациясын Бээжинге Кытай лидери чакырган.

Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова, Си Цзинпин жана жубайы Пэн Лиюан.
Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова, Си Цзинпин жана жубайы Пэн Лиюан.

Тосуп алуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Си Цзинпин Кытайда салт боюнча ай календарынын биринчи айы майрам деп эсептелерин, Садыр Жапаров Жаз майрамында кабыл алынып отурган биринчи чет элдик лидер экенин айтты.

2023-жылдын май айында “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына” кол коюлган.

Шерине

XS
SM
MD
LG